Со Ин Гук: «МАГА ӨБҮШҮҮНҮН УСТАСЫ ДЕГЕН ПИКИРЛЕР КӨП АЙТЫЛАТ»

Аты-жөнү – Со Ин Гук

Туулган жылы – 1987-жыл, 23-октябрь

Туулган жери – Түштүк Корея, Ульсан шаары

Бою – 180 сантиметр

Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, карындашы бар

Кесиби – Ырчы, актёр

Аткарган атактуу ырлары – «Calling You», «Young Love», «Beautiful Separation», «With Laughter or with Tears» жана башка

Тартылган белгилүү сериалдары – «1997ге жооп», «Күн башкаруучусу», «1994кө жооп», «Жогорку мектептин падышасы», «Асмандан миллион жылдыз жаайт» жана башка

Түштүк Корея, Ульсан шаары. Таң жаңыдан агарганда дарбазанын кыйч эте ачылганы угулду. Бул добуш балага тааныш, күндө ата-энеси жумушка кеткенин ушул кыйчылдаган дарбазадан улам билет да, кайра уйкуга кетет. Ал дарбазадан чыккан аял бир тарапка, эркек экинчи тарапка шашыла жөнөшөт. Аялдын кылдыраган кол арабасы бар, аны сүйрөп алып көчөдөгү ар бир таштанды челектин жанына токтоп, ичинен картон кагаздарды мүшөккө бөлүп салып отурат. Анан арабасындагы жүк оор болуп кеткенде кылдырата сүйрөп алып жөнөйт. Шаардын бир бурчунда күйөөсү күтүп турат, ал таштандыны кайра иштетүүчү чакан ишканада иштейт. Күйөөсүнө арабадагы жүктү таштагандан кийин аял кайра шашыла үйүнө жөнөйт. Балдарын ойготуп, тамагын берип, окуусуна узатып коюп, кайра картон чогултканы чыгышы керек. Кореядагы эң жакыр деп эсептелгендердин катарына кирген бул үй-бүлөдө учурдун популярдуу ырчысы, актёр Со Ин Гук чоңойгон.

– Атам менен апамдын күчтүү адамдар экенине сыймыктанам. Үйдө тамак тандаганга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу, ушуну жесе болот деген азыктын баарын жейт элек. Ошентсе да үйүбүз күлкүгө, сүйүүгө, мээримге толо болчу. Ошол кыйынчылык күндөрдө баарына чыдап, үй-бүлөбүздү уратпай сактап калган ата-энеме ыраазы боло берем. Балким, кыйынчылык бизди бири-бирибизди баалоону үйрөткөндүр, азыркыга чейин ортобузда сый мамиле күчтүү,- деп балалыгын эскерет ырчы.

Со Ин Гук келечекте дал өзүнүкүндөй күчтүү үй-бүлө курууну кыялданат. Азыркыга чейин маектеринде апасы жөнүндө сөз болсо көзүнө жаш тегерене түшөт.

– Апам абдан оор жашоону башынан өткөрдү. Азыркыга чейин эстесем жүрөгүм ооруп кетет. Ал убакта жардам бере алчу эмесмин, бирок мени капалантпайын деп дайыма «уулум, менде баары жакшы, окууңа барагой» деп турчу. Аялзатынын колу назик, үлбүрөп турушу керек эмеспи. Менин апамдын алакандары жооруй берип капкатуу болуп, териси кесилип кеткен абалда эле. Эч качан анын кылган жумушунан уялган эмесмин, бирок анын түйшүгүн алып салчу күн келсе экен деп тиленер элем. Мен чоңоюп, чыгармачылык дебют жасаганымда деле апам көчөдө картон чогултуп жүрдү. «Таштаңыз бул жумушту» десем, «бекер отуруп эмне кылмак элем? Өмүр бою кылган кызматым ушул болду, эрмектей берейин» дечү. Көнгөн жумушун таштаганына аз эле болду, карындашым күйөөгө чыгып, балалуу болгондо гана апам небересин багып үйдө отуруп калды. Өмүр бою апама татыктуу белек алып берем деген кыялымды ишке ашырдым.

Эмне белек десеңиз, уулу иштеп тапкан эмгек акысына кофейня сатып алып, ага апасынын ысымын ыйгарып, белек кылган. Со Ин Гук атасы жөнүндө да жылуу эскерет:

– Атам үйдө көп болбогону менен, балдарына убакыт тапчу. Же мага ошондой сезилчүбү, билбейм. Кичинекейибизде балык кармаганы көлмөгө барчубуз, атам мага биринчи жолу кайырмак салганды үйрөткөндө толкунданып, өзүмдү чоңоюп калгандай сезгем. Эркек бала үчүн атанын орду өзгөчө маанилүү экенин сезем. Апамды канчалык аяп, боорум ооруп турса, атамды карап түздөнгүм келе берет. Андан өзүмө эркек катары көп сабак алам. Азыр ата-энеме караганда менин колум бошобой калган убак. Бирок баары бир атам менен эки жакка чыгып, сүйлөшкөндү жактырам. Андан үйрөнчү нерселерим көп.

БУЛИМИЯ...

Көпчүлүк учурда карындашы менен жалгыз калган Ин Гук үйүндө кыңылдап ырдап жүрөр эле. Бирок бала келечекте чыгармачылык эмес, саясатчы болууну кыялданчу. 1997-жылдары өлкөдө популярдуу болгон рок ырчысы Ким Жон Миндин ырлары 10 жаштагы Со Ин Гукту да арбап, саясатчы болуу оюнан кайтып, ырчы болууну максат кылат. Жогорку окуу жайына тапшыргандан кийин максатына жетүүнү көздөгөн жигит ар кайсы музыкалык сынактарга катыша баштаган. Жаш жигиттин психикасына сокку урулуп, кайсы жакка барбасын алган жообу: «Толук экенсиң, келбетиңден улам кастингден өтпөй калдың». Көңүлү ооруган Ин Гук арыкташ керек дей берип, жыйынтыгында булимия дартына кабылган. Үй-бүлөсүнүн колдоосу жана өзүнүн өжөрлүгүнө салган жигит ооруну жеңип чыгып, туура тамактануу, спорт жолуна түшүп, учурда идеалдуу келбетке ээ. Бир эшик жабылса, экинчи эшикти каккан ал 2009-жылы «Superstar K» музыкалык сынагына катышып, керекпи, жеңип чыгат. Сынактан кийин гана ийгилик кушу конгон ага сунуштар ар тараптан келе баштаган. Ошол эле жылы 3 ыр камтылган «Calling» альбомун чыгарып, 3 ыры тең музыкалык чарттарда айлап лидерлик сапта турган. Музыкалык альбому үчүн Ин Гук «Жылдын дебюту» наамына татыган. Учурда Со Ин Гуктун ырларын баалап уккан күйөрмандар бир гана Кореяда эмес, Япония, Кытайда да көп. Баланын ырчы болуу кыялы орундалды, эми ал популярдуу ырчы.

ТАРТЫЛГАН ТАСМАЛАРЫНЫН КӨБҮНӨ САУНДТРЕК ЖАЗЫП БЕРЕТ

Кыргыз өлкөсүндө Ин Гукту актёр катары тааныгандар көбүрөөк болсо керек. Ал биринчи жолу учурунда популярдуу болгон «Сүйүү жамгыры» сериалына тартылган. Башкы каармандардын ролун Чан Гын Сок менен Им Юна аткарган бул дорамада каарманыбыз экинчи пландагы каармандын ролунда болчу. Аталган дораманы сиз дагы көрсөңүз керек. Андагы «Like a Fool» саундтрегин жазып, аткарган Со Ин Гук.

Анын чыныгы актёрлук таланты 2012-жылы чыккан «1997ге жооп» сериалында байкалган. Башкы ролдордун бирин Со Ин Гук аткарган дорама жөнөкөй көрүүчүлөрдүн гана эмес, кино сынчылардын да жогору баасына арзыган. Бул сериалдын эки саундтрегинен Ин Гуктун ырчылык талантын да баалай аласыз. Негизи эле ал тартылган тасмаларынын көбүнө саундтрек жазып берет. Актёр катары ал эң биринчи «Күн башкаруучусу» дорамасы үчүн «Жаңы жылдыз» наамын алган. Учурда мындай наамдар актёрдо ондоп саналат.

КАНДАЙ КЫЗДАРДЫ ЖАКТЫРАТ?

Со Ин Гук бою узун, назик, анын табитиндеги тамактарды жасай алган кыздарды жактырат. Кесиптеши ырчы Пак Бо Рам менен 2 жылга жакын курган сүйүү мамилеси үй-бүлө статусуна жеткен эмес. «Кыздардан көбүнчө кандай каттарды аласыз?» деген журналисттин суроосуна актёр: «Жеке каттарда, интернеттеги билдирүүлөрдө мени «өбүшүүнүн устасы» деген пикирлер көп айтылат. Мындай пикирлерди укканда бир чети уялам, экинчи жагынан комплимент катары кабыл алам. Экранда күйөрманга жаккандай ой калтырсам, жакшы эмеспи. Тасмада өбүшүүдөн мурун ага чейинки процесс маанилүү. Көрөрман «мына азыр өбүшөт, мына, мына» деп күтүп көрүшү керек. Туш келди эле боло берсе өбүшүүнүн да баркы кетет»,- деп жылмайган ал.

СО ИН ГУК ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА

- Хапкидо уруш өнөрү менен машыгат.

- Гитара, фортепианодо ойнойт.

- Дебютка чейин 86 килограмм салмакта болгон, кийин 20 килограммга арыктаган.

- Ата-энеси бутуна турганга чейин тапкан акчасынын баарын аларга берип турган.

- Анын идеалындагы кыз – актриса, ырчы Им Юна.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан