(Башы өткөн сандарда)
Айдардын сөзү түгөндү, түшүндүрө албай эшикке кол созо бергенде аркасынан кыздын үнү чыкты.
– Ата болосуң...
– Ыя?
Алгач эч эле бул сөздүн маанисин түшүнбөй турду, аң-сезимине жеткенде гана жүрөгү дүкүлдөп кетти.
– Чынбы?
– Ооба, бир айлык боюмда бар.
Айдар нес боло оозуна сөз кирбей туруп калды.
– Каалабасаң, алдырып салам.
– Жинди го, кантип каалабайм? Мен сени жоготуп алдым деп ойлоп... Бул бала биздин үмүтүбүз, жашообуз болот. Алтындарым менин, жүрү бүгүн эле никебизди кыябыз. Атам менен апам сүйүнүшөт. Жок, мен биринчи Аруукеге чалып сүйүнчүлөйүн.
Айдар карбаластай күбүрөнүп, улам биринин номерин терип баштады. Бул балага туруштук берүү мүмкүн эмес, кыз кандай ыза болуп турганын унутуп, Айдарды кучактай берди.
– Жинди кыз...- деди ал дагы жүрөгүнө бек кысып. Айгерим жигитинин кең далысына башын койду. "Бүттү, эми чындап бардык жаман нерсе артта калды" деди ичинен.
ххх
– Апа, мен дагы уктап калыптырмын, чайды дагы сиз даярдап...
– Сен эс ал, кызым. Дагы далай даярдайсың, а менин убактым тар. Анын үстүнө боюңда бар.
Айгерим уялыңкы жылмайып чайнекти кармалай берди. Асия келинине жылмайды.
– Мен Айдарга эртең менен тамак даярдап бергенден кандай ырахат алам бир билсең... Жеп жатканын карап канча бактылуу болом. Мен аны мектепке курсагын тойгузуп жөнөткөн жокмун, тосуп албадым. Жок дегенде азыр жумушка узатып, тосуп алып... Ошого да шүгүр. Жүзүн көргөнүмө, бактылуу экенин билгениме, күчтүү инсан болуп чоңойгонун көргөнүмө шүгүр. Сен аны аябай сүйөсүң, ээ?
– Апа-а, коюңузчу,- деп келин уялып кетти.
– Билем, сүйөсүң. Өз оозуңдан уккум келди. Аны жакшы көр, кызым. Айдар жашоосунда мээрим көрбөдү. Мен да Айдардын атасын аябай сүйгөм, атамдын каршылыгына карабай качып турмушка чыккам. Ал дагы сүйгөн. Бирок биз сүйүүбүздү, балдарыбызды, очогубузду да коргой албадык.
Мен кайсы бир убакта өзүмдү терең ордон куткарып кеттим деп ойлогом. Жокчулуктан, жакырчылыктан куткарып кеттим деп сүйүнгөм. Жылдар бою ушул сезим менен өзүмдү алдап келдим. Көрсө, мен Айдарды таштап кеткен күнү өзүмдү кошо жоготкон экенмин. Андан кийин жашадымбы? Билбейм, жашаган сыяктуу болдум, кээде бактылуу өмүр сүрүп жаткандай сезилчү. Айдарды көп жылдан кийин көргөндө гана эмне жоготконумду түшүндүм. Мен өзүмдү жоготуп алыптырмын. Анын көздөрүн көргөндө жашоодон утулганымды билдим. Көрсө, өзүмдү жоготкон экем балам менен кошо. Бакытты алтындан, жакшы турмуштан издедим. Бирок ичимдеги боштук турганы турган эле. Мен башка адамдын жашоосу менен жашаптырмын. Силер биздей жаңылышпагыла. Турмушта баары болот. Силер бири-бириңди кармаган колдоруңарды бошотпогула! Эмне болсо да, жаныңды ачытса да Айдардын колун коё бербе. Сен күчтүү кызсың, мендей алсыз эмессиң. Мен ызама жеңилип басып кетпегенимде, балким, баары башкача болмок. Эрнис жарым өмүрүн түрмөдө өткөрмөк эмес. Балам ар кимдин колунда калбайт эле. Арууке, балким, өз апасы менен чоңоймок. Ызага жеңилип берген бир кадамым канча адамга кайгы алып келди...
Асия көкүрөгүн мыкчый токтой калды. "Азыр эмес, бир аз убакыт бер" деп жалынып жиберди ичинен. Келини анын абалын байкаган жок, бактылуу күлкүсү жүзүндө ойноп турган экен. Ичи эзиле түштү эненин. Ылайым ушу бактысы түгөнбөсө болду.
– Кой, Айдар менен атаңды чакыр, чай ичели.
– Келдик өзүбүз эле,- деди Эрнис. Асия экөөнү тиктеп калды. Өтө окшош эле, арыкчырай, бойлуу, болгону Айдар өзүнө бир аз түспөлдөш. Бакыт ушу тура, ата-баланы чогуу көрүү, окшоштуктарын салыштыруу, кайсы бир жоруктарына күлүү. Канча жыл муну билбей жашаган экен. Асия ордунан туруп баратып теңселип кетти. Эч ким байкаган жок.
– Дасторконуңар укмуш го, кыздар,- деди күлүмсүрөгөн Айдар.
– Апам даярдады.
Ушу учурда баары Асияга тигиле беришти. Ал бир кызыктай абалда турган эле, дагы бир кадам жасай турган болуп барып жыгылып кетти.
– Апа!
– Апа, эмне болуп кетти?
– Айдар, тез машинени даярда, ооруканага...
Асия ушуларды угуп эсин жоготту.
ххх
Оорукананын чоң коридору. Каршы-терши басып, жанын коёрго жер таппай жаткан баласын Эрнис карап турду. Айтпаса болбойт, мындан ары жашыруу мүмкүн эмес.
– Айдар, кел отурчу.
– Эмне болду, ата?
– Апаң... Апаң ооруп келген, сага айта албадык.
– Эч нерсе эмес, айыгып чыгат апам. Сен коркпо, ата.
– Кеп ошондо, балам, апаң айыкпаган оору менен ооруйт.
– Эмнеге? Кантип?
– Аз гана күнү калыптыр. Мен да ишенген эмесмин, өзүм врачтар менен сүйлөштүм.
“Мүмкүн эмес! Мынчалык дүйнө акыйкатсыз болушу мүмкүн эмес. Мен мынчалык бейтаалай болушум мүмкүн эмес",- деп ойлоп турду жигит. Атасына тиктеп акыйкатты көрдү. Шалдайып туруп калды.
(Уландысы кийинки сандарда)