Өзгөн районунун Большевик айылында жанаша жайгашкан эки-үч үйдүн короолору акыркы он жылдан бери көргөн көздү сүйүнтүп келет. Үй ээлери короосундагы кадимки эле бадалды түрдүү формаларга салып кыркышат. Мына ошол чеберлердин бири – Таштемир Дыйканбаев менен баарлаштык.
– Таштемир ага, сиздин кырккан бадал кашааңыз көпчүлүктүн көңүлүн буруп келет. Бул иш менен канча жылдан бери алектенесиз?
– Бадалдардын тигилгенине жыйырма жылдан ашты. Ал эми аны кооздоп кыркып баштаганыма он жылдай болуп калды. Мени көбү сүрөтчү деп ойлошот, бирок жөнөкөй эле айылдык жумушчумун. Бир убакта бекерчиликтен пайда болгон бул ишимдин жыйынтыгы азыр бадалды атактуу кылууга алып келди окшойт.
– Кызык экен. Бадалдын атактуу болуп калганын кайдан угуп калдыңыз?
– Бизде Өзгөндө “Большевикте ушундай бир кашаа бар” дешсе, Ошто “Өзгөндө бир укмуш бадалдуу кашаа турат” дейт. Ал эми Бишкекте биздин өнөргө күбө болуп калгандар “Ошто бир кызык бар” дегенин эшиткенбиз. Бадалды кооздоп кыркуу менен кандайдыр бир деңгээлде жерибиздин атын чыгарып келебиз.
– Бадалды өзүңүз жалгыз эле кыркып, формага келтиресизби?
– Башында өзүм эле кыркчумун. Бирок азыр экинчи топтогу майып болуп калдым. Ошондуктан көбүнчө уулум Мирбек кыркат, ал эми мен ага көрсөтүп турам. Бадал бир жылдын ичинде төрт жолу кыркылат. Өзүбүздүн корообуздагы бадалдарды 1 жума дегенде кыркып бүтөбүз.
– Минтип кыркуу керек экендигин бир жерден көрүп келдиңиз беле?
– Жок (күлүп). Ушул кашаабызга кимдер токтободу, баары жаттап алгансып, дал сенин сурооңду узатат. Өзүм карапайым дыйкан болсом, кайдан көрмөк элем? Жөн эле кыркып баштагам. Өтө берилип кызыккандары жол боюна токтоп, суроо жаадырып кирет.
– Мисалы?
– “Бадалдын сорту эмне?”, “белгилүү формага салып кырккан идиши барбы?” же “канча кайчы менен кыркасыз?” деген суроолор көп берилет. Бадалдын сорту кадимки, идиши жок, ал эми кырккан кайчыбыз бирөө эле.
– "Менин да бадалдарымды кооздоп кыркып бериңиз” деп суранышса керек?
– Ооба. Бир жолу барып кыркып, көрсөтүп берем. Бирок кийин көрсөң, бузуп алышкан болот. Эми бул ишти эптеп кетүү оңой эмес. Анткени мээнети көп. Улам өсүп турган бадалды кыркып туруу зарыл. Кээде колунда акчасы барлар да кайрылып калат.
– Сиздикиндей бадалды өстүргөндөргө эмне кеңеш бересиз?
– Бул бадалдын бир жылдык бутагынан калемче жасап, бир катар кылып тигесиз. Тез-тез сугарып туруу керек. Тоок эмес, жөжөлөрүн жолото көрбөңүз, себеби куурап калат. Кийин кеч күздө бир жолу кыркып аласыз. Ал эми экинчи жылы бир сөөмдөн гана кыркып туруу зарыл. Бийиктиги каалаган деңгээлге жеткенге чейин капталын гана тегиздеп турасыз.
– Маегиңизге рахмат.
Эльвира Караева
koom@super.kg