Мындан бир жыл мурда гольф чебери Тайгер Вудс жубайы Элин менен бактылуу, таттуу түгөйлөрдүн бири деп эсептелчү. Вудс – дүйнөнүн эң бай жана эң ийгиликтүү спортчуларынын бири. Элин – келишкен модель, 2 баланын бактылуу энеси. Бирок былтыр күзүндө Вудс менен Нордегрендин никеси идеалдан алыс экендиги билине баштады.
Арадан 4 ай өткөндөн кийин элде “экөө мамилелерин сактап кала алышабы?” деген суроо жаралып, жайында акыры ажырашып тынышты. Албетте, жогорудагы окуялардын баары чатактар менен коштолуп, басылмалар дыкат көңүл буруп турушту.
ВУДС ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА
ЭЛДРИК ТОНТ ВУДС
Туулган жери – Сайпресс шаары, Калифорния штаты
Туулган жылы – 30-декабрь, 1975-жыл
Бою – 185 сантиметр, салмагы – 84 килограмм
Лакап аты – Жолборс
Гольф боюнча 3 жолку АКШ (2000, 2002, 2008) жана Улуу Британиянын (2000, 2005, 2006) ачык чемпиондугунун чемпиону, Мастерс сериясындагы мелдештердин 4 жолку жеңүүчүсү, “Жылдын спортчусу” (2000, 2001) наамынын 2 жолку ээси.
БААРЫН ТҮП ТАМЫРЫНАН ӨЗГӨРТКӨН АВТОКЫРСЫК
Эсиңиздерге салсак, баары былтыр, ноябрдагы автокырсыктан башталган. Ошондо Вудс Орландодо, үйүнөн алыс эмес жерде бакты сүзүп алат. Бактыга жараша, эч кандай жаракатка кабылган эмес. Кырсыктын эртеси Тайгер маалымат жыйынын уюштуруп, кырсыкка жеке жашоосундагы айрым окуялар таасир тийгизгендигин моюнга алган. Албетте, мындай билдирүү ЖМКлардын көңүл жаздымында калбай, бул боюнча иликтөөлөр башталат. Натыйжада, автокырсыкка Вудс жубайы менен катуу урушкандан кийин кабылгандыгы аныкталат. Мындан тышкары урушууга Вудстун түнкү клубдун кызматкери Рейчел Учитл аттуу айым менен жашыруун СМС жазышкандыгы себеп болгондугу да белгилүү болгон. Ошондо Вудс ошол автокырсык анын жашоосунун түп тамырынан өзгөрүшүнө алып келүүсүн толук түшүнө бербесе керек.
Вудс менен Учитлдин жашыруун мамилеси ачыкка чыккандан кийин 34 жаштагы спорт жылдызы менен сексуалдык мамиледе болгондугун айткан ондогон айымдар чыга баштайт. Андай айымдардын арасында порноактрисалар Холли Сэмпсон менен Жослин Жеймс, официантка Жейми Граббс жана модель Жеми Жангерс бар эле.
“Вудстун ойношу” деген шектүүлөрдүн көбү америкалык басылмалардын редакцияларына өзүлөрү келип, аны менен болгон мамилелерин ачык айтып башташкан. Алар далил катары сүрөт, аудиожазуулар жана болбоду дегенде СМС-билдирүүлөрдү көрсөтүп беришкен.
120 ОЙНОШ
Ошентип, окуянын өнүгүшү Вудстун үй-бүлөсүнүн аброюн бир топ эле түшүргөн. Спортчунун өзү убактылуу спорттон четтеп турууга аргасыз болгон. Аягында сексуалдык каалоонун күчөшүнөн дарылануу үчүн реабилитациялык клиникага да жатып чыгат. Кызыктын баары мына ошол дарылануунун жүрүшүндө башталат.
Дарылоо терапиясы учурунда дарылануучудан башынан өткөндөрдүн баарын айтып берүү талап кылынат эмеспи. Андыктан гольф чебери үйлөнгөндөн бери 5 жыл ичинде жок эле дегенде 120 айым менен төшөк кумарына батканын моюнга алган. Ушуга байланыштуу ал үстүбүздөгү жылдын февраль айында жубайы Элинден, кесиптештеринен, күйөрмандарынан жана колдоочуларынан кечирим сураган.
Элин Нордегрен өз кезегинде баарына сабырдуулук менен мамиле жасап, алгач үй-бүлө очогун сактап калууга аракет кылган. Бирок күйөөсүнүн кошунасы жаш өспүрүм кыз Рейчел менен да жакын мамиледе болгонун укканда жарылып кеткен. Дароо ажырашууга арыз берүүнү чечкен.
БИРӨӨНҮН КӨЗ ЖАШЫНАН БАКЫТ КУРУУГА БОЛОБУ?
Вудс менен Нордегрендин очогу көпчүлүктүн көз алдында кыйрап жаткан чакта гольфчунун ойноштору үчүн жыргал турмуш башталган. Алсак, Рейчел Учитлге “Плэйбойго” сүрөткө түшүү сунушу түшсө, Жослин Жеймс телеканалдардын бирине алпаруучулук боюнча чакыруу алган. Ал эми башка порножылдыз Девон Жеймс “Вудстан балам бар” деп жар салган. Бирок муну сот расмий түрдө шылуундук деп таап, ДНК-тест өткөрүүгө тыюу салган. Бир сөз менен айтканда, Вудстун “кыздары” болушунча чардап башташкан.
Алардан айырмаланып, Вудс менен Нордегрендин көңүл ачууга чамасы жок эле. Экөө түрдүү билдирүүлөрдү укмаксанга салып, күнүмдүк турмуш менен алек болуп, кыйынчылыктарды биргеликте жеңүүгө аракет кылышкан. Бирок мунун баары убактылуу гана болчу. Вудстун аялынын көзүнө чөп салуусу анын жеке жашоосуна гана эмес, карьерасына да таасирин тийгизбей койгон эмес. Көптөгөн демөөрчү компаниялар аны менен келишимдерин бузушкан. Чоң спортко кайтуусун да ийгилик коштогон жок. Жакында Огайодогу мелдеште 80 спортчунун ичинен 78-орунду ээледи. Бул анын карьерасында эң начар көрсөткүч. Анын берилген күйөрмандары да андан баш тарта башташты. Ошентип, Вудстун үй-бүлөлүк драмасынын кульминациясы анын аялы менен ажырашуусу болду.
ЭҢ КЫМБАТ АЖЫРАШУУ
Ошентип, 2006-жылы Багама аралдарында катталган нике жокко чыгарылды. Ажырашуунун жүрүшүндө Тайгер менен Элин 3 жашар кызы Сэм менен 1 жашар уулу Чарлини бирге тарбиялоо боюнча макулдашышты. Ажырашуу процессинин калган жактары жашыруун сакталды. Анын ичинде швециялык моделдин канча акчага ээ болгондугу да сыр бойдон калды.
Айрым маалыматтар боюнча, Вудс менен Нордегрендин ажырашуусу эң кымбат ажырашуулардын бири болушу мүмкүн. Болжолдуу түрдө Нордегрен 100 миллиондон 500 миллион долларга чейин акчага ээ болот. Ошондой эле 30 жаштагы модель учурда жашап жаткан үйүнө жана Швецияда бир особнякка ээлик кылмакчы.
БААРЫН КАЙРА БАШТАЙ АЛАТ...
Вудстун “кыздарын” жактаган адвокат Глори Оллред ажырашуу процессинин жыйынтыгы боюнча өз комментарийин айткан. Жана бул көңүл бурууга татыктуу: “Вудстун никеси ажырашууга чейин эле бузулган. Ал өмүрлүк жубайынын гана эмес, ага ишенген көптөгөн адамдардын жүрөгүн сындырып, көңүлүн калтырды. Албетте, келечекте ал бул абалдан чыгып, баарын кайра башынан баштай алат. Бирок ал эч качан кылган иштерин унутпашы керек”.
Не дейбиз, Вудс анын аброюн түшүрүп, бүт дүйнөгө уят кылган окуяны канчалык унутканга аракет кылса да, иш жүзүндө андай болуусу күмөн. Анткени анын 120 ойношунун саналуусу гана баарын айтып берген. Дагы айтыла элеги канча...
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg