«КҮЙӨӨМ ГОНОРЕЯ ЖУГУЗУП КЕЛИПТИР, КУРСАКТАГЫ БАЛАМА ЗЫЯНЫ ТИЙБЕЙБИ?»

Окурмандардан келген суроолорго гинеколог Аймира Усубалиева жооп берет.

«ТАМПОН ИЧТЕ КАЛЫП КАЛСА АЯЛ ӨЛҮП КАЛЫШЫ МҮМКҮНБҮ?»

– Мен учурда карантинге байланыштуу гинеколог врачка барып, текшериле албай жатам. Жыныстык кыным сезгенип, суюктук агып жатат. Курбуларымдын кеңеши боюнча дакини дары майга чылап, тампон коёюн дегем. Бирок тампон тереңге кетип, жыныстык кында калып калса эмне болот деп коркуп жатам. Калып калса аял өлүп калышы мүмкүнбү?

Нурзада, Кант шаары

– Өз алдынча дарылануу сунушталбайт. Дары-дармекти врач текшергенден кийин гана оорунун түрүнө жана стадиясына жараша жазып берет. Тампон кокус тереңге кирип чыкпай калса, жыныс кынын сезгентет жана чирий баштайт. Кан кетүү башталат. Кан тампонго тосулуп, ал жер ириңдеп баштайт. Ириң канга кошулуп кетсе сепсис келип чыгат. Бул өтө коркунучтуу, аял каза таап калышы мүмкүн. Андыктан адегенде врачка барып текшерилиңиз.

«КЫЗДАРДЫН ЭРТЕ ЖЕТИЛҮҮСҮ ЭМНЕДЕН?»

– Менин кызым 11 жашта. Анын эмитен эле эмчектери өсүп жатат. Бул эмнеден? Кызымдын оорусу деле жок. Текшерүү керекпи, болсо кайсы врачка?

Элмира, Ош шаары

– Эрте жетиле баштаган кыздарды эндокринолог врачка көрсөтүп, гормондорго анализ тапшыртуу кажет. Ошондой эле ички бездердин абалын текшерүү үчүн УЗИден өткөрүү керек. Анткени кыздардын эрте жетилүүсүнүн себептери көп. Толук (семиз) болсо да эрте жетилүүсү мүмкүн. Кызыңызды чочутпай, ага организминде өзгөрүү болуп жатканын айтып, түшүндүрүп, башкача айтканда, психологиялык жактан даярдап, анан адиске алып барыңыз.

«ТҮЗ ИЧЕГИДЕГИ ЖАРА МЕНЕН ТӨРӨЙ АЛАМБЫ?»

– Менин түз ичегимде, көтөн жакка жакын жерде жаңы пайда болгон өсүндү (новообразование) бар. Аны онколог врачтар текшерип, «ракка окшобойт, бирок көзөмөлдөп туруу керек» дешкен. Мен турмушка чыккам, учурда 6 айлык боюмда бар. Тигил өсүндү оорутпайт, тынчымды албайт. Бирок ичим чоңойгон сайын төрөгөнүмдө ал жерге да күч келип, оорутуп, кыйнабайбы деп чочулап жатам. Эмне кылсам болот?

Зарина, Кара-Балта шаары

– Сиз онколог врачтар менен кошо проктолог врачтардан да кеңеш алып турушуңуз керек. Мүмкүн, буга чейин онкологдор да проктологдорго текшерткен болсо керек. Төрөт үчүн алардын биргелешип берген кеңеши зарыл. Алар убакыттын өтүшү менен өсүндүдө өзгөрүү бар же жок экендигин байкап, жыйынтыкка жараша УЗИ же башка текшерүүдөн өткөрүүлөрү мүмкүн.

Дагы айтып кетчү нерсе, ич катуу да маселе жаратат. Коюу, күчтүү тамактарды азайтып, суюк тамактарга, жашылча-жемиштерге басым жасаңыз. Иммунитеттин түшүп кетүүсүнүн алдын алыңыз. Ич катса ыйынуудан көтөн чучукка, аны менен кошо өсүндү өскөн жерге да күч келери бышык. Акырын кыймылдаңыз, сергек болуңуз. Төрөткө аз калганда да аталган врачтардын кеңешине кайрылуу керек.

«КҮЙӨӨМДҮН ООРУСУ МАГА ЖУГУП КАЛБАЙБЫ?»

– Мен кош бойлуумун, ичимдеги балага 8 айга чукулдап калды. Күйөөм менен жыныстык катнашты токтотуп койгонубузга көп болду. Жакында жолдошумдун жыныстык мүчөсүнүн сезгенип калганын сезип, врачка баруусун талап кылгам. Врач анализдерин алып, гонорея дартын жугузуп алганын айтыптыр. Учурда дарыланып жатат. Анын оорусу мага кокустан жугуп калбайбы? Жукса эмнелер аркылуу жугушу мүмкүн? Жугуп калып ичтеги балама зыяны тийбейби деп чочулап жатам.

Надира, Бишкек шаары

– Сиз тынчсызданбай эле койсоңуз болот. Анткени сизде гонорея жок болгондуктан, балага эч нерсе өткөн эмес. Аталган дарт жыныстык жол менен жугат. Буюмдар аркылуу жугушу сейрек кездешет. Бирок баары бир жолдошуңуз толук айыккыча өзүнчө бөлүп, балдарды жакындатпоо сунушталат. Илимде чанда болсо да дарттын оору козгогучтары буюмга (сүлгү, мочалка, шейшеп) түшүп, аны башка адам колдонгондо жугуп калган учурлар катталган.

«ЭМНЕ ҮЧҮН БОЙГО БҮТҮРБӨӨЧҮ ТАБЛЕТКАЛАРДЫН САНЫ АР ТҮРДҮҮ?»

– Мен 2 бала төрөгөндөн кийин сактанууну чечип гинекологго барсам, таблетка дары жазып берди. Андай дарыларда 21, кээ биринде 28 таблетка болорун байкадым. Булардын айырмасы эмнеде?

Дария, Бишкек шаары

– Таблеткалардын түрүнө карабай, мейли 21 же 28 болсун, 21 таблеткада гана гормон камтылган болот. Калгандарынын курамында минералдык заттар болушу мүмкүн, мисалы, кальций (гемоглобинди толтурууда маанилүү). Врач кайсы түрүн жазып берсе, ошону гана колдонуу керек.

Окурман, сизде гинекологго же башка адиске болгон суроолор барбы? Анда биздин «Адистин кеңеши» рубрикабыз кызматыңызда. Сиздин тынчыңызды алган же жооп таба албай жаткан суроолорго тажрыйбалуу адистер жооп беришет.

Кат жазыңыз, кеңеш сураңыз!

Суроолорду 0770 88 27 17 WhatsApp номери аркылуу берсеңиздер болот
же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Barbaristka
2020-04-21 14:29:06
Абдан жакшы кенештер бар экен рахмат
+2
zamir_kgz
2020-04-23 18:51:20
Негизи шариятта шарм жок дегендей, уялбай кенеш алып туруш керек. Коп жашаган эмес, копту коргон билет дейт.
+2
emirchik
2020-04-26 21:18:40
Куйом гонерея жугузуп келиптир деп куйоно шылтоо кылбай Гонерея болуп ооруп атамын деп эле кайрылса болмок!
-2
Nestana95
2020-05-12 15:59:52
Кенеш алуу боюнча, кантип кетируу керек админ силерге?
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан