Айжан Газиева: «МАШИНАМ ТАШТАК ЖЕРДЕ ЖҮРГӨНДӨ ЖҮРӨГҮМ ООРУП КЕТЕТ»

Маркасы - «Хундай Соната-3»
Түсү - Күмүш түстүү
Чыгарылган жылы - 1996

– Айжан, айдоочулук күбө­лүгүңдү атайын авто­сүйүү­чүлөр мектебинде окуп алдың беле?
– Ооба, үч ай “Дас­мия­нын” автосүйүүчүлөр мектебинде окугам. Анда 16 жашта элем. Ал кезде машина айдаганга жашым жетпегендиктен,айдабай жүрдүм. Анын үстүнө, апамдын жалгыз кызы болгондуктан, ал кезде апам айдаганга уруксат берген эмес. Качан гана турмушка чыгып, уулум чоңоюп бир жарым жашка чыкканда күйөөм менен апам уруксат беришти. Ошондон бери айдай баштаганыма жарым жылдан ашып калды.
– Алгач рулга отурганда коркуу сезими болдубу?
– Жок, анткени, менин апамдын машина айдоо боюнча 10 жылдан ашык тажрыйбасы бар. Дайыма машинада апамдын жанында жүргөндүктөнбү, эч кандай деле коркуу сезими болгон жок. Автосүйүүчүлөр мектебин бү­түп жатканда экзамендерди да “5” деген баага тапшыргам.
– Машинаңды өзүң тап­кан акчага сатып алдың беле?
– Жолдошумдун, апамдын, продюсерим Ассоль эженин, анан албетте, өзүм­дүн эмгегимдин аркасында алынган машина.
– Шаарда кандай ылдамдыкта айдайсың?
– Эч жол эрежесин бузбаганга аракет кылам. Машина аз жерден же шашып баратканда 80 менен айдаймын, көбүнчө 60 менен айдаганга аракет кылам. Бир жолу “Улуттук хит-парадга” съёмкага шашып бара жатсам МАИ кызматкерлери токтотуп калышты. Барып документтеримди көргөз­сөм таанып калышып: “Эм­не мынча катуу ылдамдыкта баратасың?”- деп сурашты эле, шашып жаткандыгымды айтсам эч кандай деле айып салышкан жок.
– Машинаңа кандай мамиле жасайсың?
– Эки күндө бир жууп турам, машинанын кир болуп туруусун жактырбаймын. “Сен жакшысың, сен менин канатымсың”,- деп кадимкидей машинам менен сүйлө­шөм. Анткени, ал темир бол­со дагы сен ага кандай мамиле кылсаң, ал да сага ошондой мамиле кылат да. Ошентип, аяр ма­миле кылгандыктанбы, айтор, мен айдаганда такыр бузулбайт, күйөөм айдаса эле бузула берет. Машинамды ушунчалык жакшы көрөм. Бир жолу инимдин чуң­кур, таштак жерлерден айдап баратканын көрүп кадимкидей жүрөгүм ооруп кеткен.
– Сен машинаңды айдаганга башкаларга деле бересиңби?
– Кээде андай учурлар болуп калат. Аталаш иним сураса “бербейм” дей албайм. Андан сырткары, күйөөм­дүн машинасы ремонтто болуп калганда айдап калат. Экөө­нөн башка эч кимге бербеймин.
– Машина айдап бара жатканда музыка уга­сың­бы?
– Ооба, убакытымдын көбү үйбүлөмө арналып калгандыктан, музыка укканга убакытым жок калат. Ошондон улам музыканы жалаң машина айдап бара жатып угам. Машинама көбүнчө баламды салып алгандыктан, ал да музыканы жакшы угат. Ошондон улам балам экөөбүз машинада музыка угуу менен бирге башка иштерибизди да бүтүрө беребиз.
– Машинаңды качан алмаштырайын деген оюң бар?
– Азырынча эмес, бирок, кийинчерээк алмаштырам го. Мага кыздарга арналган кичинекей машиналар жакпайт. Тескерисинче, чоң эркектерге арналган машиналар жагат. Балким, кийин ошондой машиналуу болуп калаармын.

Маектешкен Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 235, 4-10-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан