КҮТТҮМ, КҮТТҮМ... 2020-ЖЫЛЫ КҮТҮЛҮП ЖАТКАН КЫЗЫКТУУ КОРЕЙ ДОРАМАЛАРЫ

2020-жылы кызыктуу сюжетке бай сериалдар көп болорун далилдегендей Түштүк Кореянын тасма жаратуучулары жыл башынан бери биринен бири кем калбаган эмгектерин тартуулап жатышат. Сиз экөөбүздөн жөн гана экран алдында отуруубуз керектелет. Андан ары дорама өзү эле «жетелеп» кетет. 2020-жылы бизди сүйүндүргөн жана күттүргөн сериалдарга токтололу. Эгер тартылып бүткөн гана сериал көрөм десеңиз, анда ужас жанрындагы «Падышалык-2» сериалын сунуштайбыз. Романтика, драма жанрын сүйүүчүлөргө «Итэвон класс», мелодрама көрүп бышактап отурганды жактыргандар «Кандайсың, апа?» дорамаларын көрүңүздөр. Жума сайын 2 сериясын көргөнгө ыраазы болуп, кайра кийинки бөлүмдөрүн чыдап күтүп көрөм десеңиз, анда албетте, романтика, фантастика, драма жанрындагы «Падыша: Түбөлүк монарх» сериалы сизди кучак жайып тосуп алат, дораманын алгачкы гана сериялары чыкты. Ал эми врачтардын кесибине кызыгууңуз күч болсо, «Ооруканадагы пайдалуу жашоо» дорамасына назар салыңыз. Макалабыздын кийинки бөлүгүндө 2020-жыл бизге дагы кандай сериалдарды тартуулаганы турат, кайсы актёр-актрисаларды экрандан көрө аларыбыз тууралуу сөз кылабыз.

«КАЙРА ТӨРӨЛГӨНДӨР»

Детектив, драма, мистика, фантастика жанрларын камтыган «Кайра төрөлгөндөр» («Рождённые вновь») дорамасынын алгачкы сериясы апрель айынын 20сында экранга чыкты. Сюжетти окусаңыз, сөзсүз кызыгуу жаратат. 20-кылымда бир катар трагедиялык окуялар орун алат. Анда кылмышты изилдеген детектив киши өлтүргүчтүн сүйлөшкөн кызына ашык болуп калат. 21-кылымда кайра жаралган детектив Ча Хён Бин (Ли Су Хёк) прокурорлук кызматта болсо, мурунку жашоосундагы киши өлтүргүч Чон Жон Бём (Чан Ки Ён) эми медициналык окуу жайдын студенти, ал эми экөөнүн талашына түшкөн Жун Са Бин (Жин Се Юн) мугалим. Мурунку жашоосундагы тагдыр каармандарды кайрадан кезиктирди, эми бардык окуя башынан кайталанабы?.. Аны, буюрса, алдыда чогуу билебиз. Байкадыңыз да, актёрдук курамды? Жактыбы?

«МЕН ЖИНДИМИН, БИРОК БААРЫ ЖАКШЫ»

Көпчүлүк кыздардын жүрөгүнөн түнөк тапкан актёр Ким Су Хёндун аскер кызматынан келгенден кийинки, ал эле эмес, акыркы 5 жыл аралыгынан бери алгачкы толук кандуу эмгеги 2020-жылдын биринчи жарымында экранга чыгат деп пландалууда. Ал башкы каармандын ролун аткарган «Мен жиндимин, бирок баары жакшы» («Я псих, но всё в порядке») дорамасы эмне жөнүндө? Психиатриялык ооруканада иштеген Мун Кан Тэ (Ким Су Хён) оорулуулардын абалын карап, ар кандай күтүүсүз окуяларга, бейтаптардын «сюрприздерине» даяр болушу керек. Үйүндө өзүнөн 8 жаш улуу аутизм дарты менен жабыркаган агасы да анын камкордугуна муктаж. Ал эми дорамадагы анын өнөктөшүнүн ролу актриса Со Йе Жиге буюруптур. Жазуучу жана профессордун үй-бүлөсүндө тарбияланса да, Го Му Ён (Со Йе Жи) өз оюн түшүндүрө албаганы үчүн балдар менен тил табыша албай, өзүмчүл, орой болуп чоңоёт. Кийин жазуучулукка ыктап, балдар чыгармаларынын автору болгон Го Му Ён менен Мун Кан Тэнин тагдыры биригип, сүйүүгө ишенбеген адамдар акыры анын «капканына» түшөрү айтылат. Эмне дейбиз? Күтөлү. Түштүк Кореянын эң популярдуу артисттеринин катарына кирген Ким Су Хён жаңы сериалда күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

«БУЛ ЖЕРДЕ»

2020-жылы экранга чыгат деп айтылып жаткан «Бул жерде» («Здесь») дорамасынын сюжети тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Болгону эл аралык өкмөттүк эмес уюмдун ишмердүүлүгү жана анын кызматкерлери жөнүндө тасма тартылары белгилүү. Анан эмнеге элдин баары күтүп жатышат? Анткени дорамада Кореянын мен-мен деген актёр-актрисалары тартылышат. Бул курамдагы ар бир талант өз-өзүнчө тартылса деле кызыгып көрмөкпүз. Чогуу бир сериалга тартылып жатышса, демек, кызык эмгек жаралат. Сериалды көркүнө чыгара турган атактуулардын тизмесинде Ли Бёң Хон, Шин Мин А, Нам Жу Хёк, Хан Жи Мин жана башкалар бар.

«КЫЯЛ»

Пак Со Жун жана IU. Экөөнүн тең акыркы эмгектери ийгиликтүү болду. IU «Отель «Дель луна» дорамасы менен көпчүлүктүн жогорку баасына арзыса, Пак Со Жун жакында эле аяктаган «Итэвон класс» сериалында мыкты актёрдук чеберчилигин көрсөттү. Эми ушул эки профессионал биригип, «Кыял» («Мечта») аттуу сериалга тартылып бизди кубантканы турушат. Спорт, драма, комедия жанрында тартыла турган дорамада футболчу Юн Хон Дэ (Пак Со Жун) тууралуу баяндалат. Футболчуга ызы-чууга кабылганы үчүн дисциплинардык чара колдонулат. Талапка ылайык, ал үйү жок селсаяктардан куралган атайын командага машыктыруучу болуп дайындалат. Командадагы бир дагы адам мурда-кийин футбол ойноп көрүшкөн эмес. Хон Дэ аларды кыска аралыкта футбол боюнча селсаяктардын дүйнөлүк кубогуна даярдашы керек. Ушундай кызыктуу сюжетти камтыган дораманы быйыл, буюрса, чогуу көрөбүз.

«ТЫНЫМСЫЗ ИШТЕГЕН «СЭТ БЁЛЬ» ДҮКӨНҮ»

Бир дем менен отуруп көрүп койчу жеңил романтиканы сүйүүчүлөр, «Тынымсыз иштеген «Сэт Бёль» дүкөнү» («Круглосуточный магазин «Сэт Бёль») дорамасы сиздерге арналгандай. Анын үстүнө сериалда «красавчик» Жи Чаң Ук башкы ролдо. Анын өнөктөшүн актриса Ким Ю Жон ойнойт. Дорамада дүкөндүн менеджери Чве Дэ Хён (Жи Чаң Ук) жана жарым ставкада иштеген Чон Сэт Бёлдун (Ким Ю Жон) катышуусундагы кызыктуу окуялар баяндалат. Вебтундун негизинде тартылып жаткан сериал көрүүчүлөргө ушул жылдын июнь айында сунушталат дешет тартуучу топ.

«СЫЙКЫРЛАР ӨЛКӨСҮ»

Акыркы жылдары Корея фантастика жанрындагы тасмалары менен да көрүүчү топтой алды десек жаңылышпайбыз. «Пусанга багыт алган поезд» тасмасы, «Хваюги», «Падышалык», «Гоблин», «Мен робот эмесмин» жана башка дорамалар менин фантастика жанрындагы плейлистимден орун алган. А сизге бул жанрдагы кайсы тасмалар жагат? 2020-жылы корей кино жаратуучулары бизге «Сыйкырлар өлкөсү» («Страна чудес») илимий фантастикасын тартуулаганы турушат. «Сыйкырлар өлкөсү» аталган аймакта адамдар реалдуу жашоодо айрылып калган жакындарына жолугууга мүмкүнчүлүк алышат. Атактуу актёр Пак Бо Гом жана популярдуу ырчы, актриса Сюзи бул дорамада жаш түгөйлөрдүн ролун жаратышат. Алар кантип «Сыйкырлар өлкөсүнүн» кызматына кайрылышат? Аны сериал экранга чыкканда гана биле алабыз.

Жогоруда айтылган сериалдарды карасаңыз, биринин сюжети кызыктуу, экинчисинде актёрдук курам мыкты тандалган. Негизгиси, күтүү ишеничибизди актаган тасма жаралса болду. Сиз быйыл жогорудагы тизмеде жок кайсы сериалды күтүп жатасыз, аны комментарийге жаза кетсеңиз болот.

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан