ЖҮРӨКТҮН ИНФАРКТЫ – ӨМҮРГӨ КОРКУНУЧ ТУУДУРГАН ДАРТ

Терс кылык-жоруктары менен кейиткен адамга “бул түрүң менен инфарктка жеткиресиң го...” деген сөз бекеринен айтылбайт. Анткени инфаркттын келип чыгышына көбүнчө стресс, туура эмес тамактануу, ичкилик ичүү, тамеки тартуу сыяктуулар себепкер болот. Инфаркт тууралуу кененирээк маалыматты Улуттук кардиология жана терапия борборунун илимий кызматкери, кардиолог Бакыт Иманов айтып бермекчи.

БААРЫ КАНДЫН ЖЕТПЕЙ КАЛГАНЫНАН БАШТАЛАТ
– Кыргызда жүрөктүн инфаркты деп жөнөкөйлөтүлүп айтылып келген сөз бар. Бул, чынында, медицинанын тилинде миокарддын инфаркты деп аталат. Эми бул сөздү чечмелейли. Миокард – жүрөктүн булчуңу. Инфаркт – артериалдык кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлүп калышынан улам (атеросклероз оорусу) жүрөктүн андан аркы бөлүгү кан менен жабдылбай, өлө башташы.
Демек, миокарддын инфаркты – жүрөктүн булчуңунун бир бөлүгүнүн кан жетпей калгандан улам өлө башташы. Ал эми кан өзү менен кошо кычкылтекти, керектүү азык-заттарды кошо ташыгандыктан, кан жетпей калууну кычкылтек да, керектүү заттар да жетпей калды деп түшүнсөк болот.

ООРУНУН БАШКЫ КҮНӨӨКӨРҮ – АТЕРОСКЛЕРОЗ
– Атеросклероз – жүрөккө кан ташыган артериалдык кан тамырдын биринин май түйдөкчөлөрү менен бүтөлүп, кандын өтпөй калышы.
Май түйдөкчөлөрү деген эмне? Биздин тамак-аштар витаминдерден, белок, май жана башкалардан турары анык. Эгер биз малдын майын, семиз эттерди, майлуу тамактарды көп колдонсок, анда кандын курамында май да көп болот. Ал майлар (липиддер) кан менен кошо кан тамырда жылып жүрүп, анан жүрөккө кан ташыган артериянын бир жерине жабышып же токтоп калышы мүмкүн. Ага башка липиддер жабышып, чогула берет да, май түйдөкчөсү (бляшки) пайда болот. Май түйдөкчөсү чоңойгон сайын кан тамыр кысылып, кан аздан өтүп калат. Акырында таптакыр кан өтпөй калат да, кан барбаган бөлүк өлө баштайт. Эгер май түйдөкчөсү турган жер күч келүүдөн улам жарылса, анда ал жерде кан уюу (тромб) күтүлөт. Уюган кан өзүнө кандын курамындагы тромбоциттерди магниттей тартып, ал жер улам чоңоюп, акыры кан тамырды бүтөп калат. Кан жетпей калган жүрөктүн булчуңунун бөлүгүнүн ткандары өлө баштайт. Бул миокарддын инфаркты (некроз) деп аталат. Мындай учурда оорулууга 3-6 саат аралыгында жардам берилбесе, анда адам каза табышы мүмкүн.

МИОКАРДДЫН ИНФАРКТЫНЫН БӨЛҮНҮШҮ
– Жүрөктүн булчуңунун кан жетпей калган бөлүгүнүн чоң же кичине экендигине жараша чоң жана кичине очоктуу инфаркт деп бөлү­нөт.
Кичине очоктуу инфарктты дарылоо оңою­раак. Ал эми чоң очоктуусун айыктырып, дарылоо кыйынга жана узакка турат. Инфарктка учураган жерде кандай болбосун тырык (калыңдоо же ткандардын жукарып кетүүсү), анан так калат. Бул өмүр бою кетпей калчу нерсе. Демек, ткандары өлгөн бөлүктүн милдетин аткаруу башка бөлүктөргө жүктөлгөндө жүрөк кыйналат. Ошондо адам жүрөккө жардам берүү үчүн өмүр бою үзбөй дары ичип жүрүшү зарыл болот.
Чоң очоктуу инфарктта кээ бирде жүрөктүн булчуңунун өлгөн бөлүгү басымга туруштук бере албай, айрылып кетиши мүмкүн. Мында кан жүрөктүн баштыкчасына куюла баштайт. Ушундан улам жүрөктүн иштеши ого бетер начарлайт. Эгер шашылыш жардам берилип, операция жасалбаса, анда адам өмүрү менен коштошот.

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ
– Жүрөктүн кагышы ылдамдап, жүрөк сайгылашып, кысылып, көкүрөк ысып чыгат. Адамды кара тер басып, кыймылдоо кыйынга туруп, өлүм коркунучу элестелет. Оорутуу колго, жаактын ылдыйкы бөлүгүнө, ич тарапка да берилет. Тери кубарып, кусуунун келип чыгышы да ыктымал.

ДАРЫЛОО
– Адамда оору белгилери билинер замат шашылыш түрдө “Тез жардам” чакыруу зарыл. Врачтар оорулууну реанимацияга которушат. Оору кармаган алгачкы сааттарда атайын аппараттар менен дары-дармекти колдонуп, кан тамырдагы уюган канды эритип жиберүүгө болот. Уюган кан эрип кетсе, артериядагы кандын жүрүшү калыпка келет. Ушул эле учурда кандын кайрадан уюй башташынын алдын алып, атайын дарыларды куюшат. Таң калычтуусу – кадимки эле аспирин да колдонулгандыгы. Ал канды суюлтуп, кандын уюшуна бөгөт коёт.
Дарылоодо май түйдөкчөсүнөн улам бүтөлгөн кан тамыр калыбына келе албайт. Андыктан оорунун кайрадан кармашы күтүлөт. Мындайда артериянын бүтөлгөн жерин калыпка келтирүү керек болот. Бул үчүн ангиопластика жасалат. Ангиопластика – кан тамырдын май түйдөкчөлөрү менен бүтөлгөн жерине тирөөч (стент) коюу. Тирөөч кан тамырды калыпта кармап турат.
Эгер ангиопластика жасоого мүмкүнчүлүк болбосо (май түйдөкчөлөрү чоң же алар тамырды узатасынан жаап калса), анда аорта-коронардык шунт коюлат. Бул – кан тамырдын ошол жарабай калган бөлүгүн шунт менен алмаштыруу. Тагыраак айтканда, шунт – артериянын керектен чыккан бөлүгүнүн ордун алмаштырчу жасалма кан тамыр.

КАЙСЫ УЧУРДА ООРУГА КАБЫЛУУ КОРКУНУЧУ ЧОҢ?
– Төмөнкү шарттарда жана ооруларда миокарддын инфарктына кабылуу коркунучу чоң:

  • Тукум куучулук (үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири стенокардия, мээнин инсульту, инфаркт менен ооруса);
  • Канда холестериндин өлчөмү көп болсо;
  • Тамеки тартуу;
  • Семиздик жана кыймылдын аздыгы;
  • Кант диабети.

Демек, атеросклерозго көбүнчө семиз адамдар кабылат да, аларда миокарддын инфарктына кабылуу коркунучу чоң болот.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

  • Майлуу тамакты аз, ал эми жашылча-жемиштерди көп колдонуу;
  • Малдын майын колдон келсе, колдонбой коюу;
  • Кан басым оорусу бар болсо, убагында дарыланып туруу;
  • Кант диабети барлар кандагы канттын өлчөмүн көзөмөлдөтүп туруусу;
  • Семиздер арыктоого аракеттенүүлөрү керек;
  • Жок дегенде эки күндө бир 40 мүнөт чуркоо же анын ордун тез басуу менен алмаштыруу;
  • Тамекини таштоо.

«ИШ ТАЖРЫЙБАМДАГЫ ОКУЯЛАР»

  • “Бизге 10-июнда жалал-абаддык жигит келип түштү. Жашы 34тө, үй-бүлөлүү экен. Текшерип көрсөк, чоң очоктуу миокарддын инфарктына кабылыптыр (жүрөк булчуңунун 60 пайыздай бөлүгү өлгөн). Ооруга кабылуусуна апрель окуялары себепкер болгон. Мурун кан басым оорусунан жапа чеккен ага стресс, физикалык жактан жабыр тартуу кошумча болуп, инфарктка учураптыр. Бирок өкүнүчтүүсү – ал биздин борборго ооруга кабылгандан 1 айдан кийин кайрылганы.

Убагында түз эле биздин борборго кайрылса, оорусу мынчалык тереңдеп кетпейт эле”.

  • “Өткөндө дагы бир 30 жаштагы жигит түштү. Оорусунун өнүгүүсүнө тамеки тартуу, ичкилик ичүү, тамактарды ылгабай жеши себеп болгон. Дагы жакшы, кичине очоктуу инфарктка кабылып, биздин борборго дароо кайрылган. Дарыланып чыгып кетти. Эгер ал жигит жаман адаттарын таштабаса, оорунун кайрадан кармоо коркунучу бар. Муну өзүнө да айтып түшүндүрдүк”.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан