«ГОБЛИНДИН АЯЛЫ» АТЫККАН КИМ ГО ЫН

Корей кино сүйүүчүсү болсоңуз, «Падыша: Түбөлүк монарх» сериалын чыдамсыздык менен күтүп жатсаңыз керек. Ооба, бул дораманын чыгышын миллиондогон күйөрмандар кызыгып күтүп жатышат. Биринчиден, кызыктуу сюжет. Экинчиден, тасмада атактуу актёр Ли Мин Хо баш каармандын ролунда. Бул анын аскер кызматын өтөп келгенден кийин биринчи тартылып жаткан сериалы. Бирок бул тасма тууралуу кийинчерээк сөз кылабыз. Бүгүн окурмандарга «Падыша: Түбөлүк монархта» Ли Мин Хонун сүйүктүүсүнүн ролун аткарган атактуу актриса Ким Го Ын тууралуу кенен маалымат беребиз.

Аты-жөнү – Ким Го Ын

Туулган жери – Түштүк Корея, Сеул шаары

Туулган жылы – 1991-жыл, 2-июль

Бою – 167 сантиметр

Билими – Корей улуттук искусство университетинен билим алган

Лейбл – BH Entertainment

Тартылган атактуу тасма, сериалдары – «Монстр», «Капкандагы сыр», «Гоблин» жана башка

ДЕБЮТТУК РОЛУ МЕНЕН «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АКТРИСАСЫ» НААМЫН ЖЕҢИП АЛГАН

Ким Го Ын Кореядагы «шаблонго» түшүп калган бири-бирине окшош сулуулардын катарына кирбейт. Тасмаларга да жөнү жок тартыла бербейт. Анын ысымын укканда «аа, баягы тармал чач кыздын ролун аткарган актрисабы?» же «Гоблиндин аялыбы?» деп актрисанын келбетин да, аткарган ролун да дароо элестетишет. Ким Го Ын тасма талаасында эң алгачкы дебюттук ролу менен эле «Жылдын мыкты актрисасы» наамын жеңип алган. 17 жаштагы окуучу кыздын ролун аткарган «Муза» тасмасы 2012-жылы жарыкка чыгат. Тасмада жаш кыз эки эркектин музасына айланат. Буга чейин бир да тасма же сериал, керекпи, театрда да өзүн сынап көрө элек жаш актриса үчүн бул роль чоң сыноо болгон. «Буга чейин мектептеги кайсы бир иш-чараларда сахнага чыкканым болбосо, камера деген эмне экенин билчү эмесмин. «Музанын» режиссёру Юнг Жи Ву менен досторум тааныштырган. Ал тасмага тартылуу тууралуу сунуш айтканда менде эч кандай даярдык жок болчу. Сунуш айтылары менен мени видеопробага алып кетишти. Ал учурда туманда жүргөндөй эле болдум»,- деп эскерет Го Ын. Туманда жүргөн кыз камера алдында алгач тартынып, уялганы менен, бат эле образга кирип, күтүлгөндөн да жогорку чеберчиликте каармандын образын ачып берген.

ӨЗГӨЧӨ ГО ЫН...

Карьерасынын алгачкы тепкичинде эле ийгиликке жетишкен Го Ын ким эле, кантип актриса болуп калды? Ким Го Ын кичинесинен мендей, сиздей болуп эле телевизордун алдында «шилекейи агып» мультфильм көрүп отурган кыз эле. Чоңойгон сайын аны мультфильм, кинолордогу кайсы бир персонаж эмес, ошол тасманын кантип тартылышы кызыктыра баштаган. Сценарист же режиссёр болууга кызыккан ал Корей улуттук искусство университетинин кино бөлүмүнө тапшырат. Студенттик күндөрүндө гана актрисалык кесипке болгон арзуусу ойгонуп, бүгүнкү күндө ал атактуу актриса боло алды. Башка актрисалардан эмнеси менен айырмаланат? Го Ын менен иштешкен режиссёрлордун көбү анын дүйнө таанымы өзгөчө экенин айтышат. 4 жашында ата-энеси менен Кытайга кетип, мекенине кайра 10 жылдан кийин кайткан болочок актриса эки элдин маданияты, каада-салты менен жакшы тааныш болгон. Анын өзгөчөлүгүнүн бир себеби ушундадыр.

ТАСМАЛАРГА АЗ ЖАНА САЗ ТАРТЫЛАТ

Ким Го Ын тасмаларга аз жана саз тартылган актрисалардын катарына кирет. Актрисалык карьерасында тартылган сериал, тасмаларынын жалпы саны 20га жетпегени менен, ал тартылган көпчүлүк тасмалар жогорку рейтингди багындырып, актрисага да бир катар наамдарды алып келген. «Муза» тасмасына тартылгандан кийин ага туш тараптан сунуштар жамгырдай жаайт. Башка адам болсо популярдуулугу артып турганда биринин-артынан экинчи тасмага тартылмак, убакыттан пайдаланмак. Бирок Го Ын актёрдук чеберчилигин өнүктүрүшү керек экенин түшүнүп, карьерасын жыйыштырып коюп, баш-оту менен окууга көңүлүн бурган.

Актриса тасмалардын сценарийине абдан маани берери айтылат. Анын кийинки ролу да көмүскөдө калып калбай, көпчүлүктүн мактоосуна арзыган. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү болсо да сиңдисин өлтүргөн адамдан өч алууну көздөгөн аялдын ролун аткарган актриса 2014-жылы «Монстр» триллери менен тасма талаасына кайтат. Ким Го Ын тартылган «Кытай кварталы», «Музыкалык альбом», «Менин шаарымдагы күндүн батышы» фильмдерин кино плейлистине кошуп алгандар көп. Баса, актриса «Менин шаарымдагы күндүн батышы» тасмасындагы ролу үчүн режиссёрдун талабы менен 8 килограмм салмак кошкон.

«КИМ ГО ЫН РОМАНТИКАЛЫК РОЛДОРДУ ОЙНОЙ АЛБАЙТ»

Мен өзүм Ким Го Ын тууралуу 2016-жылы билгем. Тагыраак айтканда, «Капкандагы сыр» дорамасынан улам актрисага кызыгуу ойгонгон. Бул дорама актриса тартылган алгачкы сериал. Эгер аталган сериалды көрө электер болсо, сунуштайм, кызыктуу сюжет, кызыктуу каармандар камтылган. Комикстин негизинде тартылган сериалда Ким Го Ын башкы каармандын ролуна бекитилгенин уккан айрымдар нааразы болушкан. «Сериалга бир дагы жолу тартыла элек актриса кантип жеткиликтүү ойносун?», «Пак Хэ Жин экөөнүн ортосунда химия байкалбай калат», «Го Ын романтикалык ролдорду ойной албайт» деген пикирлер айтылган. Бирок алгачкы сериялар экранга чыкканда эле, тескерисинче, актрисанын чеберчилигин жогору баалагандар көбөйүп, акырында кино сынчылар сериалга да, актрисага да жогорку баа беришкен. Химия байкалбай калат деген дорамадагы өнөктөшү Пак Хэ Жин экөөнү кыз-жигит дегендер четтен чыккан.

КАННЫН ШААРЫН ТУРИСТТИК АЙМАККА АЙЛАНТЫШКАН

«Сериалдарга тартыла албайт» деген сындын таш-талканын чыгарып, актриса «Гоблин» («Токкэби») дорамасына тартылган. Байкасаңыз, бул дорама азыркы күнгө чейин жогорку рейтингден түшпөй келет. Дорама тартылган Каннын шаарына туристтер агылып, баш каармандар баскан деңиз жээги, кафе-ресторандар, гүл саткан жерлер, шар саткан жерлер, айтор, экранда көрсөтүлгөн аянтчалардын баары туристтик аймакка айланган. «Мен мурунтан эле актёр Гон Юнун күйөрманы болчумун. «Гоблинде» ал менин өнөктөшүм болорун укканда бир чети толкундандым, сүйүндүм. Бирок анын ишеничин актай албай калсамчы деп санааркап да жаттым. Тартуу учурунда Гон Ю мага жаңы мектеп, мыкты мугалим, дос болуп калды. Абдан кубанычтамын» дейт Ким Го Ын. Аталган дорамадан кийин актрисаны көп убакытка чейин «Гоблиндин аялы» деп жүрүшкөн. Бул да болсо анын сериалдагы эсте каларлык оюнунан кабар берсе керек.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ

Актриса жеке жашоосун жарыялаганды жактыра бербейт. Ошентсе да анын өзүнөн 17 жаш улуу актёр Шин Ха Гюн менен кыз-жигит мамиледе болгону белгилүү. 8 ай мамиле куруп, кийин «тыгыз иш графигинен улам сүйлөшпөй калышты» деген атактуулардын эки жолго түшүүсүнө «Гоблин» сериалындагы актёр Гон Юну себеп кылгандар чыккан. Калп-чыны белгисиз болгон маалыматка бир чети ишенгиң келет, анткени сериалда Гон Ю менен Ким Го Ын бири-бирине төп келген түгөйлөр эмеспи.

Учурда актрисанын дагы бир эмгегин чыдамсыздык менен күтүп жатам, сиз да мага кошулсаңыз керек. Жогоруда айтылгандай, «Падыша: Түбөлүк монарх» сериалы 17-апрелде экранга чыгары айтылууда. Го Ын менен Ли Мин Хо бири-бирине жарашабы? Экөөнүн ортосунда «химия» жаралабы? Аны жакынкы күндөрү биле алабыз.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан