– Апа, болдучу, акыры бул менин жашоом го. Жакшы жашап кетсек болду да.
– Жакшы жашайт имиш. Мен сени баары бир жашатпайм. Жалгыз уулум деп сага канча күч жумшадым эле? Сени эрден чыккан келинди ал деп тарбияладым беле? Эмне, кыз калбай калыптырбы? «Кой, эл бар, жалгыз баласын минтип салды дешпесин» деп туугандар эки жагымдан чыгып жатып көндүрүшпөдүбү. Болбосо сөйрүйгөн тигиниңди дарбазамды аттатмак эмесмин.
– Апа, ал өз каалоосу менен турмушка чыкса бир жөн. Ала качып кеткен. Күйөөдөн чыккан келин болсо эмне экен? Мен аны мурда эле сүйчүмүн. Азыр да сүйөм.
– Сүйө калганын мунун. Төрөп-өстүргөн энең сага эч ким болбой калдыбы? Ошол эри менен эле жашай бербейт беле! Сайгактап алдыңдан чыга калып азгырып, жолуңду торобой. Көк беттенип жашап алдың. «Эл эмне дейт?» дегенимди көзгө илбей күйөөдөн чыккан немеңди алып келдиң, күйдүргү десе. Мен да элдей болуп күтүрөтүп куда күткүм келген. Бул теги жогуңду эмне кылам?- деген кайненемдин үнү мага даана угулуп турду. Денем муздап, көзүмдөн жашым сызыла башым тегеренип отура кеттим.
Башынан мени кабыл албашын билгем. «Апасы катаал, азабыңды жедирет» деп көп эле тааныштар айтышкан. Эми гана жолубуз бир болгондо апасы үчүн андан кол үзгүм келген жок. Сүйүүбүз үчүн күрөшөлү дедик.
Кичинекей кезимде ата-энем жол кырсыгынан каза болуп, мени таякемдер багып алышыптыр. Биз Кадыр экөөбүз коңшу айылдардан болобуз. 11- класстан тарта кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, кийин студент кезибизде да мамилебиз уланды. Дайыма бири-бирибизге камкордук менен мамиле кылып, пландарыбыз көп болчу. Бардык ой-кыялдарыбыздын таш-талканын чыгарып таажеңем мени ала качтырып жиберди. Жеңем артымдан кууп келгендей түр көрсөтүп жетип келди.
– Жигитим бар, алып кетиңиз, мында калбайм,- деп ыйлап жаттым.
– Кой, ботом, колунда бар жакшы жер экен. Баарынын эле жигити болот. Башканы сүйөт элем деп баш аттап, жакшы жерден кетмек белең? Бир босогону аттап кеткен жакшы жорук эмес. Таякең да отурсун, келчү болбосун деди,- деп жеңем мени таштап баса берди. Алчуларын алышты.
Кадырга баарын ачык айттым. Телефон аркылуу байланышып жүрдүм. Чынында аны аябай сагынып, кыйналып кеттим. Мага күйөө боло турган жигитти жаныма жууткум келген жок. Урушуп-талашып жатып, таякемдер эмне десе ошо дешсин деп кетип калдым. Көңүлүңө такыр жакпаса кайдагы жашоо болсун? Эзилип жашагым келген жок.
Таякемдикине барган жокмун. Курбу кызымдын батиринде жашап жүрдүм. Депрессияга белчемден батып жүргөн күндөрдү Кадыр жеңилдетип, күн сайын келип, башымды жөлөп, соолуп бараткан мени кайра жашоого кайтарды. Таштабасын, кандай болсо да бирге болорубузду айтып колдоп жатты.
Акыры биз Кадырдын батиринде жашап калдык. Бир күнү ал "баш кошолу" деди. «Апаң эмне дейт?» десем, "мен сени таштап башкага басып кете албайм. Тоскоолдуктарга туруштук берели. Мен сени коргойм. А сен болсо апамдын кыялына бир аз чыдап кой. Анан жумшарып калат" деп, акыры баш коштук. Оңой болгон жок. Кайненем мага кошуп уулун да кемирип-кесип жеп турат. Жетим экенимди, эрге чыкканымды күндө баса белгилеп бузуку атап алган. Темир деле жумшарат экен, оту менен кирип, күлү менен чыгып жатканым, эмне кылса да жооп кайтарбаганым кайненемди эч жумшарта албады. Жекире тиктеп, жолдошум барда кылганы ал жокто эселеп күчөйт. Жолдошум дайыма эле бизди карап отура албайт да. Жумушка барышы керек. Кээде ишине байланыштуу апталап эки жакка кетет. Бир ирет кыштын күнү "кет, томояк, балама кыз алып берем" деп мени көчөгө чыгарып салды. Сууктун күнү көчөдө жүрсөм Кадыр келип калды. Ошол күнү иши эрте бүтүп калган экен. Менин тоңуп калганымды көрүп таң кала сурады. Ал деле шек санап турса керек. Үшүгөн жаным эреркеп ыйлап жиберсем, ызырынып үйгө кирди. Негизи эне-баланын ынтымагына доо кетирбейин деп кайненемдин кылыктарын ага такыр айтчу эмесмин. Бул жолу урушуна себеп болгонума өзүмдү күнөөлүү сезип Кадырды араң бастым.
– Апа, бул эмне кылганыңыз? Мен жокто көчөгө чыгарып салган кандай болсун?
– Ии, бетпак, аялына гана болушат. Демейде бир жумалап жоголчу эмес белең, катыныңды кубалап жибереримди сездиңби? Катының жакшы жүрсө кантип ага тийише берейин?- деп мени жамандап жатты.
Каяша айтпай, айтканынын баарын аткарсам деле жакпадым. Жолдошум деле апасын эпке келтире албай же мени кетире албай, эки оттун ортосунда калды. Бөлүнүп кетели десек жалгыз уул. Апасын чоң үйгө жалгыз таштап кантип кетип кала алат? Баласынын бул аракетин баалап же апабыз жумшарып калбайт. Айтор, көйгөйүбүз ушул. Чынында кечке жеме уга берсең көнүп деле калат экенсиң. Кайненем жемелегени менен, Кадырдын сүйүүсү дайыма жамандын баарын жууп салат. Анын сабыры бекемдигинен жазбаса дейм. Бизди бөлүүгө аракет кылган тоскоолдуктар ушул эле болсунчу. Кайненемдин каарына канча болсо да туруштук берем. Биздин күрөшүп келе жаткан сүйүүбүз туруштук берсе экен...
Үмүт