АПАМДЫН КӨК ЧАБАТЫСЫ

Бишкекке карантин, коменданттык саат деген нерсе киргенден бери бир айга чукул убакыт өттү. Бийиктен, терезеден сыртка көз тигип, жашылдан көйнөк кийип, тазарып, улам өзгөрүп бараткан теребелди карап коюп отурмай. Жолду туурасынан ээлеген блокпосттор, аны кайтарган милиция кызматкерлери, машинелери, алардын кечки саат 8ге чукул үн күчөткүч менен «үйгө киргиле, үйдө отургула» деген эскертүүлөрү... Көп жылдан бери минтип эс алып көрбөгөн экенмин. Уктамай, тамактанмай, китеп окумай, кино көрмөй... Тамак демекчи, сырттагы жашыл шиберди көрүп улам элеси тээ айылда калган апамды эстейм, анын бырыш басып, мээнет басып, тарамышы көрүнгөн арык колдору, мээримдүү колдору, жыл сайын жазында жасап берчү көк чабатысы...
Бишкектен бир топ алыс, так чек арада жайгашкан биздин айылга жаз эрте келет. Февралда кадимкидей жер көөп, арык жээктеринен кылтыя чөптөр башын созуп, айылды көктөмдөгү жердин жагымдуу жыты курчайт. Анан... Ээ-жаа бербей, көчө белди бүт баткакка айланткан жамгырлар башталат. Талааларга, үйдүн короолоруна толтура көк чөптөр чыгат. Билегине чака кыстарып, колуна бычак кармаган бала-чака, кыз-келиндердин чөп терип талаада, огороддордо жүргөнү ушул маалдагы кадимки көрүнүш. Арык жээктеринде эми эки-үч жалбырак болуп баш алган жалбыздар, чалкан, шоро, беде, аткулак, жагжак (адабий тилде ушул чөптүн кандай аталарын билбейт экенмин, кадимки руккола жалбырактарына окшош чөп), көк пияз, жусай, айтор, түрлөрү толтура. Ошонун баарын терип келип, жууп-тазалап, пияз, калемпирин келиштире кошуп туруп апам казанга көк чабаты жасайт. Быжыраган көп уул-кызы бар апамдын чабатысы чоң себетке толтура жасалат. Анын биринчи «толкунун» атам менен кошо тегеректеп карап отуруп ошол очоктун боюнан эле тынчытабыз. Анан экинчи казан, үчүнчүсү, төртүнчүсү бышат. Жанагы чыбыктан согулган себет толуп чыгат. Огороддун бир капталынан бир, короо жактан экинчиси болуп апамдын «подружкалары» жылып-жылып келе башташат. Бир азда үй бака-шака күлкүгө толуп чыгат. Дасторкондо жаңы тартылган каймак, анан көк чабаты.
Атам менен апамдын бизди таштап кеткенине көп жыл болду. Ал кездеги апарык, ыйлаак, эрке секелек кыз мен өзүм азыр ошентип балдарды багып, бир үй-бүлөнү мээримине бөлөчү курактамын. Бирок дале түшүмө ошол оюн менен китептен башканы ойлобогон, апасынын көк чабатысын жакшы көргөн секелек кыз кирет. Бүгүн да ушундай түш менен ойгондум. Атам менен апамды түшүмдө көрсөм кадимкидей сооронуп, сагынычым тарап, көңүлүм жай алып калат. Балага ата болуу, эне болуу ушунчалык бир сөз менен айтып түшүндүрө алгыс нерсе өңдүү. Болбосо бул дүйнөдөн кеткен адамдардын нечен жылдардан кийин да балдарынын түшүнө кирип, ыйлаганын сооротуп, алсыраганына дем берип жатышканын кантип түшүнсө болот?
Апамды сагындым. Каратору, сулуу, арыкчырай, дайыма шайыр, эч бир кыйынчылыкка чөкпөгөн, кичинекей тулкусунда толтура кайраты бар апамды сагындым.
Атамды сагындым. Көкүрөгү көктү тиреген, бойлуу, кең далылуу, сүрдүү, жакпай калган кишисин бир сөз менен «тынчытып» койчу, комуз менен сонун ырдачу атамды сагындым.
Балдар ата-энени тандабайт дейбиз. Африканын бир суу жетпеген чаңдуу, чөлдүү аймагында туулуп, күнгө куурулуп жүрүшүм деле мүмкүн болчу да?
Силердей ата-эненин чүрпөсү экениме ыраазымын.
Жаратканым силерге бейишин берсин.

Бермет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Samarish1216
2020-04-17 12:03:33
Кандай сонун! Кок чабатынын рецептин жаза кетсениз андан да сонун болмок экен
0
Shahrizaada
2020-04-17 21:06:58
Samarish1216, кок чопторду пиязга кошуп кууруп алып, камырды кадимкидей жайып, торт чарчы кылып кыркып, даяр болгон фарштарды салат. Анан казанга кактап бышырат. Айтмакчы кок чопту кууруган сон суусун сыгып алат.
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан