ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ. “ОРТОГО ТҮШҮП АКЧА АЛЫП БЕРГЕМ, ЭМИ МЕН ТӨЛӨП КАЛАМБЫ?”

Мүлк талаш, ортомчу болом деп зыян тартуу, үй-бүлөлүк жаңжалдар... Айтор, турмуштук көйгөйлөр көп. Бул жолу кыймылсыз мүлккө байланыштуу окурмандардан келген суроолорго “НАСА” юридикалык компаниясынын жетекчиси Нурбек Абдалиев жооп берди.

"АТАБЫЗДЫН ҮЙҮНӨ ЭЭЛИК КЫЛА АЛАБЫЗБЫ?"

– Биз 2 бир тууганбыз. Мен 21, карындашым 17 жашта. Атам башка аялы менен өзүнүн наамына катталган үйүндө жашайт. Биз болсо апам менен батирде ижара төлөп жашайбыз. Атамдын кийинки аялынан баласы жок. Карындашым экөөбүздүн ошол үйгө ээ болуу укугубуз барбы?

Нурсултан, Бишкек шаары


– Нурсултан, атаңызга катталган үй эгер атаңыз апаңыз менен расмий никеде жашап турган кезде сатылып алынган же курулган болсо, апаңыз же атаңыздын мураскорлору – силер ал үйдүн жарымына ээ болууга укугуңуздар бар. Эгер атаңыз апаңыз менен расмий никеде турбаган кезде үй атаңызга катталган болсо, анда аялынын үйгө ээлик кылуу укугу болбойт. Бирок сиздер үй ээсинин балдары катары үйгө ээ болууга укугуңуздар бар (эгер ал үйдү атаңыз азыркы жашаган аялына мурас катары калтырып кетпей турган болсо).

"БАШКА ФАМИЛИЯГА ӨТКӨН БАЛАГА АЛИМЕНТ ТӨЛӨНБӨЙ КАЛАБЫ?"

– Мен күйөөмдүн экинчи аялымын. Күйөөм биринчи аялы менен ажыраша электе эле экөөбүз жашап баштаганбыз. Бирок экөө мыйзамдуу түрдө ажыраша элек. Андан 1 кызы бар. Жакында аялы келип ызы-чуу салып, күйөөмө "кызымды өзүмдүн фамилияма өткөрүп алам. Кызымдын сага колун да карматпайм" деп кетти. Күйөөм болсо "эми аялым кызымды өзүнүн фамилиясына каттатып алса, анда мен алимент төлөбөй калат окшойм" деп жатат. Бала таятасынын атына жазылса күйөөм алимент төлөбөй калышы мүмкүнбү?

Элнура, Токмок шаары


– Элнура, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жөнүндөгү кодекси боюнча баланын укугу ар дайым корголот. Сиз баяндаган окуя боюнча айтсак, баланын фамилиясын эч ким өз алдынча өзгөртө албайт. Себеби баланын атасы бар экендиги анык. Баланын фамилиясы өзгөртүлөт, эгер мыйзам жолу менен баланын атасы анык эместиги аныкталса же атасы аталык укугунан ажыратылган болсо.

Аталган учурларда баланын апасы сотко кайрылып, соттун чечими менен фамилиясын өзгөртүшү мүмкүн. Бирок атасы аталык укуктан ажыратылган күндө деле мыйзам боюнча алимент төлөөгө милдеттүү.

"ҮЙДҮ ӨЗҮМӨ КАНТИП КАТТАТАМ?"

– Мен 2005-жылы Сокулуктан үй сатып алгам. Ошондон бери үй-бүлөм менен ошол үйдө жашап келе жатабыз. Үйдүн мурунку кожоюну түрк болчу. Үйдүн акчасын алгандан кийин Түркияга барып, кайра келем деп кеткен. Ошол боюнча ал кайрылып келген жок. Ошондуктан ал үйдү алигиче өзүмө каттата элекмин. Үйдүн мурдагы ээси жок эми кантип өзүмө каттата алам? Мыйзам боюнча бул маселе кандай чечилет?

Алишер, Сокулук району


– Алишер, негизи мыйзам боюнча, 15 жыл өткөндөн кийин кыймылсыз мүлктү пайдаланган адам сот аркылуу өзүнө каттатып алганга укуктуу. Сиз колдо бар документтерди чогултуп юристке кайрылыңыз. Тийиштүү документтерди жаздырып, ага арызыңызды кошуп сотко барыңыз. Кокус 15 жылдык мөөнөт толбогон болсо, колуңуздагы үйдү сатып алгандагы тил кат менен сотко кайрылсаңыз да болот, мындай жагдайлар үчүн да ылайыктуу мыйзам каралган.
 
"ОРТОГО ТҮШҮП АЛЫП БЕРГЕН АКЧАНЫ МЕН ТӨЛӨП КАЛАМБЫ?"

– Мындан 1 жыл мурда сүйлөшкөн кызым экөөбүз баш кошмок болгонбуз. Ал «тойго даярдык көрүшүм керек. Менде да, үйдөгүлөрдө да акча жок болгондуктан эмне кыларымды билбей жатам» деген. Мен «бизде да тойго каражат жетишпей жатат» десем ойлонуп калган. Эртеси «тааныштарыңдан карызга акча алып берип турбайсыңбы» дегенинен макул болуп, бир таанышыма алып барып, ортомчу болуп андан чоң суммадагы акча алып бергем. Сүйлөшкөн кызым ага "акчаны тойдон кийин кайтарам" деп айткан. Ошентип баш кошкондон кийин 4 айдан кийин олуттуу себептер менен ажырашып кеттик. Эми мурунку аялым таанышымдан алган акчаны «төлөбөйм, өзүң төлө» деп догурунуп акчасын кайтарбай жатат. Ал келип менин тынчымды алууда. Муну мыйзам жолу менен кантип чечсе болот?

Алибек, Ош облусу


– Акчаны ким алган болсо ошол киши төлөйт, себеби акча алган учурда ортоңордо расмий нике болбогондугу үчүн экөөңөргө тиешелүү милдет болгон эмес. Андан тышкары эгерде акчаны карызга алып жатканда кепилдикти сиз берген болсоңуз, акча берген адам акчаны сизден талап кылууга укуктуу. Эгерде биргелешип төлөйбүз деген болсоңуз, төлөөгө экөөңөр тең жоопкер болосуңар.

Окурман, сизде юристке же башка адиске болгон суроолор барбы? Анда биздин “Адистин кеңеши” рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган же жооп таба албай жаткан суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет.

Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!

Суроолорду 0770 88 27 17 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Noon
2020-04-19 20:36:18
Ммм. Тобо кылдым. Биринчи аялы менен жашап жүргөндө эле тийип алгам деп, и кызына акча толоткусу келбеген кыйын неме экен. Кудайым ушундай үй бузарлардан сактасын.
+4
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан