Коронавирустан коргонуу: ҮЙ ШАРТЫНДА БЕТ КАП ТИГИП, АНТИСЕПТИК ДАЯРДАЙБЫЗ

Учурдагы эпидемиялык кырдаалга байланыштуу антисептик же санитайзер, бет кап, респиратор деген өңдүү сөздөр кыргыз коомчулугунун лексиконунда байма-бай колдонулуп баштады. Өлкөдө медициналык бет кап, вируска каршы каражаттар, антисептик тартыштыгы жаралып, көпчүлүк дарыканалардын сыртында “маска жок” деген кагаздар чапталып турат. Төмөндө коронавирустан коргонуу, ушул зарыл болгон каражаттарды колдо бар нерседен өз алдынча жасап алуунун жолдорун айтып беребиз.

БЕТ КАП

Бет кап тууралуу коомчулукта кайчы пикирлер бар. Айрым медицина кызматкерлери кадимки дарыканада сатылган же дакини каттап тигип алган бет каптар вирустан коргобойт, тескерисинче, вирус, бактериялар чогулган жайга айланат дешүүдө. Ал эми Европа өлкөлөрүндө жана коңшу Өзбекстанда көчөдө бет кабы жок жүргөн жарандар айыпка жыгылууда. COVID-19 катталган өлкөлөрдө калктын дээрлик бардыгы медициналык бет капчан жүрүшкөнүн көрүүгө болот. Кенедей кездеме электрондук микроскоптон араң көрүнгөн вирустан канчалык деңгээлде сактаары белгисиз, бирок бет капчан жүрүү демейкиге караганда, жок дегенде айланадагыларды дүрбөлөңгө түшүүдөн сактайт. Бет капты сөзсүз эле коронавирустан эмес, башка сасык тумоо же ОРВИ сыяктуу оорулардан сактануу үчүн деле тагынып жүрүү шарт.

КЕЗДЕМЕ ТАНДОО

Бет кап тиге турган кездеме адамдын дем алуусуна тоскоол болбошу керек. Азыр пахтадан токулган даки, бөз, штапель, чыт сыяктуу кездемелерден тигип жатышат. Медициналык стандарт боюнча кадимки дакиден тигилген бет кап 8 каттан кем эмес болуусу шарт дешет. Ал эми башка кездемеден тигилгендер дем алууга кыйындык жаратпагандай калыңдыкта, 3 каттан кем эмес болуусу керек. Төмөндө 2 түрдүү бет каптын тигилишин көрсөтөбүз.



ОҢОЙ ТИГИЛЧҮ БЕТ КАП

Кадимки дарыканадан алган бет кап кандай болсо, ошондой моделде тиксе деле болот. Ал үчүн даки же өзүңүз тандап алган кездеменин бир жагын 17 сантиметр, бир жагын 21 сантиметр кылып төрт бурчтук формасында кесип аласыз. Аны 3 же 4 каттап алып, 21 сантиметрлик тарабынын эки учуна ченелип кесилген резинаны кошо тигүү керек. Төрт бурчтук кездеменин бир тарабын ачык калтыруу абзел. Дал ошол жеринен масканы оодарып, ачык жерин бүтөп тигүү керек. Эми 21 сантиметрлик эки тарабын 3 жолу бүйрүп, тигебиз. Бет кап даяр, бүктөмдү эки бетинен үтүктөп алып колдоно берсе болот.

АНТИСЕПТИК ЖЕ САНИТАЙЗЕР

Антисептикти колдон келишинче териге зыяны тийбегидей, кургатып жибербегендей аралашмада жасоо кажет.

Бул ыкманы Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сунуштайт. Эгер үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны көп болсо, анда көбүрөөк өлчөмдө жасап алган оң. Төмөндөгү рецепт 1 литр үчүн.

Керектелүүчү каражаттар:

  • Этил спирти же кадимки спирт – 833,3 миллилитр
  • Суутектин кычкылы (перекись водорода) – 41,7 миллилитр
  • Глицерин – 14,5 миллилитр
  • Кайнап, муздатылган суу – 110 миллилитр
  • 1 литр өлчөмүндөгү идиш
  • Шприц
  • Чачыратма дозаторлуу бөтөлкөлөр
     

Даярдоо

Глицерин коюу болгондуктан аны кадимки шприц менен сордуруп алып жуулган 1 литрлик идишке куябыз. Мындан соң үстүнө суутектин кычкылын, этил спиртин жана сууну кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон антисептикти чачыратма дозатору бар идиштерге бөлүп куюп алып, үй-бүлө мүчөлөрүнө таратып бериңиз.

Спирт, суутектин кычкылы сыяктуу каражаттар колдун терисин кургатып, жыты кескин ачуу, жагымсыз эмеспи. Андыктан жытын жагымдуу кылыш үчүн эфир майларын кошсо да болот. Ал эми глицерин менен катар кол терисин жумшартуучу алоэ суюктугун да пайдаланса болот. Жогорудагы каражаттын баарын дарыканалардан табасыз.

Мындан тышкары көчөгө чыгар алдында мурундун айланасына оксолин майын сүйкөөнү унутпаңыз. Кайтып келериңиз менен сырт кийимди эшиктен чечип жайып, бети-колду самындап жууңуз. Үйдөн сууга тузду эритип, мурунга, тамакка жүгүртүп чайкап турууну да адатка айлантуу керек.
 

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Usow
2020-04-01 18:16:42
Чон рахмат
0
AiperiO
2020-04-04 21:12:27
Антисептикти даярдоодо 1л ге канча спирт, глицерин, суу, перекись кошот? Так жазсанар болмок, дозасын
0
Nur777
2020-04-07 15:12:52
AiperiO, жакшылап окусан,1 литрдин обьёмун жазыптыр го,833миллитр спирт дегенде эле тушунбойсунбу,1литр бул 1000мл дегенди тушундурот,демек 833миллитрин спирт тузсо калганын кошумча кошулмалар тузот,итого 1литрлик санитайзер даярдалып жатат))
0
LunaSun
2020-04-08 16:32:58
Супер качан обновления болот?
0
loshad
2020-04-09 09:50:44
Биз жасап алганбыз. Кудайым сактансаң сактайм деген. Абайлагыла калкым, кайдыгер карабагыла. Көбүнчөсү ишенбей жатышат. Каза болгондордун баарын эле башка оорудан өлүптүр деп угуп алып атышат. Бузулган телефондор көп
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-10 09:51:22
Биз жакта глицерин да жок калыптыр.
0
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан