Коронавирус пандемиясынан улам дүйнө боюнча учурда медициналык кызматкерлерге жекече коргонуу каражаттары: медициналык маска, респиратор, көз айнек, халат, фартуктар жетишсиз. Андай каражаттар менен тиешелүү деңгээлде жабдылбаган медициналык кызматкерлер өздөрү коркунучка кабылышууда жана COVID-19 вирусу менен ооруп калгандарга керектүү жардамды көрсөтө албай калышууда.
Дүйнө боюнча 1 айда медициналык кызматкерлерге керектелет:
2,3 миллион N 95 үлгүсүндөгү респиратор
89 миллион маска
30 миллион халат
1,59 миллион жуп атайын көз айнек
76 миллион кол кап
2,9 миллион литр кол үчүн антисептик
Динара Акимова
koom@super.kg