АЛГАЧ ПРОДЮСЕРИ, КИЙИН ЖАН ШЕРИГИ

Жылдыздар турмушунан

Дүйнөлүк шоу-бизнесте продюсери өзүнүн ырчысына үйлөнгөн фактылар ондоп саналат. Мисалы, Иосиф Пригожин менен ырчы Валерия, Jay-Z менен Бейонс. Мындай көрүнүштөн кыргыз шоу-бизнеси да четте эмес.

ЖЕРЛИГИН СУРАП КЕЛГЕНДЕ...
23-август – Асема үчүн өзгөчө күн. Жыл сайын бул датаны унутта калтыруу мүмкүн эмес. Анткени 2008-жылы дал ушул күнү Асема продюсери Акжол менен кол кармашкан. Кыргыздар жердешчил келет эмеспизби. Таанышканда эле “кайдан болосуң?” деген суроону узата салабыз. Бирок актриса жердешчиликтен такыр жат. Продюсери, анан жигити, андан кийин жолдошу болгон Акжолдон үйлөнгүчө жерлигин сурабаган. “Турмушка чыгам” деген Асемага ата-энеси “күйөө бала каяктан?” дешет. Кызы баткендик экенин билип келгенде, ата-эне аз жерден актрисаны продюсеринин колуна кондурбай коё жаздаган.
Төрт жыл тааныш, төрт ай кыз-жигит болгон жаштар акыры көздөгөндөрүнө жетишет. Учурда жаш түгөйлөр Адахан аттуу 1 жаш 3 айлык таттуу наристенин эч кимге жана эч нерсеге алмаштыргыс ата-энеси.

КАФЕДЕГИ ТУЗАК
Кафедеги таанышуулар, көз караштар, көз кысмайлар... Мына ушулардын көбүнүн аягы сүйүүгө айланат. Буга далил – Кубаныч Сатаевдин махабаты. Кундуз экөө да кафеден таанышышкан. “Таластык экенбиз” деген Саламат Садыкованын кызы – Кундуз ошол жерден “ырларыңды алып кел, эфирге тез-тез чыгарып турам” деп элпектигин, жароокерлигин көрсөтөт. Ал учурда Кундуз борбордогу радиолордун биринде продюсер болуп эмгектенчү. Кубаныч бул продюсердин торуна ушинтип илинген.
Кундуз ырчы жигиттен бир топ жаш улуу, анын үстүнө бир кыздын энеси болгондуктан, «экөөнүн үйлөнүшүнө Кубаныч тарап жакшы эле каршы болгон» дешет. Ошентсе да сүйүү баарын жеңди. Аруу тилек менен баш кошушкан жубайлар үстүбүздөгү жылдын 11-январында Алишах аттуу уулдуу болушкан.

КИМ КЫЙЫН? ГҮЛАНДА КЫЙЫН
Гүланда – белгилүү комузчу Нурак Абдырахмановдун жээни. Таякелеринен жуккан таланты менен Гүланда ырчылыкка жол алат. Кафеде ырдап жүргөн алгачкы жылдарында Айбек Карымовго жолугат. Үнүн, анан ажарын жактырган Айбек, балким, жаш ырчыны көргөндө эле өмүрлүк жары болорун сезип, устаттыкты аркалоону баштаганбы деп да ойлойт экенсиң. Жүрөк кургур көп нерсени алдын ала сезет эмеспи. Гүланда да келечегин Айбек байкесинен көргөнбү дейм. “Сага гана үйлөнөм” деген жигитинен баш тартып, Айбек байкесин тандаган.
Айбек агабыз жаш ырчы менен таанышканда Бурул аттуу айымдын жолдошу эле. Ошол кезде Бурулду көрсө жылуу учурашкан Гүкүш Айбек байкесин андан биротоло тартып алды. Мындай иш болуп кетерин ырчы кыздын редакцияга келгенде эркелей тултуңдап, Айбек байкесине телефон чалып калганын көргөндө эле байкаганбыз. Алгач продюсерлик, андан кийин жан шериктик милдетти аркалап жаткан Айбек менен жубайы Гүланда азыр көз тийбесин, бактылуу үй-бүлө. Раяна деген кыздын сүймөнчүк ата-энеси.

СЫНАК ТАБЫШТЫРГАН ӨМҮР
Жаш таланттар арасында “Эл ырчысын эл тандайт” деген сынак болгону эсиңизден чыга элек болсо керек. 2005-жылы өткөн сынакта Мэри Шакулина Эдил менен таанышып калган. Таанышары менен эле Эдил Мэриге тартылып, чыгармачылыгына жардам бере баштайт. Мэринин ал учурдагы расмий продюсери Данадан ашып түшүп колдоого алат. Ал кезде Эдилдин аты элге белгилүү болбосо да, ырлары радиолордон байма-бай берилип турган. Ырчылардын ырларына да аранжировка жасачу.
Мэриге аранжировка жасап берип, ырларына обон чыгарып, концерттерге катыштырып, көшөгөнүн артында продюсерлик кылып жүргөн жигит беш жылдан кийин ырчыга ак жоолук салат. Көздөгөнүнө жеткен соң Эдил эч кимге продюсер болгон жок. Учурда Мэри менен Эдилдин Умар деген беш айлык баласы бар.


Бир собол

ПРОДЮСЕР МЕНЕН ЫРЧЫ МАМИЛЕСИ
Продюсерлерге «таптап жаткан ырчыңыз менен сүйүшүп калышыңыз мүмкүнбү? деп кайрылдык.

“Стар-Дэнс” бий тобунун продюсери – Канат Култаев:
– Мага сүйүү качан келет, билбейм. Топтогу кыздардын баары менден он жашка чейин кичүү. Азырынча алар менен тынч эле иштешип жатам. Бирок сүйүү пайда болушу деле мүмкүн.

“Импульс”тобунун продюсери – Тынчтыкбек Кожобеков:
– Ой, жок, андай болбойт. Жеке жашоо менен ишти бири-бирине аралаштырбайм.

«Тумар» радиосунун жетекчиси – Алексей Сидоров:
– Сизди «ди-джей Элиза Кененбаеваны жакшы көрөт» дешет. Экөөңөрдүн ортоңордо мамиле барбы?
– Элиза – менин оң колум. Ошондуктан жумуш боюнча экөөбүз көп нерсени чогуу талкуулайбыз. Чынында, башка кызматкерлерге караганда Элиза менен көп сүйлөшөм. Экөөбүздүн ортобузда, болгону, кесиптештик мамиле бар.

“Эне-Сай” тобунун көркөм жетекчиси – Нурайым Азыкбаева редакцияга бир жигитти алып келип, “биздин топтун продюсери” деп тааныштырган эле. Экөөнүн сүйлөшкөнүнөн улам ортолорунда сезим бар экенин байкаганбыз. Мына ошол боолголоону Нурайымдын атасы – Курмангазы Азыкбаевге узаттык.
– Андай жигитти тааныбайм. Азыр Нурайымдын продюсери – Назгүл Айдаралиева. Чындыгында, кыз балага кыз, жигитке эркек эле продюсер керек. Болбосо, сен айткандай, сүйүү болуп кетет.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
oxy
2010-09-11 01:25:50
Бактылуу болгула баарынан дагы!!!
0
Titi
2010-09-11 14:48:45
Да,дружба- дружба, служба-служба дечү эле го.
0
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан