КОРОНАВИРУС ТУУРАЛУУ ВАНГА МУРДА ЭЛЕ АЙТКАНБЫ?

Көзү ачыктардын айтканы келдиби? Коронавирус тууралуу Ванга 20-кылымда эле айтканбы? Эксперттер 2020-жылдагы бул вирус менен көзү ачыктардын алдын ала айткан божомолун салыштырып жаткан мезгил.

Болгариялык дүйнөгө белгилүү көзү ачык Ванга XX кылымда эле кандайдыр бир глобалдуу эпидемиялык инфекция тууралуу айткан. Ал XXI кылымдын биринчи чейрегиндеги сандар кайталанган жылы дүйнө жүзүн оор кырдаал күтөрүн, эски оору жанданып, миллиондогон адамдардын өмүрүн аларын, Чыгыштагы сары терилүү адамдар тарабынан оору тараарын, илдетти дарылоого каражат жок болорун айткан. Адистер ага каршы вакцинаны тез арада жасай албастыгын, дарылар эч кандай натыйжа бербестигин да белгилеген.

Орусиялык эксперттер 22.02.2020, 02.02.2020, 12.12.2020 кайталанган даталар экенин, “Ванга дал ушул коронавирус тууралуу айткан болуп жүрбөсүн?” деп божомолдошсо, иммунолог Марина Зуева: "Ванганын "эски оору" дегени – 2002-2003-жылдары буга окшош вирус орун алган, ошондой эле коронавирус да оору түрү катары 1965-жылы эле катталган",- деп белгилейт.

Бул жылдын февраль айы эки санынын кайталануусу астында өттү. Нумерология мындай кайталанган сандар жүз жылда бир болорун, кайталанган датада көп адамдардын жашоосунда глобалдуу өзгөрүү орун аларын айтат. Эксперттердин айтымында, мындай датада жаманга чекит коюлуп, жакшы нерсе башталат же жаман окуянын орун алышына жол ачылат. Андыктан кайталанган сандарды жөн өткөзүп жибербестен, багытын жакшыга буруп, план түзүү керек дешет.

Ал эми америкалык көзү ачык, гипнотерапевт Сильвия Браун 2008-жылы жарык көргөн “Жашоонун бүтүүсү: акыр заман тууралуу жоромолдор жана анын дал келүүсү” аттуу китебинде: “Болжолдуу 2020-жылы Жер шарына өпкөнүн пневмониясына окшош олуттуу оору жайылат. Илдет өпкөгө жана тамакка чабуул кылып, жөтөл менен коштолот. Медицинадагы белгилүү болгон ыкмаларды тоготпойт. Бирок бир убакытта оору бат пайда болгонундай эле тез жок болуп кетет. 10 жылдан кийин кайталанат да, ошону менен түп орду менен жоголот”,- деп жазган. Ал кезде бул китептеги айтылган сөздөргө маани берилбегени менен, коронавирус пандемиясы азыр бул китепке үңүлтүп жаткан учуру.

2020-жылга божомол кылган астролог Жанар Кадыралиев чычкан жылында Кыргызстанда эң кооптуу мезгилдер деп бир катар даталарды атаган. Алардын бири: 8-марттан 17-апрелге чейинки аралык болчу. Белгилүү болгондой, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам 18-мартта аныкталды.

Динара Акимова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
bekbolotabdirasulov
2020-03-30 11:46:30
койгула ээ болбогонле нерсени айта бербей.
кимде ким ошол ванга санга, марипат шарапатка ишенсе ал ширк кылды ыйманынан ажырады..
ещё гороскопко ишенгендер тоже.
ал жонле адам болгону озунун бизнесин кылыып , элди ишендиретда.документалдуу фильимин корсонор, бийлик менен ванга элди кантип алдаганын корсотот айтат.
бул ошол олкодогу бийликтинле шоусу, эч кандай сыйыкырчылык бакшылык жок тилеке каршы..
+13
Altyn10076
2020-03-30 15:27:25
bekbolotabdirasulov,Не анда оору ташып келип аткандарга ишенелиби элдин убал собуу кимге.
+3
bekbolotabdirasulov
2020-03-30 16:38:07
Altyn10076, умрадан келгендер алар ооруу ташып келген жок.
болгону озуунун зыяратын кылып келди, аларга жабышуунун кажети жок.
болгону моо вангага окшогон акмактарга ишенбоонуле жазгам.
тиги вирус менен лично менин ишим жок, буйурса баары жакшы болуп кетишине умуттонуп турам.
+1
tokur60
2020-04-11 11:18:26
bekbolotabdirasulov,с тобой без полезно спорит ты фанат, вокруг ничего не видишь. информационные агентство говорят, что заразились приехавшие с умры,
+1
tokur60
2020-04-11 10:39:15
bekbolotabdirasulov",ширк" деген кыргызда соз жок. Туура мааниси менен жазып уйронгуло. Факты болмоюнча эч нерсеге ишенбегиле
+1
buhaw.93
2020-03-30 12:32:06
Козу ачыктарга ишенбоо керек, харам!!!
+10
bekbolotabdirasulov
2020-03-30 16:38:18
buhaw.93,ооба
+5
Aimani
2020-03-30 13:16:55
17апрелге чейин токтоп калса сонун болот эле
+12
guli-1980
2020-03-30 16:02:55
Чыгыштагы сары терилуулор дейт го. Кытайлар сары терилуубу.
0
katerina.li
2020-03-30 17:05:02
guli-1980,дуйнодо уч раса бар. Кара,ак ,сары. Мектепте окудун белле??
+2
guli-1980
2020-04-03 05:56:03
katerina.li,сенин окубаганын белгилууго
-1
satyke
2020-04-04 06:28:04
guli-1980,Монголоид расасынын окулдору сары терилуу деп айтылат.
0
Hurem
2020-03-30 17:54:21
Силер элди кандай сындап жазасынар, биринчи озунордон баштагыла ошону
+4
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-31 08:32:54
Бир Алладан башка эч ким билбейт эртең не болоорун!
+4
MIRBOLOT
2020-03-31 08:51:36
Баарыбыз АЛЛАнын колундабыз. Бул сыноо. Адамгерчиликти, тазалыкты, боорукерликти, үй-бүлөөгө көңүл буруу деген нерселерди унутуп баратканбыз. Эми байлар кедейлерге кол сунуп, тазалык сакталып, үй-бүлөө менен чогуу жашоо, биримдик, ынтымак ж.б. жакшы нерселер жаңылана баштады го!
+6
Mekusi
2020-03-31 10:16:27
Бир глобалдуу проблема болсо анда Ванга айткан деп эле айтыша берет. Мен да айтып койойунчу: ушул айдын ичинде вирусту женебиз! Баары оз калыбына келет буйруса! Алла жакшы кунун насип этсин!
+2
Nadia68
2020-03-31 10:36:39
Аллах кудуреттуу мээримдуу
+4
pero5184
2020-03-31 19:10:01
Бул Көз ачыктар оозуна келгенин оттой берет.Бир Кудайга ишенүү керек.Марттан кийин апрель келет дегендей да.
+4
Artur_sfera
2020-04-02 13:43:24
Супер инфо ушул гороскоп дегениңерди алып салсаңар жакшы болот эле, бакшылардын жолун жолдобой,
-1
tyrgon
2020-04-04 00:53:10
Бир нерсе болсо эле ушул кемпир чыга калат тажатты уже
0
osor
2020-04-07 06:40:38
Админ? Жылдыз толгонун жаны аптасы кана? Или карантинге кирип кеттинерби? Анда сайттыда жапкылада
-2
admin_portal
2020-04-09 17:40:21
osor,ооба, гезит карантинде.
+1
Firdaus-Muslim
2020-04-11 13:32:18
Көзү ачыктыкка, сыйкырга, бакшыга, теңирчилерге ишенбегиле. Булар адашуучулар.
Эртеңки күндүн кандай болушун бир гана Кудай билет. Ванга санга теңирчилик болбогон жомок.
+1
jusup111
2020-04-12 08:13:22
Кыргыз элибизди ардайым АЛЛАХ колдоп келген .ИНШААЛАХ АЛЛАХ өзү колдойт ,баары жакшы болот.
+2
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан