Мьянма өлкөсүнүн (Бирма) Кая, Шан жана Карен штаттарында падаунг (каян лахви, каян) эли жашайт. Каяндар андан тышкары Таиландда кездешет. Жалпы саны – 130 миң адамды түзөт. Каян тилинде сүйлөшөт. Аталган элдин аялдары дүйнөгө узун моюндуу аялдар катары таанымал. Анткени алар кичинесинен тартып моюндарына шакек тагынып жүрүшөт. Тагыраак айтканда, жоондугу 1 сантиметрдей келген латун зымды моюндарына спиралдай кылып ороп алып жүрүшөт. Анын бийиктиги картаң аялдарда 30 сантиметрге чейин жетүүсү мүмкүн. Зымдын оордугунан акырек жана көкүрөк клеткалары бузулат да, моюн узарат.
Мисалы, 57 жаштагы Му Шант Панпет кыштагында туулган. Моюндагы шакекти 8 жашынан тартып тагынып келет. Учурда шакектин салмагы 7 килограммдай.
Жаш кыздардын моюнуна андай шакекти ороо мөөнөтүн кыштактын шаманы чечет. Алгач зым моюнга 8-10 ирет имерилтип оролот. Анан ар бир 3 жылда зым жаңыртылып оролот, оромдордун саны да көбөйүп жүрүп отурат. Ошентип аялдар моюнундагы шакек менен укташат жана иштешет. Эч убакта алышпайт. Мындай шакекти тагынып калуу жөрөлгөсү уламышка барып такалат.
Уламыш боюнча илгери деңизде аял ажыдаар жашаптыр. Ал адамдарды көргүсү келчү экен. Ал суудан чыгып, бакадан “адамды кайдан табууга болот?” деп сурайт. Бака токойдогу үңкүрдү көрсөтөт. Үңкүргө кирип үйдүн чачылганын көрүп сулуу кызга айланат да, үйдү жыйнай баштайт. Кечинде эркек келип, үйдүн жыйналганын жана сулуу кызды көрөт. Ошентип чогуу жашап калышат. Бир күнү күйөөсү аялынын көлөкөсү ажыдаарга окшош экенин көрөт. Ал кош бойлуу аялын таштап кетип калат. Аял үңкүрдөн кетип кумга 2 жумуртка таштап, деңизге кирип кетет. Ошол жумурткалардан каяндар жаралыптыр. Каян аялдары түпкү энесинин урматы үчүн моюндарына латун шакекти тагынып калышкан. Шакек жылтырап, ажыдаардын кабырчыктарын элестетет.
Канымжан Усупбекова