УЙКУСУЗДУК, АЧКАЧЫЛЫК, ЭСТЕН ТАНУУ... КОРЕЙ ЫРЧЫЛАРЫ АТАКТУУЛУККА КАНТИП ЖЕТИШЕТ?

Сахнада кара терге түшүп бийлеп, ырдап, жарашыктуу кийинген, идеалдуу келбетке ээ корей ырчыларын кумир тутуп, аларга окшошууга аракет кылган, жашоосуна суктанган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча күндөн күнгө көбөйүүдө. Сырттан караганда жашоосу «малина» сезилген атактуулардын сахна артындагы түйшүгүн көрсө, айрымдар «мен да ушундай ырчы болгум келет» деген кыялынан баш тартары турган иш. Бүгүнкү макалабызды корей ырчыларынын атактуулукка чейинки түмөн түйшүктүү жолуна арнадык.

ЖОННИ КИТАГАВА

Азыркы күндө k-pop музыкасы бир гана Азия чөлкөмүндө эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүн багындырып жатканы талашсыз. Сахнада идеалдуу көрүнүп, артынан миллиондогон адамдарды ээрчиткен ырчылардын сахна артындагы жашоосу көп учурда «мышык ыйлагыдай» абалда. Эгер сиз да корей атактууларындай жылдыз болгуңуз келсе, төмөнкү талап дейбизби же кыйноо дейбизби, айтор, чыдайт белеңиз, байкап көрүңүз.

Кореянын шоу-бизнеси музыканттарга карата эң катаал талаптары менен белгилүү. Кызыгы, бул талаптарды корейлер эмес, АКШлык Жонни Китагава ойлоп тапкан. Ал өзүнүн Японияга болгон саякатында бул мамлекетти жактырып калып, биротоло ошол жерде отурукташып калат. Китагава 1962-жылы «Johnny & Associates» аттуу продюсердик компания түзүп, ырчы-чоорчуларды, актёр-актрисаларды таптап чыгара баштайт. Анын кол алдындагы артисттер дүйнөлүк атактуулукка жетпесе да, өз мекенинде бир топ эле популярдуу болушкан. Контракттагы талаптарга ылайык, бир дагы адам продюсерине каршы сөз айта албайт, эмне тапшырма берсе, ошону аткарышы керек. Болбосо ал экинчи сахнага чыкпайт, тасмага тартыла албайт. Андан сырткары жарнама компаниялары, телеканалдар, радиолордун баары Китагаванын «капканына» түшүп калышкан. Ал айткан артист киного тартылышы керек, Жонни каалаган шоудо анын ырчысы ырдашы керек. Болбосо өлкөнүн эң популярдуу артисттери ал компания менен иштешпейт. Анын талаптарына чыдабаган канча ырчылар, актриса эмес, актёрлор дагы продюсерин сотко берип, «мени зордуктады», «бай бирөөнүн алдына салып берди», «кыйнады», «болбогон гонорар алам» жана башка дооматтарды айтып кайрылышкан. Бирок продюсер ар дайым «суудан кургак» чыккан. Китагаванын талаптарын байкап отурсаңыз, ырчылардын «кислородун бууган» сыяктуу айрым элементтери кыргыз шоу-бизнесине да жеткени байкалат.

ӨСПҮРҮМДӨРДҮ «КАПКАНГА» САЛГАН КОНТРАКТ

Музыканттарды таптап чыгарууда темирдей тартип керек экенин сезген корейлер Китагаванын эрежелерин өздөрүнүн ыңгайына жараша өнүктүрүп кетишкен.

1. Көпчүлүк ырчылар карьерасын өспүрүм кезинен башташат. Айрымдар кайсы бир сынактар аркылуу музыкалык компанияларга алынса, кээ бирин ошол компаниянын өкүлдөрү бир гана Түштүк Кореядан эмес, коңшу өлкөлөрдөн да кастинг жарыялап тандап алышат. Айтор, алгачкы кадамдан оңой өтүүгө болот.

2. Компанияга алынган жашы жете элек өспүрүм ата-энеси менен чогуу контрактка кол коюшу керек. Анда иштешүү мөөнөтү 5 жыл же 15 жылга чейин узарышы мүмкүн. Ага ылайык ырчы каалаган убагында компаниядан басып кете албайт, кетсе олчойгон айып пул төлөшү керек. А компания болсо, талаптарына жооп бербеген ырчыны каалаган убагында кетире алат. Баласынын ырчы болом деген каалоосуна каршы чыга албаган ата-эне айла жок макул болот да, контрактка балчайта колун коюп берет.

3. Андан ары компания жаш ырчыны окутууга киришет. Жатакана, тамак-аш, кийим-кече жана вокал, бий, актёрдук чеберчилик, тил үйрөнүү жана башка артистти таптап чыгарууга керектүүлөрдүн баарын компания өз моюнуна алат.

4. Стажёр телефон колдонбойт, бир аптада бир ирет менеджердин көзөмөлүндө кыска убакытка жакындары менен сүйлөшүүгө уруксат берилет.

5. Компания айткан кийимди киет, тамакты ичет, чач жасалгасы, анын өңүн да жетекчилер чечишет. «Апам муну кийсем урушат, эл эмне дейт, кокуй?» деген нерсе өтпөйт.

6. Бою узун болобу, кыскабы, ырчынын салмагы белгилүү чектен ашпашы керек. Бул салмак көрсөткүчү көбүнчө 40-45 килограммдын тегереги. Көрсөткүчтөн аштыңбы, "ачкачылык, кош кел!" дей бер.

7. Стажёрдун кайсы бир жерине пластикалык операция керек деп эсептешсе, операция жасалышы керек.

8. Дебютка чейин жана дебюттан кийин канча бир жылга сүйүү мамилесин курууга болбойт.

9. Анча белгилүү эмес, ишенимсиз компаниялар менен келишим түзүп алган артисттер «мени сексуалдык кызмат көрсөттүрдү» деп сотко көп кайрылышат. Ырчы болом деген тилеги күчтөр унчукпай, баарына чыдаган учурлар да бар. Дал ушул кызматы үчүн чыдабай, өз жанын кыйган артисттердин өлүмү көп учурда «стресс болуп жүргөн» деген шылтоо менен жабылып калат дешет корей басылмалары.

10. Вокал, бий, тил үйрөнүү боюнча сабактар көп убакытты алат. Андан кийин ар биринен берилген үй тапшырманы аткарышың керек. Андан сырткары артыңдан «басыгыңды оңдо, бүкүрөйбө, минтип күлбө, антип сүйлөбөшүң керек» деп сөзсүз бир адам жүрөт. Ар бир кадам видеобайкоого жазылат. Ошентип стажёрлордо тынч уйкуга 3-4 эле саат убакыт калат.

11. Шоколадды «жыттап» койгондон толуп кетчүлөрдүн шору. Дайыма диета кармоо керек. Айтылган салмактан көп өлчөмдү көрсөткөн катуу жазаланат. Негизи эле көпчүлүк артисттерге кечкисин суу ичүүгө же корейлердин сүйүктүү рамён тамагын жегенге, спирт ичимдиктерин ичкенге тыюу салынат. Анткени артист эртең мененкисин шишип калат, ал анын имиджине залака тийгизет дешет.

12. Спорт залда машыгып, канча саат кара терге түшүп бийлеп, үнү чыкпай калганча ырдаган, актёрдук чеберчилигин өркүндөтөм деп аракет кылган өспүрүмдөр алдан тайып, четинен эстен танат. Буту ыңгайсыз шиш такалардан жооруйт, бели уюйт. Бирок ал алсыз болбошу керек. Анткени компанияга күн сайын жаңы артист болом деген каалоосу күч жаштар агылып турат. Чыдаган жоксуңбу, оорудуңбу, контракт боюнча айып пул төлө да, үйүңө жөнө.

13. Баарына чыдаган күндө да, сахнага чыга турган мезгил бат эле келе калбайт. Ийгилик жылмайгандар 1-2 жылда жеке ырчы же топко мүчө болуп алынышы мүмкүн. Бирок 4-5 жылдап, керекпи андан ашык убакыт стажировкада жүрүп, бирок контракттын убактысы бүткөндө «сенден эч нерсе чыкпайт экен, жакшы бар» деген жоопту угуп шалпайып үйүнө кеткендер мындан көп.

14. Стажёрлордон компанияга кандай пайда түшөт десеңиз, эң көп сумма катаал талаптарга чыдабай, контрактты бузуп кеткендерден түшөт. Андан сырткары компания ар кайсы жарнамалык компанияларга сулуу жүздөрдү берип турушат, жарнамадан түшкөн каражат чып-чыргасы коробой агенттикке кетет. Башка музыканттардын клибине, шоу берүүлөргө тартылганга, айтор, шоу-бизнестин дагы башка тармактарына да кызмат көрсөтүүдөн акча түшөт.

15. Компания «ырчы болосуң» деп сахнага чыгарган күндөн баштап, стажировкада жүргөн жылдары кеткен чыгымдар ырчынын моюнуна жазылат. Ал чыгымдарды төлөө үчүн ырчы каалайбы-каалабайбы компания менен келишимин узартып, карызын төлөөгө киришет.

16. Ырчыга эң минималдуу гонорар жазылат, ал тапкан каражаттын 5-10 пайызы гана. Андыктан белгилүү ырчылардын аз гонорар үчүн агенттигин сотко берген учурлары көп. Популярдуулуктун туу чокусуна жетип, компанияга пайда алып келчү контракттарды алып келип, дайыма суроо-талапка ээ болгон ырчылар компания алдындагы карызын жапкандан кийин гана гонорардын баасы көтөрүлүшү мүмкүн.

Мына окурман, корей атактууларынын баары эле жыргап жашайт десеңиз, эми кандай кыйынчылыктарды башынан өткөрөрүн аз да болсо билип алдыңыз.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nurda00
2020-04-15 11:18:07
Корей артистерин башыбызга урабызбы? Ушундан коро Бычак мизиндеги жашоонун чыгарсанар соопко калмаксынар
-1
admin_portal
2020-04-15 12:44:49
nurda00, сериал эртең, 16-апрелде чыгат.
+2
pochtalyonin
2020-04-15 17:35:41
admin_portal,оозуңарга май )))
+1
Мираида
2023-03-07 23:37:00
admin_portal
0
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-15 12:50:59
nurda00, ошону айтсаңыз.Каякка барба ушу
Кызтекелер!Баарын жаман көрөм, көрөйүн деген көзүм жок!
+3
Мираида
2023-03-07 23:37:00
Baktyluu_bolgum_kelet бар жоголчу. Жакпаса корбой эле кой. Эмне келип комментарии жазып жатасын
0
010288
2020-04-15 15:54:28
nurda00,орусчасы эмне экен
0
Sakura715
2020-04-15 19:03:55
КР ырчы чоорчуларына караганда коп эмгек кылышат жана бардык жагынан идеалдуу
+2
akmanai
2020-04-16 21:25:14
Талбаган эмгектин арты менен сулуу, таланттуу анан мээнеткеч болуп тарбияланат экен да. Бали!
+5
Jasi.jasi
2020-05-14 16:08:00
Ошон учун булардын шоу бизнесинде суицид коп болот экен да
+2
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан