БИРИНЧИ КАДР

Камера! Мотор! Баштадык!.. “Айтыш” киностудиясынын жарым жылдык талыкпас эмгегинин натыйжасы көрүү­чү­лөрдүн назарына “Биринчи кадр” деп аталган 1 сааттык кинотасма болуп сунулуп отурат. Фильм ичиндеги фильм тууралуу баяндаган бул окуяда бүгүнкү турмуш, өзүбүздүн эле жашообуздан алынган бир күн чагылдырылат. Ошол себептенби, айтор, “Биринчи кадр” комедия жанрында тартылган. Фильмден өзүнүн кемчилигин көрүп, өзүнө-өзү күлө билгендер үчүн тасма 28-апрелден 6-майга чейин борборубуздагы “Ала-Тоо” кинотеатрында көр­сө­түл­мөкчү.
Режиссёру Садык Шер-Нияз
Сценарийин жазгандар Садык Шер-Нияз, Марат Алыкулов
КомпозиторуЭрнест Абдыжапаров
Ролдордо: Марат Жантелиев, Эгемберди Чалабаев, Акылбек Мураталиев, Айнура Тургумбаева, Аскат Сулайманов

ТАСМА ТАРЖЫМАЛЫ
“Биринчи кадр” – 2006-жылы түзүлгөн “Айтыш” киностудиясынын мыкты ири долбоорлорунун бири. Буга чейин студия көптөгөн эл аралык сыйлыктарга ээ болгон “Парз” кыска метраждуу фильмин, саясатка кайрылуу катары даярдалган “Гүл” деп аталган 4 мүнөттүк анимациялык фильмди жараткан.
“Биринчи кадрдын” идеясы так ошол акжолтой “Парз” фильминен пайда болгон. Тагыраак айтканда, фильмдин режиссёру Садык Шер-Нияз “Парз” тартылып жаткан учурда кино тартуу процессин четтен байкап отуруп, бул иштин кандай оор экенин, канчалаган тоскоолдуктарга учурап, эмне деген сыноолордон өтөө­рүн ойлоп, “эмнеге ушул процесс жөнүндө тасма тартсак болбойт?” деп дароо кийинки долбоордун сценарийин жазып баштаган.
Курч тамсил менен жазылган “Биринчи кадрдын” сценарийиндеги ойго келбеген күлкүлүү окуялардын баары турмуштан алынган. Паракор “МАИчилер”, куру сенсацияга мас болгон журналисттер, өз кызматын так аткара албаган врачтар, атактуулукту гана самаган чыгармачыл адамдар... Бул каармандарды авторлор ойдон чыгарышкан эмес, жөн гана турмуштан алып, образдарын кагаз бетине түшү­рүп, анан киноплёнкада чагылдырып коюшкан. Балким, ошол каармандардын арасынан сиз да таанышыңызды же өзү­ңүздү таанып жүр­бө­ңүз?!.

КЫСКАЧА МАЗМУНУ
Комедиянын башкы каармандары – өтө “капризный” режиссёр жана абдан шамдагай директор баш болгон фильм тартуучу топ. Эл аралык атак-даңкка, байлыкка жетүүнү кыялданган режиссёр сценарийи боюнча баңгизат ташыган контрабандисттер жөнүн­дөгү “Тагдыр” деп аталган тасманы тартууну чечет да, таң эрте тобун чогултуп, шаардын четин көздөй жөнөйт. Белгиленген жерге келээр замат ишти баштоону чечишет. Тартуучу топ даяр. Актёрлор даяр. Биринчи кадр, биринчи дубль. Режиссёр команда берүүдө: “Камера! Мотор! Баштадык!.. Стоп!” Мына деп баштаганда эшек минген чал камераны тосуп калат. Режиссёр кыжыры келип: “Дагы бир жолу тартабыз! Камера! Мотор! Баштадык!.. Стоп!” Экинчи дубль да ишке ашпай калат – алда-кайдан бир үйүр кой келип, жолду тороп калат. “Айдагыла! Мотор! Баштадык!.. Стоп!” Бул жолкусунда кеч кирип бараткандыктан, тартуучу топко тоскоол болгондор бададан түшүп келаткан уйлар болот. А төртүнчүсүндө оператор камерага плёнка салууну унутуп коёт!
Ошентип отуруп, биринчи эле кадр үчүн бир нече дубль тартууга туура келет. Салт боюнча биринчи кадр даяр болгон кезде камеранын штативине тарелка сындырыш керек эле. Бирок, киночулар антүүгө жетишпей калышат. Анткени, чыныгы оорчулуктар али алдыда. Баңгизат ташыгандарды кармоо үчүн милиция менен маскачан ОМОНдор келип калышат. Актёрлор менен тартуучу топту мыйзам бузуучулар деп түрмөгө алып кетишсе, жүрөгү кармаган байкуш режиссёрду ооруканага салып кетишет. Жолдун боюнда жалгыз камера гана калат... Бирок, акыры бул окуя ийгиликтүү аяктайт. Киночулар сурак, ОМОНдор дегендерден кутулуп чыгышып, биринчи кадрды “ийгиликтүү” тарткандары үчүн тарелка сындырып, чоң ишин улантышат.

КЫЗЫКТУУ...

  • “Биринчи кадр” да “Парз” фильми тартылган жерлерде тартылганын ар бир көрүүчү байкай алат.
  • Съёмкалар алгач Кант шаарында өтүп жаткан. Күтүлбөгөн жерден кар жаап, аба ырайы бузулган үчүн кээ бир эпизоддор Балыкчыда тартылган.
  • Фильмде прокурор журналисттерге интервью берип жаткан учурда жардамчысына “ай, кач!” деп кыйкырганы жана ушул сыяктуу майда, бирок, кызыктуу фразалар сценарийде жазылбаса да, тасмага абдан жарашып калган.
  • Фильмдин бюджети орто эсеп менен 1 миллион сомдон ашат. Бул албетте, студиянын жана “Айтыш” коомдук фондунун кассасынан чыккан акча.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан