Аксыдагы окуя: КЛАССТАШЫН САБАГАН ОКУУЧУЛАРДЫН ИШИ СОТКО ӨТӨТ

Жакында интернет желесине топтошкон мектеп окуучулары өздөрү курактуу бир баланы бүтө элек курулуштун ичине киргизип алып сабап жатканы тартылган видео тарады. Окуя Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим айылында болгон. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, күнөөлүү тарапты катуу жазалоо талаптары айтылууда.

ОКУЯНЫ ДАРЫГЕР КАБАРЛАГАН

Аксы районуна караштуу Авлетим айылындагы Асанбек Кабаев атындагы мектепте болгон бул окуя боюнча Жалал-Абад ОИИББинин маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев мындай маалымат берди:

– 2020-жылдын 7-февраль күнү Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери чалып, Авлетим айылынын 2004-жылы туулган Т.М. аттуу тургуну денесинен жараат алып ооруканага түшкөндүгүн кабарлаган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “бейбаштык” беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылып, соттук медициналык экспертиза дайындалган. Учурда иш сотко өтүү алдында турат.

ЧЫРДЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Расмий маалыматка таянсак, окуя 2020-жылдын 6-февралында 13:30 чамасында болгон. Авлетим айылындагы №5 Асанбек Кабаев орто мектебинин жанында курулуп жаткан спорт залдын ичинде 9-класста окуган 6 окуучу бир классташын "чоң балдарга кошулбай биз менен жүр" деп ур-токмокко алышкан. Окуядан кийин сабалган окуучунун апасы Аксы РИИБине арыз менен кайрылат. Териштирүү учурунда Аксы райондук прокуратурасынын кызматкерлери окуя болгон жерге барып, окуяга тиешелүү бардык шектүүлөрдүн аты-жөнү аныкталат. Алар ата-энелери менен чогуу социалдык педагогдордун катышуусунда суракка алынып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Бул арада жабырлануучу окуучунун апасы О.З. эч кимге доосу жок экенин айтып, тосмо арыз жазат. Бирок Жазык кодексинин 266-беренесинин (бейбаштык) негизинде тосмо арыз канааттандырылган эмеc. Себебин милиция кызматынан “окуяга бир топ бала катышкан, эгер кылмыш топ адамдар тарабынан жасалса эч кандай тосмо арыз кылмыш ишин токтото албайт. Иш сотко жиберилиши керек” деп түшүндүрүштү.

Жалал-Абад ОИИББи "таасирдүү адамдар ортого түшүп, ишти жаптырып салышкан" деп интернет желесине тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул иш эч кандай токтоп калган эмес. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккыча бул ишти жаап койду деп ойлоп алышып, ызы-чуу түшүп видеону жарыялап жиберишкен. Учурда соттук-медициналык экспертизанын корутундусу чыгып, иш ар тараптуу тергелип, соттун кароосуна жиберүү алдында турат” деп билдирди.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

Бул видео коомчулукка тарап, талкуу жаралгандан кийин гана сөз болуп жаткан мектептин директору Кененбай Шабданов кызматтан алынды. Билим берүү жана илим министрлиги муну “өзүнүн функционалдык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамиле жасап, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзгөн эмес” деп түшүндүрдү.

Кызматтан алынган директор Кененбай Шабданов окуучулар жана ата-энелер менен тыгыз иштешип келгенин айтат:

– Бул балдардын урушу 6-февралда мектеп убактысынан кийин болгон. 9-класстын окуучулары ушул эле класстын башка окуучусу менен уруша кетишкен. Бул окуядан кийин мектепте чоң жыйналыш болуп, балдардын ата-энелери менен жолугушуп сүйлөшүүлөр жүргөн. Ал эми сабалган бала кийинки аптадан тарта окууга келе баштаган. Окуучулардын ортосунда кайрадан уруш болбосун деп ынтымакка чакырып, тыгыз иш жүргүзүп жатканбыз. Көрсө, сабалган бала буга чейин өзүнүн классташтарын чоң балдарга сабатып коюптур. Анан классташтары “бизди сабатканың кандай, кел өзүбүзчө сүйлөшөлү, чоң балдарга кошулба” деп уруш чыккан. Социалдык педагогго бул жаатта тапшырмаларды берип эле келгем.

Мектепте өспүрүмдөр менен иштеше турган инспектор бар болгону менен, ал балдар менен тил табышып, алардын психологиясын аңдап-биле турган деңгээлде эмес. Кадр жетишпейт деп 3-4 мектепке бир инспектор дайындашат. Ал келип чогулуш өткөрүп турат. Бирок тыкыр иштешүү деген башка да.

12-мартта (видео интернетке тарап кеткенден кийин) директорлук кызматтан кеттим.

Буга чейин да Аксы районундагы бир мектепте ушундай окуя орун алган. Андан улам класс жетекчилер, социалдык педагог, баарыбыз көзөмөлдү күчөткөнбүз. Негизи байма-бай тарбиялык иштер жүргүзүлүп, класстык сааттар өтүлүп эле турат. Ата-энелер менен деле чогулуштарды өткөрүп келгенбиз. Буга чейин биздин мектепте мындай окуя болгон эмес.

Болуп кеткен балдардын урушунан улам мындай окуянын кайра кайталанышына жол бербейли деп, балдар менен иштешүүнү күчөтүп, мектепте окуучуларды өз ара ынтымакка үндөгөн класстар аралык спорттук иш-чараларды уюштуруп жатканбыз. Кеп кызматта эмес, мен кетсем ордума башка бирөө келет. Комиссия түзүлүп акты ак, караны кара деп чечим чыгарып берсе жакшы болот эле. Мурун да окуучулардын сабак убактысынан кийин болгон мушташуусунан райондук билим берүү башчысы, мектеп директору, завучу, бир катар билим берүү өкүлдөрү кызматынан алынган. Директорду же башкасын кызматтан алуу менен эле маселе чечилип калбайт.

“БАЛАМ ООРУКАНАДАН ЧЫККАНДАН КИЙИН ТОСМО АРЫЗ ЖАЗЫП БЕРГЕМ”

Сабалган баланын апасына байланышсак, буларды айтты:

– Учурда баламдын абалы жакшы. Ал күнү ооруканага алып бардым. Дарыгерлер дароо милиция чакырышты. Милиция кызматкерлери уулумду сабап жатканда тартылган видеону көрүштү. Ошондо эле арыз жаздым. Уулум ооруканада бир жума дарыланып чыкты. Баламдын өзүнөн улуу бир досу бар, көп учурда аны менен чогуу жүрөт. Кырсык болгон күнү балам мектептен чыгып келе жатса классташ балдары “ошол балага кошулбай жүр” деп, уруш ошондон чыгыптыр. Негизи анчалык сабабай сөз менен эле айтып коюшса болмок да. Балам ооруканадан чыккандан кийин “мейли эми, балалык кылып уруп коюшту” деп тосмо арыз жазып бергем. Анткени карап көрсөм, булар ушунча жылдан бери бирге окуган классташтар, анын үстүнө эртеңки келечеги бир балдар, моюндашып жүргөн теңтуштары. Бирок милиция менин тосмо арызымды кабыл алуудан баш тартып, ишти сотко чейин жеткиребиз дешти. Үйдө кичинекей балдарым бар, улам райондун борбору Кербенге бара берүүгө шартым да жок.

Өлкөдө кылмыштуулук азайып, жаман окуя башкаларга сабак болушу үчүн сөзсүз мыйзамдын талабы аткарылышы керек. Ансыз тартип болбойт. “Тууганбыз, доспуз, унчукпай эле коёлу” деп кыңыр иштерди жаап салуу – бул жакшылык кылуу эмес, тескерисинче, терс адатты жайылтууга салым кошуу экенин ар бир жаран түшүнүүгө тийиш.

Динара Акимова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Классташын сабаган окуучулардын иши сотко өтөт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
pero5184
2020-03-27 12:12:14
Азыртан ушундай бейбаштыкка барган балдардын келечегинен эмнени көрөбүз
+2
loshad
2020-04-09 09:42:11
Акмактар, таянгандары бар үчүн ушундай жолдорго барып атышат да
0
№ 907, 19-25-март, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан