ПЕРИШТЕНИН КӨЗ ЖАШЫ (Мигранттын балдары, кичинесинен бири-бирин жоготуп алган наристелер тууралуу баян)

(Башы өткөн сандарда)

Кечинде атасы жумуштан келди. Өңү, көздөрү нурсуз болуп соолуп жаткан уулуна боору ооруп, тиктеп калды.

– Асия эртең кетет,- деди ал оор үшкүрүп.

– Кетсе кете берсин.

– Сен баары бир адилетсиздик кылып жатасың.

Бир аздан кийин Айдар туруп келди.

– Ата, эртең канчада кетет?

– Учагы саат таңкы алтыда.

– Мага дарегин бер,- деди Айдар. Апасы жаткан мейманкананын дарегин алды да, жөнөп калды. “Жолугушум керек” деди ичинен. Мындан башка жолу апасы менен жолугуп сүйлөшүүсү мүмкүн болбой каларын сезип турду.

Асия кийим-кечесин даярдап бүтүп чай ичип жаткан. Капысынан эшик тыкылдады. “Ким болушу мүмкүн?” деп таң кала түштү. Эшикти ачканында маңдайында кепка кийген узун бойлуу жигит турган экен.

– Сиз кимсиз?- деп баратып жигит көзүн көтөргөндө уулу Айдар турганын тааный койду. Оозуна сөз келбей, бири-бирин тиктеп туруп калышты. Мезгил экөө үчүн токтоп калгандай сезилди.

– Кирсем болобу?- деди Айдар көз жашын араң кармап.

Асия үн каткан жок, боюн качыра жол бошотту. Мейманкананын конок үйүндө эне-бала үн-сөзсүз отурушту. Айдардын ушунчалык көп сөзү бар болчу. Жылдар бою жыйылган суроолору бар эле. Эч бири башына келбеди. Алдында турган арыкчырай сулуу аялды тиктеп отура берди. Асия дендароо. Эмне дээрин билбейт.

– Кат жазыптырсың, өзүңдөн угайын дедим.

– Эмнени?

– Мени эмнеге таштадың? Эмне үчүн ушунча жыл бир кайрылган жоксуң?

– Мен катка жаздым, уулум,- деди Асия араң сүйлөп.

– Менин бүтүндөй жашоомо болгон жоопкерчилигиңди ушул алакандай баракка гана батырдыңбы?

– Айдар, мен...

– Сен! Мен сени канча күттүм, билесиңби? Келбесиңди билсем да үмүтүм үзүлбөй, канча күттүм? Балдар үйүндө калдым, үшүсөм үстүмдү жапкан, капа болсом башымдан сылаган адам жок бул кең дүйнөдө жалгыз калдым. Сен кенедей бала үчүн дүйнөдө жалгыз калган кандай болорун билесиңби? Мени бул жарык дүйнөгө алып келгенден кийин жоопкерчилик сезишиң керек беле?

– Негизи мен кең дүйнөдө жалгыз калган кандай экенин эң жакшы билем. Мен да жалгыз калдым. Аргасыз калдым. Жаш болчумун. Мындай болорун кайдан билдим?

– Кийин эмнеге келген жоксуң?

– Кийин балам бар экенин айта албадым. Мага ушунчалык ишенген адамдын ишеничин сындыра алган жокмун. Андай болгондо да Абдул мени коё бермек эмес. Ал өлкөдө башкача жашоо. Сен аны түшүнө албайсың.

– Анда эмнеге келдиң? Мен эми сени жүрөгүмдө көмө баштаганда кайра жараатымды сыйрыштын кереги бар беле?

– Мен жалгыз калдым.

– Ха, демек, жалгыз калганда бир уулуң бар экени эсиңе түштүбү? Сен мени эстеш үчүн жалгыз калышың керек беле?

– Мен сени унута албагандыктан келдим. Сени унуттум деген күндө да унута албадым. Эгер унута алсам, өтмүшүмдү чийгенге эрким жетсе, Кыргызстанга келбейт болчумун.

– Келдиң. Эми эмне болот?

– Тынч өлөм. Сени көкүрөгүмдө сактайм. Жинденгенде атаңа окшоп каштарың кыймылдап кетерин жылмайып эстейм. Жүзүңдөгү мээримиңди элестетип уктап, элестетип ойгоном. Бул өлөрүмө чейин жетет. Мен бактылуумун.

– А мен бактысызмын. Сага бул эч нерсе эмеспи?

– Баары жакшы болот, балам. Айгерим сени жакшы көрөт экен. Демек, кечирет. Балдарың болот. Сен жакшы ата болосуң. Атаң экөөбүздүн катабызды кайталабайсың.

Айдар ордунан турду.

– Кетесиңби?

– Ооба.

– Кофе ичелиби?- деди Асия. Үнү ушунчалык башкача эле, уулунун жүрөгү селт этип кетти. Эч качан айрылышпагандай, эч нерсе болбогондой жай сунуштаганы да таң калтырды. Үнсүз баш ийкеди. Ошол түнү эне-бала уктаган жок. Кофе кайнатып ичишти. Сүйлөшүштү, кучакташып ыйлашты, армандарын, таарынычтарын айтышты. Учак убактысы жакындап калганда Асия ордунан турду.

– Такси чакырайын.

– Жок, мен жеткирем.

Чемодандарын салып, үнсүз кетип бара жатышты. Айдардын жүрөгү туз куйгандай ачышып жатты. Жүрөгү дал кичине кезиндегидей коркунучтан тез-тез согуп жатты. Энеси билеттерин тапшырганга бет алганда чыдабай кетти.

– Кетпе!.. Мени кайра таштаба... Сен мага керексиң. Азыр чоңойдум, бирок сен мага 4 жашымда кандай керек болсоң, ошондой керексиң. Мен сени кечирбейм, өмүр бою кечирбейм. Бирок энеге муктаждыгым бар, дал могу жеримде сага муктаждыгым бар,- деди уулу жүрөгүн көрсөтүп.

– Уулум...

– Кетпе!

Асия ый аралаш күлүп жатты. Уулу суранып жатат. Айдар “кетпе” деди. Мындан артык бакыт барбы?

– Кетпейм, уулум. Сен кааласаң, кантип кетип калмак элем?

Айдар апасын кучактай калды. Ыйлап, күлүп, экөө кайра таң алдында Бишкек шаарына кайтып келе жатышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
netsa
2020-03-30 20:54:00
жүрөктү оорутту го бул чыгарма,көбүрөөк жазгылачы сураныч!
0
ady-88
2020-04-06 09:38:21
Эми не болду ошондо бугун дуйшомбу жаны саны чыкпайбы
+7
Dalil
2020-04-06 09:41:19
Супердин жаңы саны качан чыгат???
+6
akus
2020-04-06 09:45:21
Супер-Инфо дагы карантинге чыккан окшойт.
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-06 11:11:23
Жаңы саны чыгабы
+6
aijamalkamiljan
2020-04-06 12:14:28
Jangy sany kachan chygat?
+4
medetbek
2020-04-06 12:56:58
Качан чыгат жаңы саны?
+3
meku89
2020-04-06 13:15:18
Бугун чыгабы? Админ жооп берип койсонор. Баарыбыз карап отурабыз.
+2
Vulkan-1
2020-04-06 13:17:19
Чыгарсанар жон чыгарбайсынарбы
+2
Baatirbek81
2020-04-06 13:30:47
Өөөө оооооо супер тирүүсүңөрбү?
+5
admin_portal
2020-04-06 14:55:09
“Супер-Инфо” гезитинин редакциясы 30-марттан тартып 15-апрелге чейин өз ишин убактылуу токтотот. Бул аралыкта гезит жарыкка чыкпайт.
Себеп – өлкөдөгү эпидемиялык кырдаал, элдин коопсуздугу жана өлкөнүн негизги шаарларына жана айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режими. Түзүлгөн абал жөнгө салынганда “Супер-Инфо” окурмандарын жаӊы дем, жагымдуу жаӊылыктар менен кубантууга даяр. Бүгүнкү кырдаалды гезиттин көп жылдан берки туруктуу окурмандары туура түшүнөт деген ишеничтебиз!
-4
nuriza91-90
2020-04-06 16:06:03
Чет жактагылар кантет анан
0
Nuria2020
2020-04-06 22:37:25
Атайын колду бошотуп окуй калайын дееп эле кирсем жооокго
+1
adilet_3234
2020-04-09 09:33:34
Силер дагы карантиндесинерби Супер
+1
admin_portal
2020-04-09 17:41:01
adilet_3234, ооба, гезит карантинде.
0
meri.kg
2020-04-10 21:26:39
Башынан баштап окуп чыктым аябай аянычтуу , кызыктуу баян экен.
+1
№ 908, 26-март - 1-апрель, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан