Клиптер айдыңында
Жакшы жаралган ырга клип да көрк кошот. Кээде элге сиңбеген ыр клип аркылуу даңазаланып кетет эмеспи. Андагы катышкан каармандар да көпчүлүккө тааныла түшөт. Бул ирет шоу дүйнөдөгү ырчы мырзалардын клиптериндеги каармандар менен кызыктарга орун берели.
Фархат Кеңешбек уулу,
“КАЙДАГЫ СҮЙҮҮ?”
Режиcсёру – Арсен Мендебаев.
Бул клип “сүйүүнүн азабын тартып, махабаттын мыйзамына багынып...” деген лирикалык чегинүү менен башталат. Ырчы менен бирге суу чачышып ойногон кыз – Айзада, 22 жашта. Кыргыз почтасында иштейт.
Клип май айында тартылгандыктан, сууга түшкөн кадрларда кыз-жигит абдан үшүп калышкан. Көл жээгинде бараткан Фархат жүрөккө окшош ташты таап алат. Дал ошол жүрөк таш экөөнүн сүйүүсүнүн символу катары клипте көрсөтүлгөн. Клипте ызасына чыдабаган жигит селкинчекти өрттөп салат эмеспи. Ошол селкинчекти өрттөйүн дешкенде айыл тургундары чогулуп келип “жакшынакай селкинчекти эмне өрттөп жатасыңар?” деп капа болушкан.
Клип аяктаган соң түрк улутундагы каарманга гонорар төлөнгөн. Ал эми Айзада Фархаттын карындашы болгондуктан, байкесинин клибине бекер эле тартылып берген.
Ынак Осмоналиев,
“МУМИЁ ДАРЫҢ ЖОК БЕЛЕ?”
Режиcсёру – Бекбол Кылычбеков.
Учурдун хит ырларынын бири “Мумиё дарың жок беле?” болууда. Клиптеги жүрөгүн мыкчып жыгылган жигит Нурбек Саматов – Ынактын айылдаш досу. Нурбек ырчынын “Айлуу кеч” ырынын клибине да тартылган.
Клипте клубда кыздын телефонуна жигит чалганда “жаным” деген сөз, анан номер чыгат эмеспи. Ошол номер даана көрсөтүлүп калгандыктан, көрөрмандардын бири башкы ролдогу жигитти сурап чалса, экинчиси каарман кыздарды, үчүнчүсү Ынакты сурап чала беришкен. Ал номер режиссёрдуку болгондуктан, акыры номерин алмаштырып тынган. Баарынан да кызыгы, башкы ролдогу Нурбек көчөдө келатса, бир кемпир токтотуп алып “ай, балам, тиги сен ооруга чалдыкканда таштап кеткен шүмшүк кызды карабай коюп ырас кылдың” деп айтыптыр. Нурбек күлүп, “эже, ал деген клип да” десе, “ой, ошол клипте таштап коюп жакшы кылдың” дептир. Айтор, айта берсек, ушул сыяктуу кызыктар толтура. Анан да достору арасында Ынактын өз аты өчүп, “мумиё” деген жаңы атка конгон.
Байыш Момунов,
“КЫЗЫЛ АЛМА”
Режиссёру – Шухрат Азимов.
Клиптеги Байыштын сүйлөшкөн кызынын атасынын ролунда 60тан ашкан адам – Набижан аксакал. Оштогу Бабур атындагы өзбек театрында көп жылдан бери актёрлук кесипти аркалап келет.
Байкасаңыз керек, клипте алма бакта алмалар кызарып бышып турат. Чынында, ал убакта алма быша элек болчу. Ошондуктан Байыш базардан 5 килограмм алма сатып келген. Анан ал алмаларды акырындык менен шактарга байлап чыгышкан. Байкап караганга клиптин эң акыркы кадрларында алма аз эле калганы билинет. Көрсө, клип тартып жаткан топту жардана карап турган жаш балдар клип бүтө электе эле алма жеп киришкен экен.
Ошентип, клип аяктаган соң башкы ролду ойногон абышка менен кызга ыраазычылык билдирүү менен бирге гонорар төлөнгөн.
Аскат Мусабеков,
“МАХАБАТЫМ”
Режиcсёру – Мырза Айдаралиев.
2009-жылдын күз айында Аскат өзүнүн “Махабатым” аттуу ырына клип тарттырганы катуу киришет.
Режиссёр кастинг өткөрүп, клиптеги каармандарды өзү тандап алган. Татынакай Яна 23 жашта. Кызды бир көрүп сүйүп эстен танган жигиттин аты – Ынтымак, 24 жашта. Клип борбордон алыс жайгашкан Кашка-Суу деген кооз жерде тартылган. Ал жердеги шаркыратмага чыгуу Аскат үчүн абдан кооптуу эле. Шамал болуп, көзүнө чаң, чөп-чар кирип жатып араң тартылган.
Кыз менен жигит троллейбуста жанашып отурган кадрлар бар. Ал убакта Аскат машинасы менен троллейбусту ээрчип келаткан. Бирок каармандардын троллейбустан эчак эле түшүп кеткенин көрбөй калган ырчы акыркы аялдамага чейин ээрчип барып, каармандарды таппай калып убара тарткан. Режиссёру баш, каармандар төш болуп, гонорары менен кошо Аскаттын ыраазычылык сөзүн алышкан.
Мирлан Баеков,
“КЫЗЫЛ ӨРҮК”
Режиссёру – Мырза Айдаралиев.
Ашык болгон кызын кызыл өрүккө салыштырып ырдаган Мирландын клиби тамашалуу тартылган. «Кызыл өрүктүн» аты – Элмира, 25 жашта, телевидениеде иштейт.
Ошол мезгилде жамгыр жаагандыктан, режиссёр камерасынын үстүн жаап алып тартып жүргөн эле. Ары жактан 2 милиция кызматкери келип, Мирланды жана шарик ойнотуп жаткан баланын колун кайрып, сүйрөп жөнөшкөн. Кыйла жерге чейин унчукпай барышкан актёрлор клип тартып жатышканын айтканда гана ишенип, коё беришкен. Шарик ойнотуп жаткан убакта көпчүлүк кызыгып кетип “ойнойбуз” дешкен. Чыгармачыл топ клип экенин айткан соң гана алар күлүп, жолун улашыптыр. Тескерисинче, кээ бирлери “кайдагы балээни баштадыңар?” деп жемелегенге да үлгүрүшүптүр. Клип учурунда ойногонго кызыкдар болуп келген айрым адамдар да кадрларда кездешет.
Ал эми клипте кыздын чоң энесинин ролун Майрамбек аттуу куудул жигит ойногон.
Бурул Исмаилова
star@super.kg