Нурлан Насип: «ҮЙДӨ ЭЧ КИМ ЖОКТО ЫЙЛАП АЛАМ»

“Жаным” деген ыр радио түйүндөрүнөн жаңыра баштаганда көпчүлүк “бул жигиттин өңүн көрсөк болот эле, кандай жигит болду экен?” деп чыдамсыздык менен күтүшкөн. Анан тез эле аталган ырдын клиби чыкты. Ыр дегенде үстөмөндөн түшкөн Нурлан Насип, ошентип, ыр ышкыбоздорунун жан дүйнөсүнөн орун алды.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК АНСАМБЛЬ
Нурлан Насип 1990-жылы Токтогул районундагы Терек-Суу айылында туулган. Беш бир туугандын төртүнчүсү. Ата-энеси азыр кичүү карындашы менен айылда турушат. Алар “бизди эми ким багат? Кичүү балабыз минтип ырчы болуп Бишкекте жүрөт” деп көп жолу сөз кылышкан. Нурлан болсо “мен баккандан качпайм” деп ата-энесинин көңүлүн жайгарып келет. Баласынын таланттуу экенин билген ата-эне ырчыны айылга, өздөрүнүн жанына алышкан эмес. Нурландын үй-бүлөсүндө апасынан башкасынын баары музыкага жакын. Атасы аккордеон, эжеси комуз, байкеси гитарада ойнойт, карындашы ырдайт. А Нурлан болсо бир нече аспапта ойной да, ырдай да алат.

МҮНӨЗҮ
Мүнөзү ар кандай. Маанайы жокто орой. Бирок өтө ак көңүл. Достору каякка жүрү дебесин, кете берет. Мунун зыянын көп тартат. Анткени Нурлан “бир жакка барып келели десе, ошол эле достору ар кайсыны шылтоолоп барбай коюшат. Ага деле кек сактабайт. Өзүнө унутчаактыгы, уйкучулугу жакпайт.

ЫЙ ЖАНА КҮЛКҮ
Нурлан досторунун ичинен эң эле күлкүчүсү. “Тамашоучулардын” таймашын калтырбай көрөт да, боору эзилгенче күлөт. Качан ыйлайт? Үйдө эч ким жокто. Ызакор болгондуктан, пикир келишпестиктер болуп кетсе, жумушу оңунан чыкпаса, бирөө ызалантса жан дүйнөсүндө кандайдыр бир кыйноо пайда болот. Анан "көкүрөгүмө бук, көзүмө жаш толгондо ыйлай баштайм. Бирок бул көз жашты бирөөнүн көрүшүн каалабайм" дейт ырчы.

ЖАМБАШТАП ЖАТСАҢ СОНУН ДА...
Нурлан ичимдиксиз эс алат. Анткени буга чейин беш маал намаз окуган такыбаа жигит болчу. 7-классында орозо кармаган. Кечки намаз окулчу маалда достору менен мечитке барып даават угуп жүрүп катуу таасирленип, беш маал намаз окуп, башына топу кийип калган. Анын баарын борборго келгенде таштап койгон. “Намаз окуп, дин жолунда жүрүп, борборго келгенде бузулдум” дейт ырчы жигит. Ошондон улам балдар болуп кафеде же башка той-топурда жолукканда колуна ичимдик кармагандан алыс. Бирок ичкендерден кем калышпай гитара чертип, ырдап шаңдуу отурат. Күндүз сейил бактарга барып, достору менен сырдашып, кыздарга тийишип... Эң жакын сырдаш досу - ырчы Аваз Акимов. Аны менен Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында төрт жыл бир группада окуган.

АШКАНАДА
Жатаканада жашагандыктан, тамак жасаганды дурус эле билет. Укмуш даамдуу жасабаса да, жеңил тамактарды заматта даяр кылууга эптүү.
Студент кезде анча-мынча тойлордо ырдап калчу. Тойдон түшкөн акча, ата-энеси салган акча болуп отуруп, тамак-аштан өксү болчу эмес. Суюк тамакка караганда манты, куурулган картошка, оромо сыяктууларды жакшы көрөт. “Аял алсам, күн алыс манты түйдүрөм” деген ички кыялы дайыма жадымында.

АДАМДЫН КӨРКҮ ЧҮПҮРӨК
Мода кубалабайт. Көбүнчө “Дордой” базарынан кийинет. Кийимди Нурсултан деген бөлөсү тандап берчү. Ал жакында эле Орусияга кеткендиктен, кийим аларда кимди ээрчитерин билбей баш катырат. Арзан, кымбатына эмес, жарашыгына карайт. Бишкекке жаңы келгенде “түшпөйсүзбү, кичине арзан берсеңиз эмне болот? Тигил жакта мынчадан экен го” деп аябай соодалашчу. Азыр аты тааныла баштагандан бери соодалашуудан уялып калды.

"МАГА СҮЙҮҮ КЕЛЕ ЭЛЕК"
– Жоопсуз сүйүүгө кабылдың беле?
– 8-класста бир кыз мени тоготпой койгон. Ал менден бир жаш кичүү болчу. Жакшы көрүнөйүн деп күнүгө ар башка көйнөк кийип жасанып, кечинде үйүнө барам. Көп учурда кыздын үйүнүн жанынан классташтарым менен жолугуп калам. Башында байкабаптырмын, көрсө, аны менден башка да балдар жакшы көрүшчү экен. Ошону билип калганда бирөө тартып албасын деп шашып, сүйүүмдү билдирдим. Ал жооп бербей койгон. Андан бери бирөөнү жактырып көрө элекмин.
– Класста тың, жакшы окуган 1-2 бала же кыз болот. Аны классташтарынын көбү жакшы көрөт. Мындай көрүнүш бардык эле жерде болсо керек. Сен мектепте кайсы топко кирчү элең?
– 5-класска чейин жалаң бешке окуп, класском болдум. Андан кийин начарладым, динге берилдим. Ошого карабай көп кыздын сүйүктүүсү болуп жүрдүм.
Динге берилип жүргөндөгү бир окуяны айтып берейинчи. Сабакка кирбей, намаз окулчу маалда айылды жаңырта микрофон менен мечитте азан чакырганды адат кылып алгам. Сабак башталганда мугалим фамилия менен окуучуларды жоктойт эмеспи. Бир жолу эжеке менин фамилиямды атайт, анда бир бала “эже, азан чакырып жаткан ушул бала” дептир. Эртеси мектепке барсам, мугалим “сен молдо бол же сабак оку” деп урушкан.
– Улуу муундагы акындар, обончулар ырдын текстин, обонун сатып алгандан качышып, жеңил-желпи ырларды өздөрү жазышат дейт. Буга кошуласыңбы?
– Кошулбайм. Анткени азыркы ырлардын баары эле жеңил-желпи эмес.
Бизде эптеп эле ыр жаратуу максат эмес. Маанилүү, угумдуу ыр жараткыбыз келет. Жакында болуп өткөн окуяларга карата “Кыргызстан” деген ыр жараттым. Мунун сөзү да, обону да мага таандык. Текстин Кыялбек Урманбетов деген акын агайыбызга текшертип алайын деп жатам.
– Продюсериң милдетин кандай аткарып жатат, ортоңордо келишим барбы?
– Ортодо эч кандай келишим жок. Канат Кадыржан экөөбүз эркекче кол алышып эле иштеп жатабыз. Ал өтө деле катуу адам эмес. Бир нерсе жасаарда мен оюмду, ал оюн айтат, анан ортодон бир бүтүм чыгарабыз. Канаттын телефон чалганда эч качан жооп бербегени жакпайт. Керек убакта чала берип, нервим чыңалып чыгат. Атайын албайбы, билбейм. “Эмне алган жоксуң?” десем, “укпай калыптырмын” дей берет. 2-сентябрь Канаттын туулган күнү болчу. Учурдан пайдаланып, туулган күнү менен куттуктайм. Ага бардык жакшылыктарды каалап кетмекчимин.
– Ырчы кыздардын жана жигиттердин арасынан кимди сулуу, келбеттүү деп ойлойсуң?
– Кыздардан Кундуз Канатбек кызын сулуу деп эсептейм. Ал сахна үчүн жаралгандай. Жигиттерден Мирбек Атабеков го... Бирок Мирбекти айрымдар жактырса, кээ бирөөлөр “аябай арык” дешет. Мен, негизи, жигиттерге жакшы баа бере албайт экем.
– Чыгармачылыкта кимге карап түздө­нөсүң?
– Бир адамды эле карай бербейм. Мисалы, Атабековдун, Садыралиевдин ырдагандары жагат. Абдыразаковдун жараткан ырларына суктанам. Мына ушул жигиттерден үлгү алсам дейм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
meerime
2010-09-04 17:47:51
Nurlandyn yilap algany jakty..negizi adam yilap bugun chygaryp alsa jakshy..
+1
elzar
2010-10-29 23:09:00
Мен дагы эч ким жокто ыйлайм.
0
Lunatena
2010-11-10 13:30:46
ууууу менда
0
arzuu1
2011-09-24 02:45:42
Нурлан эн жакшы ырчылардын катарына кирет, таланттуу ырчы. Онорун оркундой берсин, маанилуу ырларды жарата бер!
0
Kara4a4
2012-05-19 14:46:23
Мага Нурлан Насиптин баардык ырлары жагат,уккан сайын уккун келет
0
bopos
2013-03-11 17:58:09
хе-хе Жеки Чанга окшош болуп калыптыр акыркы суротундо.
0
№ 409, 3-9-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан