Бала – бакыт... Өзүң төрөйсүңбү, же башка баланы багып аласыңбы, айырмасы жок. Ал сени «апалап» турса, бул чоң бакыт. Билесиңерби, мен ушул бакытты сезбей канча жылымды бекер коротконумду? Болгондо да андан айрылганда түшүнүп, бармагымды тиштеп отурам. Сиздерге түшүнүктүү болушу үчүн башынан баяндап берейин.
Турмушка кеч чыктым, чыкканда да мурда үйлөнүп, аялы каза болуп калган, эки балалуу кишиге аял болдум. Жаштыгымды, убактымды иштеп ата-энемди багам деп өткөрүп жибериптирмин. Сөз айттырган жигиттерге деле карачу эмесмин, анткени мен иштебей калсам чын эле ата-энем, бир тууган иним ачка кала турган абалда жашачубуз. Иним кичинекей, мектепте окуйт. Мен мектепти бүтүп-бүтпөй иштеп баштагам. Көр тирилик деп акчанын артынан жүрүп, бир күнү азыркы жолдошумдан сунуш түшкөндө ойгондум. Чын эле мен теңдүү бойдок эркек айланамда калбай калыптыр. Ошентип, ага эч кандай сүйүүсү жок эле турмушка чыктым. Бирок жолдошум камкор күйөө болуп чыкты. Байкуш, балдарыма жакшы эне болсун, өгөйлүк кылбасын десе керек.
Мен ошол үйгө жаңы барган күн. Эки бала улам келип көшөгөнү ачып мени карап кетишип, ары жактан башка балдарга мактанып жатканы угулуп жатты.
– Эми биздин да апабыз бай. Ал азый көшөгөдө отуйат,- деп жатты тили жакшы чыга элек чүрпө.
Ичиркене түштүм, мен бул үйгө келип-келбей жатып булардын мени апа кыла калганын кара. Келген-кеткен азайып, өзүбүз калганда жолдошум кызы менен баласын алып келип тааныштырды.
– Мээрим, булар эми биздин балдарыбыз, таанышып ал, Бакыт 7 жашта, Айгүл 5 жашта.
Эмне дейт экен дегенсип экөөнүн тең бакырайган көздөрү жал-жал мени тиктейт. Мен же жылмаярымды, же ыйлаарымды билбей, сөз таппай мостоюп туруп бердим. Ошондо эки наристенин көзүн жалдыратып неге боорума кыспадым экен? Жок дегенде башынан сылап койсом эмне? Балким, ошондо алаканыма өткөн жылуулук жүрөгүмдү жибитер беле?..
Жаңы турмушум ушинтип башталды. Кайненем эки небересинин кир-когун өзү жууй салып, жүгүн мага түшүргөн жок. Жолдошум да менин балдарга боор беришимди күтүп, унчукпады. Бирок мен такыр жибибей койдум. Өзүң эне болбой туруп, даяр балдарга эне болуш, аларды балдарым деп кабыл алыш кыйын экен. Балким, өзүм төрөсөм жүрөгүм жибийт беле деп да ойлоп кетем. Кашайып боюмда болбой койду, барбаган, көрүнбөгөн жерим калбады. А тиги эки наристенин «апалап» сүйлөгөнү кыжырымды келтирет. Эч ким жокто аларды какыс-кукус да кылып койчу адат таптым. Алардын эч бир оюн-зоогуна, майрамына катышкан жокмун. Убакыт өтө берди, балдар чоңоюп жатты. А мен мээримдүү эмес, мерез болуп кала бердим. Ошондой күндөрдүн биринде жолдошум апасын алып алыскы туугандардыкына кетти. Мына ушул күндөр мен үчүн эң чоң сыноо болгон экен.
Адаттагыдай үйдөгү иштер менен алек болуп отургам. Балдар мектепте эле.
– Апаа-а, апа-аа...
– Эмне-е? Ой, эмне болду?
– Апа, мен «5» алдым...- деди күйүгө чуркап келген Айгүл.
– Ырас болуптур! Ошого да ошончо кыйкырасыңбы? Бар, чечин да, эшикти шыпыр.
Адатта жакшы баа алып келсе, атасы менен чоң энеси абдан мактап, колуна момпосуй кармата турган. Колундагы кымбат буюмун алдырып жибергенсип сумсайып туруп калды кыз. Артынан Бакыт кирип, бизди карап турган экен. Анын ошондогу көзүндөгү жек көрүүсү...
– Бас, тамак ичип ал биринчи,- деп карындашын жетелеп жөнөдү.
– Тамакты анан деле ичесиңер, апаңардын тапшырмасын аткаргыла биринчи!
– Сен мага апа эмессиң мындан ары!
Бакыттын каяшасына жиним келе түштү. Буга чейин канча жумшап, какыс-кукус кылсам да унчукпаган Бакыт ошол күнү биринчи жолу сөз кайрыды. Ошол күндөн кийин менин чоң душманыма айланды, апа дебей да калды. Карындашын коргойм деп канча менин токмогумду жеди, болбой эле мага орой сүйлөйт. Аны угуп калып атасы да уруша баштады. Өткөөл куракка келгенде мурдагыдан да күчөп, үйгө 2-3 күндөп келбей да коё турган адат тапты. Андай күндөрдө кайненем менен карындашында уйку жок. А мага баары бир эле. Мектептеги бүтүрүү кечесинен Бакыт аябай мас болуп келди. Кечки тамакты ичип отурганбыз.
– Ии, мына балаңар чоңоюптур,- дедим какшыктай.
– Ок, кантет? Бешиктен бели чыкпай жатып ушунча ичкени эмнеси?
– Эне, мени кечирип коюңузчу, мен сизди аябай жакшы көрөм...
– Эн-неңди... Жогол көзүмө көрүнбөй!- деди атасы кыжына.
– Ха! Энеңди дейт. Кайсы энемди сөгүп жатасыз? Мына бул эне сөрөйдүбү?- мени колу менен кезеп көрсөттү.
– Кара тигини, тарбиясы жок десе!- дедим мен ызам келип.
– Кайсы тарбия, сен берген тарбиябы? Жек көрүп, уруп, тамак бербей...
Мына ошол күнү бетим ачылды. Ошондо жолдошумдун камкордугунан ажырадым.
– Алдыңда турган баланы башынан сылай албасаң, сага кайдан бала берет Кудай?..- деди да, ары карап жатып алды. Ошентип ортобуздагы мамиле муздады. Ал кезде шаардан жер алып, үй сала баштаган элек. Кайненем балдар окууга тапшырса жанында бололу деп алдырткан. Бирок Бакыт окууга тапшырган жок, иштеди. Ошол үйдү салып, ичин жасады. Колунун гүлүн айтпа, азыркыга чейин кирген адам жасалгасына суктанып бүтпөйт. Анан ал үйгө да көчүп бардык. Биз көчүп барганда Бакыт чет жакка иштегени кетип калды. Кетип жатып, өмүрү жакындабаган ал мени бекем кучактады. «Жакшы калыңыз, апа, Айгүлдү, кызыңызды жакшы караңыз» деп кетти. Ошондо мени менен коштошкон тура, берекем... Бир ай өтпөй ал жактан өлүгү келди. Машина уруп кетип, моргдо таанылбай 5-6 күн жатып калыптыр. Интернет аркылуу паспортун таратышып, анан табылып жатпайбы.
– Катыгүн, ай, кандай зыңкыйган жигит эле!
– Ошону айтсаң. Ал жакка эмнеге барды эле? Таанылбай жатып калганын карасаң... Издеген кишиси жок да, ка-ап...
– Өз энеси болсо да улам чалып ал-жайын сурап турат эле...
Ушул сөздүн баары жүрөгүмдү тилип өтүп жатты. Кайнежелерим «сенин балаң, ыйлап отур» деп колума кошок жазылган кагаз карматып отургузуп коюшту. Бирок мен ушул күнү энелик сезимге ээ болдум. Качан баламдын сөөгүн алып жөнөгөндө эмчегим зырп этти.
– Бакыт!- деп бир кыйкырганымды билем. Эсиме келсем, ооруканада экенмин. Канча жылдар бою жибибеген жүрөгүмдү Бакытымдын өлүмү жибитти. Ушул керек беле?.. Баркына жетпеген балдарым, пайдасыз өткөргөн жылдарым... Уулум, акыркы керээзиңди аткарам, сөз берем! Айгүлгө жакшы апа болом, өз колум менен сеп жасап турмушка узатам. Билесиңби, балам, жакында кош бойлуу экенимди билдим. Мына, кырктан ашып калганда кош бойлуу болуптурмун. Аман-эсен көз жарсам, атын сенин атыңдан коём, жакшы апа болом. Кечир мени, уулум!
Апаң