КЫШКЫ ДАСТОРКОНГО КАМЫЛГА

Дасторкон

Күздүн алгачкы айы да кирип келди. Кожойкелер банкаларын жууп, кышкы салаттардын камын көрө баштаган учур. Айымдар мактоону жасаган тамак-ашынан алат эмеспи. Анда келиңиз, быйыл да жыл сайын жасап жүргөн салат түрлөрүнө Жанара Атабекова менен бирдикте өзгөчөлүк кошуңуз.

ЧАЙ МАЕК
– Жанара, ашканадан чыкпай, кыш камын көрүп жаткан экенсиң...
– Буюрса, салаттарымды бүтүп калдым. 50-60 банка салат жапканга үлгүрдүм.
– Ашканада ар бир айымдын өзгөчө сыры бар эмеспи...
– Мен салат жасаймынбы же тамак бышырамбы, таптакыр капкагын жаппай жасаганга аракет кылам. Себеби бууланып, тамактын даамы өзгөрүп кетет. Ошондуктан идиш-аякты да өтө кылдаттык менен тандайм.
– Эмнени көп кайталап жасайсың?
– Жолдошум, балам куурма чай ичмейинче тура алышпайт. Ошол себептен эки күндүн биринде эле куурма чай жасайм.
– Мыкты жасаган тамагың?
– Макаронду жакшы басам. Негизи, мен тамак жасаганга кеч аралаштым. Үйдө эрке кыз болуп, ашкананы эжем башкарчу. Кийин Сыймык Бейшекеев менен көлгө гастролго чыгып калдым. Анан ал жактан биринчи жолу макарон басып жатпаймынбы. Эми тузу тим эле ачуу. Анан Сыймык апама келип, “Жанара өтө сарамжалдуу экен. Бир күн тамак жасаса, эки күн суу ичип жүрө берет экенбиз” деп уят кылган. Ошондон кийин намыстанып калганмынбы, айтор, макаронду мыкты басам.
– «Айымдын көңүлү чөксө, тамагы да ошого жараша болот» деп коюшат. Дегеним, акыркы жолу сен УТРКга таарынып, маанайың чөгүп жүрдү эле...
– Телеканал эки айлык эмгек акымды төлөбөй койду. Жетекчим Кубат Оторбаевдин өзүнө да кирдим, эч жыйынтык чыккан жок. Улам бир кызматкерге жумшап, “тиги чечет, бул чечет” деп тил эмизе беришкенинен тажап, “ошол акчага жыртыктарын бүтөп алышсынчы” деп жөн койдум.
Анда салаттарыңа кезек берели.


“ГҮЛДЕСТЕ” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 1 килограмм
Сабиз, пияз – 1 килограммдан
Болгар калемпири – 1 килограмм
Помидор, бадыраң – 1 килограммдан
Петрушка, сельдерей – 1 боо
Туз – 10 чай кашык
Кумшекер – 12 чай кашык
Уксус – 1 аш кашык
Күн карама майы – 0,5 литр

Жасоо ыкмасы:
Керектелүүчү жашылчалар таза жуулган соң капустаны сүргүчтөн майдалап өткөзүп алабыз. Сабизди, таттуу калемпирди таякча кылып туурайбыз. Пиязды, помидорду, бадыраңды тегерек кылып туурап, бардыгын сыр идишке салып аралаштырабыз. Аларга туз, кумшекер, уксус кошулгандан кийин майда тууралган петрушка менен сельдерейди кошуп, жакшылап аралаштырабыз. Таза жуулуп даярдалган банкаларга салат ныкталып салынат. Андан соң банкаларды кайнаган сууга салып, 40 мүнөт кармайбыз (салат бууга бышышы керек). Салатты жабар алдында кайнап турган майдан ар бир банкага куюп, оозун бекитебиз да, жылуу жаап, эки күн тыныктырабыз. Андан кийин муздак жерге сактайбыз.

ФАРШТАЛГАН КАЛЕМПИР
Керектелүүчү азыктар:

Таттуу калемпир – 1,5 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Сабиз – 2 килограмм
Томат ширеси – 3 литр
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Калемпирди таза жууп, баш жагын оюп, өзөгүн акырын алып, кайнак сууга 3-4 мүнөт чылап коёбуз. Андан соң 1-2 мүнөткө муздак сууга кармайбыз. Сабизди, пиязды майдалап туурап, ар бирин өзүнчө майга куурабыз. Эми экөөнү кошуп дагы бир аз кууруп, татымына жараша туз кошобуз. Бул куурма менен даяр турган калемпирлердин ичин толтурабыз да, банкага салабыз. Аягында томат ширесин кошуп, бууга 20 мүнөт кармайбыз. Акырында банкалардын оозу бекитилет.

“КАЙНЕНЕНИН ТИЛИ” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

Кабак (кабачки) – 2 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Болгар калемпири – 4 даана
Сарымсак – 2 баш
Чили калемпири – 1 даана
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Кумшекер – 200 грамм
Туз – 2 аш кашык
Уксус (9) – 2 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:
Кабакты кабыгынан жана уруктарынан тазалап алабыз. Анан узатасынан ичке тилче кылып кесебиз. Ал эми помидор, болгар калемпири, сарымсак, чили калемпирин эт туурагычтан өткөзүп алабыз да, май, кумшекер, туз жана уксус кошобуз. Бул массаны отко коюп, кайнап калганда кабактарды салып, дагы 40 мүнөт кармайбыз. Эскерте кетчү нерсе, чили калемпирин ачууну жактырбагандар кошпой деле койсо болот.

“БЕЛЕК” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

Капуста – 1 килограмм
Помидор – 1 килограмм
Бадыраң – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Пияз – 1 килограмм
Алма – 1 килограмм (катуу сортунан)
Лимон ширеси – 8 грамм
Лавр жалбырагы – ар бир банкага 1-2 жалбырак
Тоголок кара мурч – ар бир банкага 2-3 баштан
Туз, шекер – даамына жараша

Даярдоо жолу:
Капустаны сүргүчтөн өткөзүп, сабизди ичке тегерекче кылып туурайбыз. Анан капуста менен сабизди кайнак сууга жумшаргыча кармайбыз. Тегерекче кесилген бадыраңды, пиязды, алманы жана помидорлорду да жумшаргыча бир аз сууга бышырабыз. Даамына жараша туз, шекер салабыз. Сууга лимон кислотасын кошуп кайнатып шире жасап, салатка кошобуз. Салат банкаларга салынган соң 20 мүнөт бууга кармайбыз.

“КЫШ ЫЗГААРЫ” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

Помидор – 2 килограмм 200 грамм
Бадыраң – 1 килограмм
Болгар калемпири – 800 грамм
Пияз – 500 грамм
Петрушка – 1 боо
Өсүмдүк майы – 20 аш кашык
Кумшекер – 20 чай кашык
Туз – 5 чай кашык
Уксус – 10 аш кашык сууга 1,5 аш кашык уксус кошулуп даярдалат

Даярдоо ыкмасы:
Керектелүүчү жашылчалар жуулуп, тазаланган соң помидорду, пиязды, болгар калемпирин тегерекче ал эми бадыраңды узун таякча түрүндө туурап алабыз. Петрушканы өтө майдалап алабыз да, бардык тууралган жашылчаларды сыр идишке салабыз. Туз, шекер, май жана уксус кошуп аралаштырабыз. Андан кийин жай отко коюп, 30 мүнөт кайнатабыз. Салат даяр болгон соң бууланган банкаларга салып оозун бекитип, муздак жерге коёбуз.

“ЖАЙКЫ КЕЧТЕР” САЛАТЫ
Керектелүүчү азыктар:

Сабиз – 200 грамм
Алма – 400 грамм
Хрен – 20 грамм
Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:
Сабизди жана хренди тазалап, жууп, сүргүчтөн өткөзүп алабыз. Ал эми алманын ортосундагы катуусу алынып салынат да, кесек тиштүү сүргүчтөн өткөрүлөт. Даяр болгондорго туз кошуп, банкаларга салып, 20 мүнөт бууга кармайбыз. Банканын оозун бекитип, кышкы салаттардын катарына тизип коёбуз. Бул салатка уксус кошулбагандыктан, жаш балдар үчүн табылга.

Бахияна Сатылганова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Titi
2010-09-11 16:30:57
Коментарий жок паражняк.
-1
elif
2010-09-27 07:16:26
aha,jasap aldina koyso jesen kerek,sen jasachi koroyun titi,en ele sonun retsepter.
0
17_sanya87_
2010-12-09 13:33:52
Мен окубай эле дароо чыгарып алдым принтерден, кийин кереги тиет деп!
0
bek_8606
2013-09-11 18:56:28
рахмат сиздерге сонун экен
0
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан