Онлайн окутуу эрежеси: АТА-ЭНЕГЕ 10 КЕҢЕШ

Бүгүнкү күндө мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн онлайн, тактап айтканда, аралыктан окутуу программасынын негизинде окуп жатышат. Албетте, мындай окутуу ыкмасы ата-энелерге гана эмес, мугалимдерге да жаңылык болду десек болчудай. Аралыктан окутуу учурунда ата-эне эмнелерди эске алуусу шарт? Балага кантип жардам көрсөтүүсү керек? Суроолорго балдар психологу Гуля Акбутина жооп берет.

1. МААЛЫМАТ АЛУУ.
Биринчи кезекте ата-эне арылыктан окутуу ыкмасы деген эмне, кандай каражаттар керектелет, толук маалымат алуусу шарт. Кандай каражаттар, буюмдар керек, алсак, жакшы интернет байланышы, компьютер, сыналгы, смартфон жана башкаларды алдын ала камдоосу зарыл. Окутуу учурунда ар кандай техникалык мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн. Андай учурларда жагдайдан кантип чыгуу амалын ойлоп коюу ашыкча болбойт.

2. БАЛА ОКУЙ ТУРГАН ЖАЙДЫ ДАЯРДОО.
Мүмкүнчүлүк болсо, баланын сабак окуганына өзүнчө бир бөлмөнү даярдап, мектептегидей атмосфера түзүп берүү туура. Ал бөлмөдө окуучунун дене боюна ыңгайлашкан үстөл, отургуч болушу талапка ылайык. Мындан сырткары үстөл терезеге жакын коюлуп, жарык, күндүн нуру ага жакшы тийип турушу шарт. Бала колдоно турган китеп, дептер, калем саптары үстөлдүн үстүнө алдын ала даярдалып коюлушу зарыл. Ал эми компьютер же смартфонду бала улам башын бура бербешин эске алып алардын бет маңдайына, көздөн 60-70 сантиметр алыс аралыкта жайгаштыруу керек. Бул нерсе көздүн көрүүсүнүн начарлап кетүүсүнөн сактайт.

3. МЕКТЕПТЕГИ РЕЖИМДИ САКТООГО АРАКЕТ КЫЛЫҢЫЗ.
Сабак башталганга чейин 1-2 саат мурун баланы ойготуп, дене боюн жазып, курсагын тойгузуу – ата-эненин милдеттеринин бири. “Балам үйдө окуп жатат, ким көрмөк эле?” деп пижамачан, чачын тарабай отургузуп коюу да туура эмес. Мектеп формасы болбосо да, тыкан кийинтип, чачы-башын тарап, мектептегидей атмосферага жетелеңиз. Сабак бүткөн соң өзү каалаган кийимин кийүүгө уруксат берсеңиз болот.

4. ҮЙДӨ ТЫНЧТЫКТЫ КАМСЫЗДАҢЫЗ.
Бала окуп жаткан учурда башка бөлмөдө жүрсөңүз да катуу сүйлөбөй, кыйкырбай, урушпай, кичинекей балдарыңызды ыйлатпай, тынчтыкты сактоого аракет кылыңыз.

5. ОНЛАЙН-ЭТИКЕТТИ ҮЙРӨТҮҢҮЗ.
Окуучу онлайнда мугалим жана классташтары менен кантип байланышууну, аларга кандай сүйлөөнү билиши шарт. Атайын түзүлгөн группага сабакка тиешелүү эмес нерселерди жөнөтүүдөн алыс болушун эскертиңиз. Ошондой эле алаксыбаш үчүн достор, туугандар үчүн ачылган группаларды жаап коюусун, керексиз сайттарды ачпоосун талап кылыңыз.

6. ЭС АЛДЫРЫҢЫЗ.
Ар бир сабак ортосунда 5-10 мүнөттүк танапис болот. Бул учурда сүзсүз баланы үстөлдөн тургузуп, көңүлүн башка нерсеге бурдуруу керек же таза абага басып келүүгө уруксат берүү, дене бойду жана көздү эс алдыруучу көнүгүүлөрдү жасатуу зарыл. Бул ыкма баланын чарчап жана тажап кетишинин алдын алат.

7. КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫҢЫЗ.
“Балам үйдөн билим алат, демек, мен окутушум керек” деп биротоло “мугалим” болуп алуудан алыс болуңуз. Сабакты мугалимдер өтөт, тапшырмалар берилет, суроолорго жооптор алынат. Сизден болгону баланы көзөмөлгө алуу, түшүнбөгөн нерсесин акырын, жай гана түшүндүрүп берүү, үй тапшырмаларын аткарууга жардам берүү керектелет. Түшүндүрүү учурунда “билбейсиң, мээң иштебейт” деп кемсинтүү, урушуу такыр жарабайт. Урушуу, кемсинтүү баланы кайра мокоторун эске алыңыз. Жардам берет десе эле үй тапшырмасын толук аткарып берүү да туура эмес. Аны өз алдынча аткарууга үйрөтүү шарт. Ата-эне катачылыктардын үстүнөн иштөөгө аралашса болот. Мындан сырткары аралыктан окутууда танапис учурунда, же болбосо 30-40 мүнөт сайын бала окуп жаткан бөлмөгө акырын кирип, эмне кылып жаткандыгынан кабар алуу ашыкча болбойт. Балким, мугалим берген тапшырманы интернеттен таап көчүрүп жаткандыр. Балким, окуп жатат деп ойлогон балаңыз компьютердик оюн ачып алып ойноп жаткандыр же чат аркылуу кимдир бирөөлөр менен сүйлөшүп отургандыр. Эгер мындай жоругун байкасаңыз, оюн, ушак убактылуу нерсе экенин, окуу, билим өзүнө керектигин, келечекте аны менен нан таап жээрин түшүндүрүңүз.

8. СУУ, ШАМ-ШУМ ДАЯРДАП КОЮҢУЗ.
Албетте, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү үчүн тамак даярдайсыз. Анын жыты окуучу баланын мурдун өрдөп кетери турган иш. “Курсагым ачып кетти” деп бала ашканага чуркап келбеши үчүн анын бөлмөсүнүн эшигин жыт кирбегидей, казан-аяктын дабышы угулбагыдай кылып бекем жаап коюңуз. Танапис учурунда ашканага шам-шум эткенге бутерброд, витаминдүү чай, лимонад, смузи же шартка жараша балаңыздын жакшы көргөн тамагын даярдап койсоңуз, балаңызды сүйүнтөсүз жана ден соолугуна кам көргөн болосуз. Сизден талап – сабак өтүп жаткан учурда тамактанууга жол бербеңиз.

9. БАЛА БАШКА НЕРСЕГЕ АЛАКСЫБАШЫ КЕРЕК.
Айрым балдар окуу бөлмөсүнө мышыгын же жакшы көргөн оюнчугун байкатпай алып кирип алган учурлар болот. Буга жол бербеңиз. Алар баланы алаксытары турган иш.

10. БАЙЛАНЫШТЫ ҮЗБӨҢҮЗ.
Мектеп билим алуучу гана эмес, баланын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө, байланыш түзүүгө таасирин тийгизген мекеме. Андыктан сабактан кийин же сабакка чейин балаңыздын классташтары жана достору менен телефондон видео байланыш аркылуу сүйлөшүүсүнө, баарлашуусуна уруксат бериңиз. Ал эми класс жетекчи, предметтик мугалимдер менен байланышты үзбөй, баланын сабакка жетишүүсүн көзөмөлдөп турууну унутпаңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
nargiz-sa
2020-04-15 13:00:44
Ой ииий ушул шарт болгону 10-15 % гана уй булоодо болсо кк. Компьютер жб кээ бир уй булоо бир комната кв жашашат
+4
aizirek...
2020-04-16 08:19:24
эшикке таза аба жутуп кел деп чыгарган бойдон таппайсын да баланы. Ойногон бойдон жоголот го.
0
sirenaaaaa
2020-04-19 10:19:11
Ой бул эже крутойлорго ылайыктап кенеш берген го
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан