Ой-даа биздин жаштык кез! Биздей тентектик, жиндилик кылгандар аз болсо керек. Мектепте окуп жүргөндө эле классташ балдар биригип алып ар бир кызга баарыбыз кезеги менен кат жазып чыгат элек. Мектепке шаардан кыз келип калды дегиче байкуштун айласын алты кетиребиз. Айрыкча мындай жиндиликти көп кылган 5-6 бала бар элек. Аныбыз кийин да уланды. Мектепти бүтүргөндөн кийин жогорку окуу жайга тапшыргандар тапшырып, тапшырбаган баягы 5-6 бала иштегени Казакстанга чогуу кеттик. Жиндилик десем таң калып жатасызбы? Мен муну башкача атай албайм.
– Хе-хе, тээ тиги аяштын чачы чөмөлө го. Сен таанышып келбейсиңби?
– Бирок фигурасы зыңк экен. Азыр мен номерин алып келсем, кийин кафеге бекер барам.
– Давай, давай.
Өзүбүзчө шылдыңдап каткырабыз да, тор жайганы кызга шамдагайыбыз жетип барабыз. Кимибиздин жолубуз болсо, ошол номерин алат. Анан ал кызды бир күнү сөзсүз кафеге ээрчитип барабыз. Биз барбаган кафе деле калган жок окшойт. Кафеге барбаган күндөрү үйдөн бөтөлкө жайната сыра ичебиз. 5-6 бала биригип бир батирге кирип алганбыз. Тапкан акчабыз батирге, кафеге, сырага, анан кыздарга кетет. Сулуу кыз көрсөк эле «аяш» деп жармашып алабыз. Анысы аз келгенсип баарыбыздын чогуу «жашап» жүргөн «аялдарыбыз» бар. Билбейм, эмнегедир бизге да ошондой кыздар көп жолукчу. Бир эле Казакстанда болсо мейли го, Бишкекте да, айылда да бирден сүйлөшкөн, ээлеп койгон кыздарыбыз бар. Барган сайын жолугуп турабыз. Сулуу кыз көрсөк, бүркүт өзүнүн олжосун көргөндөй шилекейибиз агып, шыпшынабыз. Канча кыздын көз жашына калдык экен?.. Кыздар да кызык, бизге окшогон «бабниктерди» сүйүп калып эле, өздөрү укуругубузга илинип беришчү. Эмне, жакшынакай жүргөн балдарды сүйсөңөр болбойт беле өзүңөр? А биз чардадык го, чардадык.
– Э, дос, Айгүл Казакстанга келе жатыптыр го?
– Э-энең, боюмда бар дейт.
– Эмне кыласың эми?
– Келбе, алдыр десем болбойт. Өзү билсин, өз убалы өзүнө.
Кыздардын убалынан да корккон жокпуз. Мындай учурлар көп эле болду.
Менде да андай тузактагы, запастагы кыздар көп эле. Алардын бири азыр жубайым болду. Анын аруулугу, тазалыгы, боорукердиги, анан да чыдамдуулугу мени багынтты. Аны да канча ыйлатып, санаага салдым экен?.. Бирок акыр аягында өзүм андан ажырай албай калдым. Жубайым менен агенттен таанышкам, анан Бишкекке барганда жолугуп сүйлөшө баштагам.
Ошондой күндөрдүн биринде казак кызы Сауленин боюнда болуп калыптыр, ал бардар жердин кызы болчу. Агалары да чоң кызматта иштеген, кыскасы, мени кармаса чыгарбай турган «авторитеттери» бар эле.
– Айбек, мен жүктимин,- деди бир күнү Сауле. Ордумдан ыргып турганымды өзүм билбей калыптырмын. Чынында менин аны менен өмүр бою жашайын деген планым жок болчу, мөлтүрөгөн кыздын мени сүйүп калганынан пайдаланып эле эркектик кумарымды кандырып жүрчүмүн. Сулуу эле. Башында мен көп эле анын артынан түшкөнмүн. Сага көңүл буруп багынгыча кыздардын артынан күчүк болуп, сага көнө баштаганда таштап басып кетүү биздин ал кездеги жеңишибиз болчу.
– Түсик жасату керек,- дедим олуттуусунуп.
– Эмне-е? Айбек?! Ол биздин баламыз. Ол адам!
– Жаным сол, мениң дал казыр жагдайым буган сайкес келмейди. Оның үстине бала асырауга биз экеүмиз да жаспыз.
Менден мындайды күтпөсө керек. Сауленин көзүнөн мөлт-мөлт жаш кетти. Ал тамчы менен кошо мага болгон сүйүүсү агып жаткансыды. Бир топтон кийин болгон күчүн топтоп турду да, жек көргөн көзү менен:
– Мен киши өлтирүши эмеспин. Бул мениң балам!- деп басып кетти.
Ошо менен аны көргөн жокмун. Бирок агалары, атасы мага чалып, «үйлөнбөсөң түрмөдө чиритем» деп коркута башташты. Мен болсо Кыргызстанга качып келе бердим. Тагыраагы, кылган кылыгыма жооп бербей, өз канымдан жаралган баламды төрөлбөй жатып туңгуюк жашоого таштап, качып кеттим. Ал аралыкта азыркы жубайым менен мамилем өөрчүп, ага үйлөндүм. Азыр 3 балалуу болдум. Балдарымдын эң чоңу 7 жашка чыгып калды. Жакында эле көптөн бери кирбей калган социалдык баракчама кирсем, бир сүрөтүмө баягы казак кыздын сиңдиси баламдын чоңоюп калганын, мага окшоштугун айтып, мени каргап-шилеп жазып кетиптир. Окуурум менен өчүргөнгө шаштым. Аялымды сүйөм, менин жашоого болгон көз карашымды, кыздарга, аялзатына болгон мамилемди өзгөртүп, азыркы бактылуу жашоону тартуулаган жубайымдын жүрөгүн ооруткум келбейт, аны жоготуп алуудан корком. Ошол эле мезгилде балдарымдын ар бир кылыгын, бактылуу күндөрүн карап отуруп тиги таштап кеткен баламды эстечү болдум. Мен анын бактылуу балалыгын уурдадым. «Аталап» чуркап, ар бир кылыгын атасына мактана турган бактылуу көз ирмемдерин тартып алдым. Төрөлө элек наристени өлтүрмөк болдум, бактысыз кылдым. Өзүмдүн кылган иттигиме жоопкерчилик ала албадым. Баламдын гана эмес, анын апасынын да турмушун талкаладым...
Айбек