«ТҮБҮҢӨ МЕН ЖЕТТИМБИ?»

Дал ушул күндөрү өткөн өмүрүм көз алдыма шурудай тизилип жаткан учур. Ичимдеги буркан-шаркан түшүп кайнап жаткан ич күптүмдү бир жолу төгүп сала алсам кана?! 16 жылдан бери жашоонун маңызын сезбей, бир үйдүн жүгүн көтөрүп жашап келе жатам. Мектепти аяктаганда Бишкекке барып иштейсиң деп ата-энем Оштон узатып жиберишти. Атамдын карындашы өзү иштеген тигүү цехине алып барып үйрөтүп, ошол жакта иштеп, айылга акча салып жүрдүм. Кийинки жылы жайында чогуу иштеген кыздар «Ысык-Көлгө барабыз» деп калышты. Мен Көлдү алгачкы жолу ошондо көрдүм. Көпчүлүктөн уялып сууга түшпөй жээкте отургам. Жаныма бир жигит келип отурду.

– Көлгө суктанып отурасызбы?- деди. Андан корунуп үн каткан жокмун. Өжөр экен, унчукпасам да ар нерсени айтып берип, мени сүйлөтүп алды. Көлдө жүргөн 3 күн бизди жакындатып койду.

– Бишкектен жолугуп туралы, дарегиңди бер, сени жоготуп албайын.

– Өзүңүз жоголуп кетпеңиз,- деп тамашалай дарегимди айттым. Ошентип Бишкектен жолугушуп жүрдүк. Ал жигиттин Нарындан экенин укканда атам менен апамдан коркуп «болду, сүйлөшпөйм» дедим. Анткен менен жүрөк кургур ага жол бербеди. Жыл айланган соң атамдар «сени күйөөгө беребиз» деп айылга чакырышты. Чый-пыйым чыга Маратка айтсам, "өзүм эле алып кетем" деп февраль айында Нарынга алып жөнөдү. Ата-энем эмне десе да ушул мырзага турмушка чыгам дедим. Бирок ичимде Мараттын жакындарынан чочулап жаттым. "Жакын эле жерден албайсыңбы" деп мени кабыл албай коюшабы дедим. Бирок андай болгон жок. Аябай жакшы кабыл алышты. Тыпырап даярданып, Ошко ачуу басарга жөнөп кетишти. Менин катым эч нерсени чечпесин билсем да, кат жазып бердим. Атамдар киргизбей коёт го деп сарсанаа болуп жаттым. Оштон келишкен соң «менин чечимимди эп көрүшүптүр» деп жүрөгүм ылдыйлай түшкөн. Үйдүн тун келини болгонгобу же билбейм, кайненем баш болуп баары мени бөпөлөп эле жатышты. Марат менен болгону 9 ай жашадым. Бул убакыт жашоомдун эң даамдуу, эң кооз, көрктүү бөлүгү болду. Көрсө, ачуу басарды тосуп коюшканы менен, атамдардын планы башка экен. Бишкектеги эжем апамдын катуу ооруп жатканын айтып мени Ошко салып жиберди. Санааркап айылга барсам апам дени сак, сонун эле жүрүптүр. Мени таламайга алышты баарылап:

– Аркалыкка эрге тийип кыйраттым деп жатасыңбы? Бул жакта сүйлөшүп чечишип койсок, бетимди жер каратып, ата-тегим катташпаган Нарынга жөнөп бергениң кандай? Эми кайра кетем десең топурагымды түйүп берем. Аталыктан кечем. Атамдын айтканынан чыкпаган апам да мени кемирип, жеп жатты. Кийинки аптада кудалашып койгондорун чакырып, мени салып беришти. Кыркка таяп калган адамга мени байлап берип ата-энем эмне утуш тапканын али күнчө түшүнбөйм. Ата-энем дүйнөдөн кайтып кетишкени менен, аларга болгон таарынычым азыр да боюма батпай кетет.

Бир ирет Марат мени издеп үйгө келиптир:

– Сен кандай немесиң, күйөөсү бар аялды аялдыкка алып алган, көзүмө көрүнбөй жогол, ит! Ал акмак мурун күйөөгө тийген болчу. Иштегени кетип, сага тийип алыптыр.

– Жок, мен аны менен жолугушум керек,- деп көшөргөндө балдарга аябай сабатып жолуна салыптыр. Жашоомду жайына коюшса эмне?! Ошко келгенде боюмда бар экенин билдим. Эне байкуш түтпөйт экен. Аны билгенде мени качырмай болду. Эптеп эле Бишкекке жетсем деп качкан аракетим ишке ашпай калды. Атам апамды аябай сабап, таап кел деп жибериптир. Акыры өзүмдү курман кылдым. Апам ыйлабасын, атам көздөгөнүнө мени берип ыраазы болсун дедим. Баарына көнүп ичимдеги наристени эш тутуп, ушуну сактайын деп эле жашап жаттым. Анын үстүнө катуу кыйналып ооруканага түшүп калдым. Дарыгердин "дагы бир кыйналсаң баланы сактай албайсың, этият бол" дегени кулагыма сыргадай эле тагылды. Кандай болбосун ушул баланы жарыкка алып келем деп белсенип, күйөөмдүн да тилин табайын деп жаттым. Жапжаш мени турмушунан сууруп келип аялдыкка алып алганына манчыркап, күйөөм киши катары деле көргөн жок. Аны жек көрүп турсам да акыры моюн сундум. Бирок ичимде баары бир кетем деген ой дайыма ойноп турчу.

Мен күткөн күн келип, Маратка куюп койгондой окшош кыздуу болдум, атын Нарындагы кайненемдин атынан Гүлжан койдум. Мараттын кызы болгону менен, экинчи күйөөмдүн фамилиясына жазылды. Ал да кызымды аябай жакшы көрүп, карап жатты. Атамдын ыраазычылыгы, апамдын көңүлү тынч болсун деп жатып, жашоого деле ыктап көнүп калдым. Бишкектеги эжемдин кызы Ошко келгенде Мараттын үйлөнгөнүн айтты. Жалгыз үмүтүм болгон адам үйлөнүп алганда кетем дегенимден кайттым. Ошентип 3 уулдуү болдук. Бирок бала деп жашаганым менен, Маратка болгон сүйүү, атамдын кылганы, күйөөмдүн мамилеси мени жөн гана балдар үчүн басып жүргөн сөлөкөткө айлантты.

Жакында Бишкекте тигүүчү болуп чогуу иштеген кызга интернет аркылуу байланышып калдым. Ал "Марат сени сурап келип жүрчү, кийин ичип кеткен. Жакындары канча аракет кылып үйлөндүрө албай коюшту. Бир жыл болду, каза болуп калды. Апасы, атасы да өтүп кетишти" дегенде көзүм караңгылап кетти. Сүйүү канча болбосун жашайт экен. Байкушум, мен деп жүрүп жашоосун талкалаптыр. Кандай сонун адам эле. Өкүнгөнүм, жок дегенде миң аял алды дешсе да бир эбин таап кызы бар экенин айтып койбой, аттиң! Бир көргөндө өз кызы экенин таанымак. Керек болсо моюнундагы калынан бери окшош. Балким, ичпей калмак. Балким, биз бирге болмокпуз. Баштагы сонун күндөрдүн өмүрү узун болмок. Мына эми кимди күнөөлөөрүмдү билбей түнөрүп отурам. Адам жумшагын адам жейт деген чын белем?..

Медина

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
rtuiop
2020-04-15 22:56:30
Жакамды кармагандан башка эч нерсе кыла албадым кантип болсун ушундай? Кантип? Кайсыл заманда жашап жатабыз? Биринчи жолдошу талак бербесе кайдан отот нике? Калган балдары арам торолдубу?
+10
Baktyluumun98
2020-04-16 01:38:04
Ушунчалык дагы чечкинсиз болобу? Жон эле жомок го. Автор бизге жомок айтып койду окшойт.
+8
kabylan.dili
2020-04-16 05:44:47
Админ периштенин коз жашы менен бычак мизиндеги жашоо эмнеге чыкпады
+6
admin_portal
2020-04-16 14:49:24
Beka0007
2020-04-16 06:03:07
Ошол үчүн өнүкпөйбүзда түндүк-түштүк, аркалык деп бөлүнгөнүбүз үчүн эле.
+6
tynar92kg
2020-04-16 09:09:16
Админ периштенин коз жашы менен бычак мизиндеги жашоо эмнеге чыкпады
+5
admin_portal
2020-04-16 14:49:16
gunu
2020-04-16 09:58:11
Урматуу админ периштенин коз жашы кайсы жерден окуйбуз
+2
admin_portal
2020-04-16 14:49:09
munira-tilen
2020-04-16 17:52:47
admin_portal, периштенин коз жашы жокко
0
admin_portal
2020-04-16 18:11:09
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-16 14:38:13
Нервим кашайып кетти!
+2
rtuiop
2020-04-16 21:01:52
Baktyluu_bolgum_kelet,сизде нерв барбы дагы деле? Бизде кавай кааган
+1
KaGaH
2020-04-17 14:53:24
Мени кечирип кой,көк мее экенсиң,ушул кантип болсун күйөөсү туруп башкага тийип кеткен,мен мындай нерсеге таң калбайм,анткени тааныш байкенин аялы да ушинтип тийип кеткен,Москвадан үйүмө барып келейин деп кетип,талагын да бере элек
+1
Nuri1988Elim2010
2020-04-17 20:03:12
Ээх
-1
taalay25
2020-04-19 11:33:40
Кайдагы жомокту ойлоп жаза бербегилечи! Жок эле нерсени токубай. Туштукто ооба «аркылыка кыз бербейбиз» дейт туура. Бирок никедеги кызын куйоосунон талак алмайынча башка куйоого бербейт, берген да эмес! Нервке тийип кайдагы нерселерди токуй бербегилечи,
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан