Бүтүндөй кыргыз элинин кабыргасы кайышып турган учур. «Элмирбек Иманалиев көз жумду» деген суук кабар ар бир кыргыздын жүрөгүн тилип кетти. 42 гана жашта эле. Ырдалбаган ырлары, жарата элек обондору, тарбиялай элек шакирттери али көп болчу. Бирок тагдырга моюн сунбаска арга жок. Замандаштары, жакындары бүгүн төрт тарабы төп келишкен талантты жоктоп, көзгө жаш ала эскерип турган маал.
ЧАНДА КЕЗДЕШКЕН ТАЛАНТ ЭЛЕ
Алп акын, обончу, аткаруучу, дастанчы Элмирбек Иманалиев сахнага эрте аттанган. 5 жашында колуна комуз кармап, 12 жашында төкмөлүккө алгачкы кадамын таштайт. 15 жашында филармониянын чоң сахнасында республикалык акындар айтышына түшүп, баш байгени жеңип алган. Ага чейин эле кичи мекени Токтогулда аты чыга баштаган Элмирбек мырзаны белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев атайын айылына издеп барып, ырдатып көрүп эле «сенден төкмө акын же жазма акын чыгат. Айылда жүрсөң чөйрөң кандай болот ким билет, шаарга жүрү» деп апасынын уруксатын алып шаарга алып кеткен. Ошондон баштап Тууганбай Абдиевдин шакирти болуп, чыгармачылыктагы улуу жолу башталган. Бул жол чындап улуу болду. Өмүрүнүн 27 жылын төкмөлүк, обончулук, акындык өнөргө арнады.
Элди сүйдү, эл аны эселеп жакшы көрдү. Жашоосунда сүйүүсү да, күйүтү, кубанычы да болду. Аз болсо да өрнөктүү өмүр сүргөн алп таланттын артында "Булбулум", "Аруузатым" сыяктуу обондуу ырлары, кыргыз-казакты бирдей суктандырган керемет айтыштары, көптөгөн шакирттери менен кошо 3 кызы, 3 уулу калды. Кырчындай курагында залкардын өмүрү менен бирге комузунун кылы да үзүлдү.
Кубат Болотканов, досу: «ДАРТЫНАН УЛАМ КӨЗ АЙНЕК КИЙИП КАЛГАН»
– Элмирбек экөөбүз борборго келгенде таанышып, жакын болуп калган элек. Анда экөөбүз тең жаш балабыз. 1992-жылдан ушул убакка чейин жакшы мамиледе болдук. Элмирбектей адамдар кылымда бир жаралат. Заманыбыздын ойчулу эле, өтө билимдүү болчу. Китепти баса калып окучу. Биз таң атканча сүйлөшөр элек, түрдүү темада сүйлөшүп черибиз жазылып калчу. Акыркы жолу 15-20 күн мурун жолукканбыз. Көз айнек кийип калган акыркы учурларда. «Ушуну тагынбай эле койсоңчу» десем, «мен эле тагынайын деп жатат дейсиңби, көз жакшы көрбөй калып жатат» деген. Кант диабети менен ооругандардын көзү да жакшы көрбөй калат тура, көп жылдан бери бул дарт менен алышып келе жаткан.
Досум, Кудай берген адам элең. Сөзү да сонун, өзү да сонун, ырың да, сырың да укмуш болчу. Түгөнгүс кенч болчусуң, мага сахнада ачыла албай калгандай сезилчүсүң. Комуз черткениң, манас айтканың... Терең элең, кенен элең, айкөл элең. «Кыргыз ким?» десе, сени көрсөткүм келчү. Кулактын моокуму канбай калды. Тоодо, талаада, калаада, үйдө сага тоюп калуу мүмкүн эмес эле. Кош, досум, тынч жат...
Изат Айдаркулова, шакирти: «АКЫРКЫ ЖОЛУ ООРУКАНАГА БАРЫП, УСТАТЫМДЫ КӨРҮП КЕЛГЕМ»
– Элмирбек агайдай адамдар дүйнөгө аз келет. Устатым менен 2015- жылы Ош шаарында жолуктум, агай бир жакшылыкка барган экен. Учак менен учарына бир эле саат калса да «сиңдимдин өнөрүнө күбө болуп коюңуз» деген эжемдин көңүлүн калтырбай, бир саат сүйлөшүп отурдук. Аябай сонун сүйлөчү, тилинен бал тамып жаткандай болчу. Агай менен сүйлөшкөн бир саат тагдырыма бурулуш жасагандай сезилди. Көөдөнүм толуп, тим эле акын болуп кеткендей жан дүйнөм ырга бөлөнгөн эле. Агайдын айтуусу менен борборго келип, шакирти болуп калдым. Өтө жөнөкөй адам эле. Ар бирибизге мүнөзүбүзгө жараша мамиле кылчу. Ким эмнени көтөрө алат, билер эле. Акындыкка эле эмес, жашоого да такшалтчу. Башынан өткөргөндөрүн көп айтып берчү. Сабак алгыла деп калчу.
Устатым менен бир ай мурун кезиктим. Ал кант диабети менен ооруп жүрчү, ооруканага жатып калыптыр. Байланышсам «эртең чыгам» деди. Баламды көтөрүп алып барып жолугуп, көпкө сүйлөшүп отурганбыз. Агай ооруп жүргөнү менен, өзүн жакшы күтчү. Акыркы жолу ооруп калганын билген эмесмин.
Кечинде социалдык тармактан көрүп нес болуп калдым, акындардан сураштырсам чын экен (ыйлап). Гүлбү эжеден 2 кызы бар эмеспи, Нурзат жеңеден 3 уулу, бир кызы бар. Кичүүсү бир жашка чыгып калды окшойт. Нурзат жеңем аябай жакшы аял, чыгармачыл адам менен жашаган оор эле го, агайдын сөзүнөн чыкчу эмес. Диетасын иреттеп аябай жакшы карачу. Дагы деле устатымдын көзү өткөнүнө ишене албай турам.
Токтобүбү Черикчиева, ырчы: «ЭЛМИРБЕК КАТУУ СҮЙЛӨБӨГӨН ЖАН ЭЛЕ»
– Суук кабарды түндө уккандан бери жан дүйнөм эңшерилип жаман болуп жатам. Интернетти ачкым келбей, телевизор көргүм келбей отурам. Арстан акын, алп акыныбыздан айрылдык. Бардык чындыкты бетке айткан, эч нерседен коркпогон, тайманбаган акын эле. Айрыкча акыркы кезде баарын түз айта баштаган.
Канатыбыз кайрылды, эң чоң талантты жоготтук. Акын гана эмес, керемет обончу эле. Элмирбек менен канча иштешип калдык, бир да адамга катуу сүйлөбөгөн жан эле. Экөөбүздүн мамилебиз аябай жакшы болчу. Жамандыгы жок, күлүп-жайнаган бала кыял эле. Кенедейибизден филармонияга келдик да. Чогуу жүрүп, чогуу өстүк. Кийинки убактарга чейин жолуккан жерден саламыбыз түз болду. Элмирбектин «Карап, карап» ыры менен дүң этип, дагы бир жолу көтөрүлгөм. Ошондо келип «талантыңызды сыйлайм, ыраазымын» деген эле. Кайсы жерден жолугуп калсак да «бул Токо эжемдин ыры. Сиз ырдаңыз, сизден кийин биз ырдайлы» деп калчу. Мен ага аябай ыраазымын, жерге жаксын. Мен аябай жаман болуп жатам (ыйлап).
Элмикем кыргыз эли чыгаан инсандарынан айрылганда коштошуп боздоп турчу эле. Ушундай алааматта эл адамынан айрылып калганыбызга күйүп жатам. Кыргыз эли жапырт көчүп барып топурак салмак элек. Эми эмне кылабыз? Ошого кабатыр болуп жатам. Элмирбектин ооруп жүргөнүн билчү эмесмин. Намаз окуп жатканын угуп сүйүнүп калган элем.
Баян Акматов, төкмө акын: «ЭЛМИРБЕК БАЙКЕ ЖАКШЫ СЫНДАРДЫ АЙТЧУ»
– Айтышка келгени Элмирбек байкени жакшы тааныйм. Өзү көрөңгөлүү, ар тараптуу инсан эле. Жакшы сынчы болчу. Жаш акындар келгенде кимдин кандай артыкчылыгы, кемчилиги бар, дароо билип койчу. Анан көңүлүнө жагып калган шакиртине жан үрөп убактысын аябай үйрөтчү. Мен Эстебес атабыздын үнүнө, андан кийин эле Элмирбек байкенин үнүнө кызыкчу элем. Дастан айтчу, манас айтчу, поэзия, төкмөлүк, обончулук, айтор, төрт тарабы төп келген талант болчу. Жоготуп алдык, жаман күндө турабыз. Бейишин берсин!
Жакында «Айтыш» сынагы болгон, ошондо өзүнүн сын-пикирин балдардан айттырып жибериптир. «Маанайың пас, эмне маселең бар? Акын майрамдагыдай маанайда айтышыш керек, акын ошол ирмемде жашап айтышышы зарыл» деген экен.
Баарын кучагына батырган даркан талаа эле. Дагы бир өзгөчөлүгү – кыргыз эли шайыр-шатман, опур-топурду сүйгөн калк эмеспизби, ал жалгыздыкты жакшы көрчү, ойчул эле. Лирик болчу, өз дүйнөсүндө жалгыз калганды жакшы көрчү.
Тынар Курбаналиев, куудул: «ӨЗҮМДҮ КОЁРГО ЖЕР ТАППАЙ ТУРАМ»
– Жакшы адам дүйнө салган кезде ал тууралуу сөз таппай калат экенсиң. Ошентсе да досум тууралуу эки ооз сөзүмдү айтайын. Комуз кармап, акындык өнөрдү аркалап, акындар менен жүрбөсөм дагы, Элмирбек менен бир ирет тойдон көрүшүп, таанышып калдым. Ошол түнү экөөбүз түн бир оокумга чейин баарлаштык. Чындыгында, өзгөчө адам эле, анын адамгерчилиги, шайыр мүнөзү жанда жок. Ошол күндөн бери ар дайым ал-абалыбызды сурашып, достук мамиледе жүрдүк. Жашоомдо жакын достордон айрылган күндөрүм болду, бирок арасынан эң эле оор жоготууга бүгүн учурап турам. Азыр Жалал-Абадда элем, өлкөдөгү абалга байланыштуу же жетип бара албай, же бул жакта отуруп кала албай, өзүмдү коёрго жер таппай турам. Орозонун алдынан дүйнө салган досум Элмирбекти Жараткан рахматына алып, бейиштен орун берсин! Уул-кыздарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жакшы адамдын көзү өтсө да, адамдардын жүрөгүндө жашап калат.
Жеңишбек Жумакадыр, досу:
«ЗАМАНДЫН АЙТКАН ЧЫНДЫГЫН ДОСУМ,
САНАТЫҢ ЖАШАЙТ МИҢ КЫЛЫМ, ДОСУМ»
Түшүмө чындап кирдиңби, досум?
Түгөнөр кезди билдиңби, досум?
Түйшөлтүп сени ызгаардуу дүйнө,
Түбөлүк жайды сүйдүңбү, досум?
Кучактап жыттап албайт бир белем,
Кууратар күндү ким билди, досум?
Катылган сырлар бир эле, досум,
Казына ырлар миң эле, досум.
Өнөрдүн анык тулпары элең,
Өзүңө жетчү ким эле, досум?
Өкүрүп турам өзүмө келбей,
Өкүнтүп кеттиң чын эле, досум.
Табылбайт кымбат сага кеп, досум,
Тагдырым экен, санаа көп, досум.
Суйкайган кыздар, балдарың кантем,
Сурашса «атам кана?» деп досум?
Өзгөлөр билбес кадырдын баркын,
Өзүмдү кошо ала кет, досум.
Жан дүйнө калды термелбей, досум,
Жашайбыз эми сен келбей, досум.
Эш тутуп, залкар билчү эле калкың,
Эшмамбетти көргөндөй, досум.
Токтобойт көз жаш, кабырга сыздап,
Токтогул кайра өлгөндөй, досум.
Ойлоруң тунук накта эле, досум,
Обонуң муңдуу, башка эле, досум.
Көөнөрбөс өнөр сендеги бүткөн
Көрүнүп турган кашка эле, досум.
Кылымды көрөр алтындай башың
Кырк эки гана жашта эле, досум.
Замандын айткан чындыгын, досум,
Санатың жашайт миң кылым, досум.
Жылт эткен өмүр бизде да бүтөр,
Жылмайып күтүп тургунуң, досум.
Коштогон арман кургурум, досум,
Кош эми, Элмир, булбулум, досум...
Алп акын Элмирбек Иманалиевдин «Супер-Инфо» гезитине берген маектеринен:
«АГАЛАРЫМА СҮЙҮҮ КАТТАРЫН ЖАЗЫП БЕРЧҮМҮН»
– Бир күнү атама «жер кайсы жерден бүтөт?» деген суроо узатсам, ал «жер Ленин, Сталин аталарыӊ жаткан Москвадан, Кремлден бүтөт» деп кызыктуу жооп узаткан. Атамдын жообунан кийин мага Кремлдин ары жагы деӊиз же талаа болуп барып жер бүтчүдөй туюлчу болду. Өзүм көрбөгөн нерселерди элестетип тарта баштадым. Гезит, журналдардан Лениндин сүрөтүн көчүрүп тартам. Акча, тыйындардагы сүрөтү болсо деле тарта берчүмүн. «Тартпа, көрүп калса каматып жиберет» деп коркутушса деле болчу эмесмин. Эс тарткан сайын Манаска болгон кызыгуум артып, Манастын баатырлыгына, айкөлдүгүнө, эрдиктерине маашырланып, Манас болом деп чыктым. Көк чыбыкты ат кылып минип, аны Аккула деп атап, туягын элестетип тегерете сызып атама көрсөтө берчүмүн. Бара-бара алдымдагы көк чыбык Аккула, мен Манас боло албасымды түшүнгөндөн кийин эпосту айткым келе баштады. Манас айтканымды көргөн агам «мен эпостун бардык томун окугам, сен айткан жери жок болчу» деп катуу уялткандан кийин тык токтотком. 3-4-класста окуп жатканда ыр жазуу дымагым ойгонуп, классташ кыздарга сүйүү саптарын арнай баштадым. Ыр жазганымды билген жогорку класстагы агаларым буюртма берип, сүйгөн кыздарына ыр жаздырууга өтүштү. Алгачкы гонорарларымды ошол учурда эле ала баштагам.
«МИТИНГДЕ ЫРДАГАНДАН КИЙИН АРТЫМДАН АҢДУУ БАШТАЛГАН»
– 2007-жылы ноябрь айында митингде ырдап коём деп балээге калгам. Анда эч кимди кетсин деген талап жок эле, болгону реформалык өзгөрүштөрдү күтүп эл толкуп чыккан. Ошондон кийин майда-чүйдө коркутуулар күчөп, бийликтегилердин укуругу абдан узун болот экен, ар кандай жолдор менен жолуңдан чыга берет. Ал учурда артымдан бир топ күн номери жок Жигули ээрчип жүргөн.
«КЫЗЫМДЫН ТАМАК ИЧКЕНИН, ЖӨРМӨЛӨГӨНҮН КҮНДӨЛҮК КЫЛЫП ЖАЗЧУМУН»
– Бир кезде сүйүүнүн ысыгына туруштук бере албай баш кошкон жубайлар элек, эми минтип эки тарапты беттеп кеттик. Гүлбүбү менен жашаган 15 жылдык өмүрүмдө менин көзүм ачылды, ал киши менен чогуу жашаганыма да, ажырашканыма да өкүнбөйм. Аны менен алгач таанышып, жаңы үйлөнгөн учурумду эстегенимде азыр да жүзүмдө жылмаюу пайда болот. Биз 1994-жылы таанышканбыз. Анда мен 15те, Гүлбүбү 16да болчу. Гүлбүбү Искусство институтунда окуп жүргөндө кичүү кызым Сезим 1 жашта болчу. «Окуусу үзгүлтүккө учурабасын» деп аны өзүм бактым. Ошол учур менин басып өткөн өмүрүмдөгү сөз менен айтып бере алгыс учур дегим келет. Анын тамак ичкенин, жөрмөлөгөнүн, кыскасы, баарын-баарын күндөлүк кылып кагазга түшүрчүмүн. Ошол күндөрүмдү сагынып, ошол күндөргө кетким келет.
«Казан-аяк кагышат, эрди-катын табышат» дегендей, үй-бүлөдө үйлөнгөндөн тарта анча-мынча чатактар болуп жүрдү. Бирок кайра эртеси эле табышып алчубуз. Кыргыздын башка келиндеринин башына түшкөндөй кайнене-кайнатасын багып, кир-когун жуумай дегендер Гүлбүбүнүн башына түшкөн жок. Анан ал «ырдайм» деп чыкты. Анда да колдодум. Бирок ошондо эмне максат менен ырдаганы жатканын сураган элем. Гүлбүбү көпкө ойлонуп отуруп: «Сен ырдап жүрөсүң го, мен деле сени менен тең ырдашым керек»,- деп жооп берген. Мындай жооптон кийин бизде да бир кезде үй-бүлөдө келишпестик болорун сезген элем. Эркек көбүнчө сыртта болуп, үйдүн жок-житигин толуктап турат. Ал эми аял киши бала-бакыраны багып үйдө отуруу керек. Мен барган аш-тойго Гүлбүбү да барса, экөөбүз тең түн ичинде келсек, анан уруш-талаш чыгат да. Анын үстүнө, сүйүүнүн да балалыгы, эс тарткандагысы, картайганы болот окшойт. Биздин сүйүү да картайды го деп ойлойм.
«АТАНЫН СҮРҮ БОЛОТ, ИЙМЕНИП КӨП НЕРСЕНИ АЙТА АЛБАЙМ»
Гезитибизге Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева маек берип, атасы тууралуу буларды айтып берди эле:
– Атанын атадай сүрү болот, андан ийменип, көп нерсени айта албайм. Элмирбек Иманалиев сахнада кандай күлүп-жайнап жүрсө, жашоодо деле ошондой жөнөкөй адам. Ачуусу чукул, бирок бат жазылат. Бул сапаты мага да өткөн. Апам болсо токтоо, оңою менен ачуусу келбейт, келсе ушундай бир жарылат дейсиң. Сырымды апам менен бөлүшөм. Ага бүт баарын жашырбай айтам, эч качан кагып салып же кол шилтеп басып кетпейт. Кунт коюп угуп, жөндүү кеңеш берсе «ии, чын эле ушундай да» деп калам.
Ушул кезге чейин ата-энемдин атактуулугун пайдаланган эмесмин. Бул нерсе мага жакпайт дебейм, тескерисинче, атам менен да, апам менен да сыймыктанам. Бирок «Иманалиевдин кызы» дедирбей, баарына өз күчүм менен жетким келет.
Мен 6-классты аяктап жатканда, тилекке каршы, ата-энем ажырашып кетишти. Мындай учурда балдарга кыйын экен. «Атаң менен каласыңбы же апаң мененби?» деген суроонун өзү оор болду. Азыр баары жакшы, ал мезгил өтүп кетти. Учурда атам менен жолугушуп турабыз. Баласы Эрулан бизге өзгөчө жакын. Атам «Эрулан силерге эч бир чаң жугузбайт» деп калат. Ал эми кызы менен кичүү уулун көрө элекмин. Буюрса, келечекте жакшы катышабыз деген ойдомун. Анткени бир атанын балдары эмеспизби.
Ата-энемден ашыкча акча алгым келбейт. Айрым кыздарды көрүп жүрөбүз, ата-энесинин акчасы барбы, жокпу, болбогон нерсе үчүн сурап кыйнашат. Атамдан аябай керек болсо эле албасак, кайрылбайбыз деле. Анын үй-бүлөсү, үч баласы бар дегендей, аларды да багыш керек. Керектөөлөрүбүздүн баарын апам бүтүрөт.
«АКЫН МЕНЕН АЙТЫШСАМ ЖЕӉЕМ, КАТЫНЫМ МЕНЕН АЙТЫШСАМ ЖЕӉИЛЕМ»
Элмирбек Иманалиев экинчи никесиндеги жубайы Нурзат айым менен 3 уул, 1 кызды тарбиялап келишкен. Жубайы тууралуу бизге берген маектеринде буларды айткан эле:
– Келинчегимдин кесиби медик болгондуктан, мага кайсы тамак жакпасын, ден соолугума зыян-пайдасын карап турат.
Акын менен айтышсам жеӊем, катыным менен айтышсам жеӊилем деп калам. Анткени аялзаты назик, алсыз жан келет эмеспи. Жубайымдын аты Нурзат. Экөөбүз ооруканадан таанышканбыз. Бир учурда ден соолугума байланыштуу тез-тез ооруканага жатууга туура келди. Ал менин жеке медайымым болуп, таанышып калдык. Жылдызыбыз келишип, баш коштук. Ортобузда 3 балабыз бар. Улуубуз Эрулан 6, кызым Жайдары 5, кичүүбүз Адылхан 2 жашта (ред.: кийин дагы бир уулдуу болушкан, учурда 1 жашта).
«КӨҢҮЛҮМДӨГҮНҮ ИЗДЕП, МААНАЙЫМДЫ КӨТӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫП ТУРАТ»
Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдырашитова жолдошу тууралуу буларды айткан:
– Мен биринчи жолу интервью берип жатам. Өзүм сөзгө чоркокмун. Чыгармачыл инсан катары Элмирбектин бизге көп нерсеси табышмак, ошонусу менен кызыктуу. Аябай жоопкерчиликтүү. Балдарым менен чогуу аны күтүп, сыйлап турабыз. Уулубуз Эруланды абдан жакшы көрөт. Кыскасы, жакшы ата деп айта алам. Мени да эч качан капа кылбай, көӊүлүмдөгүнү издеп, маанайымды көтөрүүгө аракет кылганын көп байкайм. Татаал, оор мүнөзү да жок эмес. Аны мен эмес, көптү билген, көптү көргөн адамдар да түшүнүүсү кыйын экенин айтышат. Албетте, бул дагы анын өзгөчө бийик сапаттарынын биридир. Көп нерсеге көзү жетет. Ага «сен врач болсоӊ абдан мыкты врач болмоксуӊ» деп айтып калам.
«ЭСТРАДАНЫ ТАШТАП, АКЫНДЫКТЫ ТАНДАП ТУУРА КЫЛЫПТЫРМЫН»
«Аруузатым», «Булбулум», «Жалгыздыктан тажап бүттүм» жана башка обондуу ырлардын автору болгон алп акын чыгармачылыгы тууралуу буларга токтолгон эле:
– Обончулук, ырчылык жаатына бир кездерде катуу берилип кеткем. Чындыгында, ал кезде эстрада азгырып турган учур. Төкмөлүк талантым кадимкидей аксап калган. Азыр ойлоп көрсөм, эстрада ырчылары мага таарынышпасын, ошондо кайра акындыкты тандап эң эле туура кылыптырмын деп коём.
«Супер-Инфонун» эмгек жамааты залкар акындын мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Нуржамал Жийдебаева,
Динара Абдыкадырова,
Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg