Изат Айдаркулова, төкмө акын: «ЭЛАМАН МЕНЕН АЙТЫШКАН ЖАГАТ»

Мырзалар менен тең тайлашып төкмө акындык өнөрдү аркалап келе жаткан кыздарыбыз аз санда. Комуз менен, ыңгайы келсе, Барпы акындын стилинде комузу жок да төгө алган төкмө кызыбыз Изат Айдаркулова менен маектештик. Анын акын Эламан Келдибеков менен тамашалуу айтышы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Маектешим ар бир суроого берилүү менен жооп берип отурду.

ИЗАТ АЙДАРКУЛОВА

Туулган жылы – 1987-жыл, 17-декабрь

Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кызыл-Жар айылы

Билими – ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетин аяктаган

Сыйлыктары – Тууганбай Абдиев, Ашыраалы Айталиев, Бексултан Жакиев атындагы сыйлыктардын ээси

– Саламатсызбы, Изат? Өлкөдө өзгөчө абал жарыяланып, баарыбыз карантинде үйдө отуруп калбадыкпы. Бул абал сизге кандай ыңгайсыздык жаратты?

– Саламатчылык. Уулумду карап декреттик өргүүдө жүргөнүмө бир жылдан ашып калганына байланыштуу үйдөн чыкпай отурганга көнүп калгам. Колдон келишинче эрежелерге баш ийип, гигиенаны сактап, үйдөн эч жакка чыкпай отурабыз. Абал мен үчүн коркунучтуу эле болуп жатат. Анткени баарыбызды үйдөн чыгарбай жатканы жөн эмес. Канчалык тартипти жакшы сактасак, ошончолук эрте натыйжа болот. Тартип, тазалык, ишеним, ынтымак бар жерде натыйжа болот эмеспи. Андыктан ээн баштыкты токтотуп, жалпы элди ойлоп, тартипке баш ийсек оор кырдаалды жеңип кетерибиз бышык. Аманчылык болсун. Эртерээк эле жашообуз мурунку калыбына келип калса экен деп тиленип отурам. Мындай абалда жан дүйнөң дагы кысылгандай, жан дүйнөңдө да карантин болуп жаткандай сезим болот экен.

– Декреттик өргүүдө экенсиз. Уулуңуз тууралуу айтып берсеңиз...

– Уулумдун аты Нурдан. Ага 10 ай болду. Мурда бир туугандарымдын балдарына жүрөгүм элжиреп жакшы көрчүмүн. Өзүңдүн балаң андан да таттуу болот экен.

– Уулуңуз бактылуу балалыкта чоңойсун! Эми маекти чыгармачылыгыңыз тууралуу уланталы. Төкмөлүккө кантип аралашып калгансыз?

– Кичинемден эле жамактап ырдамай, ыр жазмай, жоро-жолдошторума пародия айтып коймой жайым бар болчу. Ушул өнөрлөрүмдү байкап, атам 10-классымда эле «төкмө акындыкка аракет кылып көрбөйсүңбү, шыгың бар» деген. Анда атамдын сөзүнө маани берген эмесмин. Кийин ырчы болуп жүрдүм. Көрүп калсаңыздар керек, бир тууган эжем Нурзат Айдаркулова экөөбүздүн ырларыбыз, клиптерибиз SUPER.KG порталында бар. Бирок адам өзүнүн жолун таппаса, өзүн толук сезбейт экен. Өзүм дайыма төкмө акындарга кызыгып, алар тууралуу окуп, изилдеп жүрчүмүн. Бир ирет Нурзат эжем экөөбүз тойдон Элмирбек Иманалиев агайга жолугуп калдык. Эжем Элмирбек агайга «сиңдимдин төкмөлүк жайы бар, байкап көрбөйсүзбү» деп айтып калды. Ошондо Элмирбек агай менен бир сааттай сүйлөшүп отурдук. Ал «адамдын кандай экени жообунан эмес, берген суроосунан билинет. Сен азамат экенсиң. Өнөр жугушат деп коёт, «Айтыш» фондуна кел» деп чакырды. 3-4 ай ойлонуп, 2016-жылы Бишкекке, «Айтыш» коомдук фондуна барып, төкмөлүк өнөргө аралашып калдым. Кудайга шүгүр, ушул жолдо элге кызмат кылып келе жатам. Былтыр жеке концертимди бердим.

– Билишимче, үй-бүлөңүздө баары чыгармачыл адамдар...

– Баарыбыз ар түрдүү музыкалык аспаптарда ойнойбуз. Атам математика сабагынан мугалим болгону менен, ыр, обон жазат. Кээде жамактап мени менен айтышып да калат. Көп жылдар айылда комуз ийримин жетектеп жүрдү. Апам үй кожойкеси. Ал да макалдатып, куудулданып сүйлөйт. 8 бир тууганбыз. Гүлзат, Бермет аттуу эжелерим азыр атамдын жолун улап, комуз ийримин жетектеп келатышат. Талант байкем комуз чабат, Нурзат эжем ырчы. Айзат эжем тикмечи. Биздин сахнага кийген кийимдерибизди ошол эжем тигип берет. Иним мектепте музыка сабагынан мугалим. Бир байкем айылда мал чарбачылык менен алек.

– Төкмөлүк өнөр кошо төрөлөбү же үйрөнүп алса болобу?

– Бул Кудайдан келген касиет деп айтышат. Кызыгып, үйрөнөм деп «Айтыш» фондуна келгендер көп. Бирок алып кеткендер аз.

– «Төкмө акындар айтышка ыр саптарын жаттап келишеби же чын эле ошол жерден төгүшөбү?» деген суроону эл арасынан көп угам...

– Биз дайыма изденип, ой багып, кандай кырдаал болбосун, ага жараша ыр саптарын камдап жүрөбүз. Кези келгенде ойлоп жүргөн оюбузду айтабыз. Сахнада ким менен айтышабыз, ал кандай ойду айтат, алдын ала билбейбиз да. Ошол себептен текст жаттап алып айтышуу мүмкүн эмес.

– Жооп таба албай калган учурда эмне кыласыз?

– Айтышып жатканда мээң кызып ойлонуп отурасың. Өнөгүң айтып жатканда эл таасирленген жерлерине жооп издейсиң. Эч кандай ой келбей жатса да, эптеп жамактап абалдан чыгыш керек болот.

– Айтышып жатканда бири-бириңиздерге катуу айтып алып, таарынышкан учурлар болобу?

– Болот. Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик болот. Кээде курчтукка, жаштыкка салып мен да катуу айтып алган, айтыш бүткөндөн кийин кечирим сураган учурларым болгон. Кээде тигил адамдын «айтышта боло берет» дегени менен, капа болгону байкалат. Канчалык катуу сокку жесең да, айтышты улантышың керек. Эмоцияңды жүзүңө чыгарып койгонуң жеңилгениң. Кайнасаң да, жайнасаң да ичиңде калышы зарыл.

– Сизди таарынтып алгандар болгонбу?

– Мен таарынбаганга үйрөндүм. Бизде 10 күндүк айтыш сабактары болуп турат. Ошол жерден айрым учурда жеке жашообузга чейин киришип айтышып кетебиз. Ошондо кээде жооп бербей, ырдабай кетип калган, ыйлап калган учурларым болгон. Сүйлөшүп отуруп катуу тамашалаша кетип, таарынып, ыйлап, «Айтыш» фондуна келбей койгон учурларым да болгон. Бир жолу бир акын катуу айтып коюп, мен үйгө барып апама ыйлаган элем. Апам «анда барбай эле кой, кызым» деп коёт. Жан дүйнөм каалап турса кантип барбай коймок элем?

– Устатыңыз Элмирбек Иманалиев менен канча жолу айтышка чыктыңыз?

– Бир жолу «Төкмө келсе, төр бошот» долбоорунда айтышкам. Мен «Айтыш» фондуна келгенден бери агай «шакирттерге жол бошотоюн» деп айтыштарга катышпай калды.

– Устат менен айтышуу оор бекен?

– Бул айтыштын алдында «устатыма ылайыктуу сөз айта аламбы, кандай болот?» деп ойлонуп, аябай толкундандым. Айтышта агай үй-бүлөм, өзүм тууралуу жакшы сөздөрдү айтса, аябай жагымдуу болгон. Кубанып, толкунданып, эмоциям жүзүмө чыккан. Баары эле «аябай жыргап алыптырсың го» деп күлүшкөн.

– Элмирбек агай кандай устат?

– Агай мыкты устат. Адамдык сапаты бийик инсан. Анын жөнөкөйлүгүнө таң калам. Ал ар бир шакиртине индивидуалдуу мамиле жасайт. Мыкты психолог. Турмушта болобу, төкмөлүктө болобу, кандай кеңеш сурасак да татыктуу жооп алабыз. Агай «мал, дүнүйөгө кызыгып, ээрчип кетпегиле. Топуктуу болсоңор, өнөр өсөт. Төкмөлүккө киришкен соң өтөсүнө чыгуу керек. Андыктан көп окуп, көп изденгиле. Элге айтчуңар көп болсун. Элди ээрчите турган деңгээлге жеткиле» деп көп айтат.

– Ким менен айтышкан жагат?

– Эламан (ред.: төкмө акын Эламан Келдибеков) менен айтышканда жыргайм. Мага анын жүргөн-турганы, сүйлөгөнү, жашоо образы, ага байланыштуу нерсенин баары күлкүлүү. Ал кызыктуу адам. Андан дайыма башкача ой жүгүртүүнү, башкача саптарды күтөсүң. Эламан менен айтышканда ага окшошуп, анын стилинде айтышканга, ага окшош ой жүгүрткөнгө аракет кылам. Күлкүлүү саптарды издейм.

– Эл да Эламан Келдибековду көргөндө эле күлө беришет го...

– Ооба. Эламандын жан дүйнөсү таза. Устатыбыз «акын болуштан мурун адам болгула» дейт. Жан дүйнөңдө жамандык болсо, ал ырга чыгып кетиши мүмкүн. Андыктан төкмө биринчи кезекте жан дүйнөсүн тазалашы керек.

– Күйөрмандарыңыздан кандай сындарды, мактоолорду угасыз?

– «Көп боёнбо», «Көп оку, көп изден, тарыхты оку» дешет. «Сыймыктанабыз» деп алкап, жакшы пикир айткандар да бар. Бир нерсени айта кетейин. Мен ырдап жүргөн обон устатым Элмирбек Иманалиевге таандык. Агай бул обонду Мирлан Самыйкожо агабыздын «Балкыма» аттуу ырына жазып берген экен. Көпчүлүк казактардын обону деп ойлошот. Ошондуктан «кыргыздын обонуна сал» деп айта беришет.

– Маегиңизге рахмат! Чыгармачылык эргүү каалайм.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Raihan0602
2020-04-14 13:34:09
Таланттуу кызсың турмуш жолунда да өнөр жолунда да ийгилик жарата бер.Бактылуу үй бүлөлөрдүн катарын толуктагыла.Өзүңө окшогон таланттуу уул кыздын энеси бол.
+11
demo009
2020-04-14 22:13:13
Ушул кыз беле оркоюп мойнуң көрүнгөн ай арык короз экенсиң-деген
+5
Zimzimemir
2020-04-15 03:41:23
demo009,оа ушул кыз
+3
Zimzimemir
2020-04-15 03:40:25
Ушул кыз жагад айтыштарын жыргап кором
+3
Anarik87
2020-04-15 09:02:35
Онорунуз оркундой берсин карантин буткондон кийин кутобуз жаны айтыштарды,дайыма издеп угам ,Баланыз омуруу узун ,келечеги кен болсун.
+3
fanatka19
2020-04-15 12:19:56
Абдан жакшы айтышат бар бол бактылуу бол.
+4
Birimdik5555
2020-04-16 15:07:41
Апам раса жакшы корот да ушул кыздын айтыштарын,чыгармачылык ийгилик
+2
egiz-jigit
2020-04-17 20:55:45
Онорун оркундой берсин сенин айтышып атканда черткен куун менен,иий деп ырдаган жерин жагат да
0
didu
2020-04-20 07:37:33
Эламан менен айтышканы хит болду
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан