(Башы өткөн сандарда)
Аңгыча Асел Каныш апага:
– Эне, Герик айтат, шаарда жакшы бир оорукана бар экен. Европанын өзүнөн, чет өлкөдөн олигархтар, атактуу музыканттар, спортчулар, саясатчылар келип дарыланып кетишет, аябай күчтүү дарыгерлер иштейт дейт. Эгер Арсен ага кааласа бүгүн эле алып барып жайланыштыра алам деп жатат,- деп калды.
Арсен өзүн ыңгайсыз сезип кетти окшойт:
– Кабатыр болбогула, мен бир аз убакыт эс алсам эле жакшы болуп кетем, чарчагандыкы эле. Акыркы убактарда иш деп көп чуркоого туура келип, кээде жумалап жакшы уктабай калып жаттык. Рахмат деп кой Курчигиңе,- деп күлүп койду.
Каныш апа Аселдин сунушун туура көрдү. Арсендин абалы анчалык жакшы эместигин ал деле көрүп турат да.
– Жок, айт тиги Көмүрүңө, эртең эле барып сүйлөшсүн, акчасын төлөйбүз канча десе да.
Каныш апа Герик дебей, Көмүр дечү аны. Тили келбейби же жактырбайбы, билбейм. Балким, өңү капкара болгону үчүн ошентип атап алгандыр. Асел Көмүрү экөө сүйлөшүп жатышты, бир маалда:
– Герик эртең менен саат сегизде келет экен, Арсен аганы даяр турсун дейт.
Каныш апа Арсенге көңүлдүү карады:
– Эртең менен барасың, балам, али жашсың, тез эле айыгып кетесиң, буюрса. Көмүр балам боорукер, көздөрүн эле карабайсыңбы, мөлтүрөйт кыздардыкына окшоп. Жалган айтпайт.
Ушуну айтып, дасторконго оомийин кылды да, үйгө кирип кетти. Бир аздан кийин Гериги менен коштошуп, Асел үйдү көздөй басты. Андан кийин Герик да үйүнө кетти.
Арсендин көңүлү ачылып калыптыр:
– Бул Көмүрдү каяктан таап алдыңар?- деп мыскыл күлдү. Өзү өлө албай жатып бирөөнү мыскылдаганды буга ким койду?
– Аселдин досу,- дедим. Жигити деп айтайын деп барып айта албадым.
– Эмнесин жакшы көрөт билбейм, экөөнүн көңүлү жакын.
Кызганыч коштогон сөзүм байкалып калбадыбы деп Арсенди тиктедим. Байкабаптыр, «аа, ошондойбу?» деп кашын серпип койду.
– Арак алып келип койгом, ачайынбы?
– Жок, тим эле кой. Эртең ооруканага бара турган болсом ичпей эле койгонум оң. Аселдин “кайын журту” мени алкаш экен деп калбасын,- деп каткырып күлдү. Баягы эле күлкүсү. Тынч, коопсуз жерге келип алганы үчүн маанайы ачылды окшойт.
– Андан көрө бир жакшы чай демдеп келбейсиңби, өзүбүзчө кобурашып отуралы,- деди. Коюу кылып чай демдеп келдим.
Сөздүн ток этери чайлашып отурганда айтылды.
– Самат, абал чатак. Мени бул жакка Адыл ага жөнөттү. Өзү азыр бир сарайда бекинип жатат, жалгыз калды.
– Өзү жалгызбы азыр? Анчалыкка кантип жетип калдыңар, жаңы аким эмне, ушунчалык эле күчтүү бекен?
– Аким силер кеткенден көп өтпөй өлгөн. Жакшынакай жүрүп эле бир күнү катуу ооруп калган имиш. “Күчтүү врачтар аракет кылып сактап кала алышкан жок” дешти. Ошол акимдин Ерхан деген досу бар экен, монголиялык этникалык казактардан дейт. Билдик ал жөнүндө, жаш кезинде адам өлтүрүп, качып Ооганстанга өтүп, согушчандарга кошулуп кетиптир. Ошол Ерхан Казакстанга келип, Карагандадагы бүт көмүскө иштин башында ошол турат экен. Караганданын акими деле ошонун колунда эле иштеген бир көлөкө болуп чыкты.
– Андай болушу мүмкүн эмес…
– Кеп ошондо. Иштин баары Ерхандын колунда экен, бул чындык.
– Согушуп жүргөн бир жанкечти болсо эмне болуптур? Адыл ага качып кетти эле го, эч нерсе кыла албадыбы?
– Адыл ага качып кеткенден кийин алар биротоло жиндеп кетишти, биздин балдардын баарын "Долинкага" чогултуп алып аябай кыйнашты. Резиденцияда камерага түшүп калыпсың, Самат, дароо эле тааныдым. Билгем сенин эле качырганыңды. Башка ким барат эле андай оор ишке? Башка балдар өздөрүнүн үй-бүлөсүнөн, туугандарынан коркуп эч нерсе кыла алышпайт болчу. Сени дээрлик баары эле унутуп койду да. Адыл аганы куткарганыңда капюшон кийип алганың жакшы болуптур, сени менден башка эч ким тааныбады. Видеону көрсөтүп "айткыла, ким бул?" деп балдарды аябай кыйнашты. Шериктери да бүт өзүнө окшогон адам өмүрүн тыйынча көрбөгөн, жеткен мыкаачы, акча дегенде эч нерседен кайтпаган зөөкүрлөр экен. Апийим чегип алып киришип, адамды кантип кыйнашты билишет экен, деги сөз угушпайт. Илгери согушта колго түшкөндөрдү немистер деле мынчалык кыйнашпаса керек. Балдар сынып калышты, Самат, чыдап болбойт эле андай кыйноого. Душманыма да каалабайм андай азапты. Менин колумду, бутумду жанчып салышты, жаның көзгө көрүнөт. Ушундан көрө тарс эле атып салышса болмок дейт экенсиң. Эх, эстегим келбейт ал күндөрдү, сынат экен кандай адам болсо да.
– Менин ким экенимди айткыла деп балдарды ушунча кыйнаштыбы?
– Адыл аганын ишканалары ар кимдин атына жазылган да, ошол адамдардын баарын кармашыптыр. Ишканаларды бүт өздөрүнө алып, баш ийбегендерин өлтүрүп… Кыйын экен булар, өлгөндөргө түрдүү шылтоо ойлоп табышып, «авариядан өлдү», «бийиктен кулап кетип өлдү» деп, айтор, эч ким кынтык таппай турган кылып салышты. Калгандары экинчи баш көтөрбөсүн, жүрөгүнүн үшүн алалы дешти окшойт да. Акыры камалган балдардын ата-энелери чогулуп Астанага чейин барып, президентке кирип жолугуп келишкенден кийин гана мени, дагы төрт баланы сот бүткүчө деп калтырып, калган балдарды чыгарышты.
Бошогон балдар келип жатышты мага, ошолор айтып беришти, Адыл агага Казакстан боюнча издөө жарыяланып, маалымат берген адамга аябай көп акча сыйлык убадалашыптыр. Милицияга Адыл аганы колго түшүп берүүгө көнбөсө атып салууга буйрук берилиптир. Мындайда эмне кыла алмак эле Адыл ага?
Аким өлгөндөн кийин күнү куру эмес, сабап кетмей, өлтүрүп кетмей, өрттөп кетмей… Караганда Чикагого эле окшоп калды ошол маалдарда.
Арсендин кабагы бүркөлүп, чынысын эки колдоп кармаган бойдон көпкө чейин дасторконду тиктеп ойлуу отурду.
– Арсен, түшүнөм, досум, бирок мага баарын айтып беришиң керек эмне болгонун. Мен майда-чүйдөсүнө чейин билишим керек.
– Акыры Ерхандын дайыны чыкпай калды. Адыл аганын балдары гезит, журнал, телеканалдарга интервью берип, өлгөн акимдин былыктарын казып чыгышып, айтор, Адыл ага өзүн актап чыкты. Биз да чыктык. Мен ооруканага жатып дарылана баштагам. Иш акырындан мурунку калыбына келе баштаган.
Ерхан жеткен жанкечти экен, биз чынында жеңдик деп ойлоп калган элек. Көрсө, Ерхан даярданып жүрүптүр. Бир айдай өттү окшойт, бир күнү чак түштө Адыл аганын жети адамын атып кетишти. Адыл аганын өзүнө ресторанда отурган жеринен кол салып, төрт жан сакчысы өлүп, Адыл агага да ок тийиптир. Кантип кутулуп кеткенин билбейм, бирок араң качып кутулуптур. Шаар азыр бүт Ерхандын көзөмөлүндө.
– Адыл ага сага кантип байланышка чыкты. Сен бекинбедиңби? Сага да кол салышы мүмкүн эле да.
– Мен да ошентип коркком…
(Уландысы кийинки сандарда)