Кыргызстандын муфтийи Максат Токтомушев орозо алдында элге кайрылуу жасады. Анда "Орозону быйыл үйдө кармайбыз. Ооз ачарды үй-бүлөбүз менен чогуу кылабыз. Абал турукташканга чейин таравих намаздарын дагы үйдөн окуйбуз" деди. Муфтият 24-апрелди Рамазан айынын башталышы деп белгиледи. Айдын жаңырышына карап бул күн 1 күн кеч белгилениши да мүмкүн.
ОРОЗО КАРМООНУН НЕГИЗГИ ЭРЕЖЕЛЕРИ:
Орозо качан бузулбайт?
Орозо качан бузулат?
БИТИР-САДАКАНЫН ӨЛЧӨМҮ
Муфтият 2020-жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти. Быйылкы битир-садаканын өлчөмү – 1,6 килограмм буудай же анын баасы менен 35 сом. Же болбосо мүмкүнчүлүгүнө жараша төмөнкү азыктарды берүүгө болот:
Ун – 1,6 килограмм = 60 сом
Арпа – 3,2 килограмм = 54 сом
Мейиз – 1,6 килограмм = 384 сом
Курма – 3,2 килограмм = 512 сом
Эскертүү: Битир-садака берчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечаралардын муктаждыгы үчүн колунда бар адамдар көбүрөөгүн тандашы абзел. Башкача айтканда, ар бир адам жогоруда көрсөтүлгөн азыктардын бирин тандап, ошонун баасында битир-садака берет.
Эскертүү: Таблица Бишкек убактысы боюнча көрсөтүлдү.
Аймактардагы убакыт боюнча айырмачылыктары:
Календардагы берилген убакыттарга кошулат (+) жана алынат (-)
ООЗ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ
Навайту ан асуума саума шахри Рамазана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи таала Аллаху акбар.
Мааниси:
Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым.
ООЗ АЧУУ ДУБАСЫ
Аллоохумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва ала ризкика афтарту, фагфирли ма каддамту ва ма аххарту бирохматика йа армахаар рохимин.
Мааниси:
Алла Таалам, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын. Баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир.
Кадыр түн болжолдуу 20-майга туш келет.
24-май – Орозо айт майрамы (Айдын чыгышына карап 1 күн айырма болушу мүмкүн).
Канымжан Усупбекова,
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg