А СЕН ӨЗ ИКИГАЙЫҢДЫ ТАПТЫҢ БЕЛЕ?

Икигай деген эмне билесиңерби? Япондор эртең менен кубанычта туруп, аны эстегенде жашоосуна ыраазы болуп ойгонгон нерсесин икигай деп аташат. Адамдар өз икигайын ар кандай мезгилде табат. Айрымдары эмгиче тапкандыр. Айрымдары «ушул жумуш меники» деп өзүнө жаккан ишин карыганда да табат.

ИКИГАЙ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Дэн Бюттнер аттуу изилдөөчү National Geographic журналынын колдоосу менен 5 жыл бою Жер жүзүндөгү «көгүлтүр аймактар» деп аталган өзгөчө жерлерди изилдеген. Андай аймактар жашоочулары узак жашагандыгына карап тандалган. Изилдөөчүлөр тобу жергиликтүү калктын тамактануусун, маданиятын, узак жашоолору үчүн эмнелер себеп болушу мүмкүн экендигин изилдешкен.

Окумуштууларды таң калтырган спецификалык аймактардын бири Япониядагы Окинава аралы. Япондор ансыз деле узак жашоочулардын катарына киришери белгилүү: Эркектеринин орто жашы – 88, ал эми аялдардыкы – 92 жашка чейин.

Окинава аралынын жашоочуларынын тамак рациону негизинен балык, деңиз азыктары, жер-жемиштер, мөмө-жемиштерден турат. Демек, жергиликтүү калк туура тамактанат, мындан тышкары эмгекчил келишет. Бул да алардын узак жашоосуна негизги себеп болушу мүмкүн. Бирок алардын руханий жактан дагы Япониянын башка аймактарынан айырмалап турган нерсеси бар. Алар аны «икигай» деп аташат.

Икигай деген сөздүн маанисин жакындаштырып которсок, «жашоого маани, маңыз берген нерсе», «ар бир аткан таңда бизди кубанычта ойготкон нерсе» дегенди түшүндүрөт. Башкача айтканда, икигай адамдын жашоосуна кубаныч алып келген, аны менен алектенип жатканда адамга ырахат тартуулаган кызыкчылык же иш. Демек, Окинава аралынын жашоочулары убакытын текке кетирбей, турмушта өз икигайын эрте таап, андан ырахат алып, анын арты менен каражат таап жана икигайы менен коомго пайда алып келип жашашат. Бул нерсе алардын узак жашоосуна түрткү берет дешет изилдөөчүлөр.

ИКИГАЙДЫ КАНТИП ТАБУУ КЕРЕК?

Канчалык эрте икигайды табууга умтулган адам жашоосунан ошончолук тез тынчтыкты таап, ырахатын сезет. Икигайын издеп жүргөндөргө бир нече кадамдар төмөндө:

Жетишкендиктер. Жашооңдогу кайсы жетишкендиктерди эң баалуу деп эсептейсиң? Кагаз алып, жасаган иштериң үчүн сыймыктангандарыңдан 2-3тү жаз.

Билим. Өзгөчө өнөрүң жана билимиң барбы? Өзүңдү кайсы тармактын адиси деп эсептейсиң? Эмне тууралуу баарлашуудан ырахат аласың? Кандай темадагы адабияттарды окуйсуң? Бош убактыңда кандай сайттарды ачып карайсың?

Сезим, туюм. Сенин колуңдан келген иш же жасап жаткан иш карьералык өсүшкө алып келеби? Эгер ал сага жагып жатса, анда жакшы. Эгер ал жан дүйнөдөн орун таппаса, анда икигайың болушу мүмкүн эмес. Дал ушул нерсеге көңүл буруу зарыл.

Өзүн-өзү баалоо. Кыялдарыңда өзүңдү ким деп көрөсүң? Мугалим, юрист, окумуштуу, актриса, ырчы, илимпоз, балким, жөн гана эне? Кыялдарыңда өзүңдү ким көргүң келсе, ошол нерсени эстегенден ырахат алсаң, сен икигайга жакындаганың.

Өзгөчөлүк. Өзүңдүн жашооңду эч качан бирөөнүкүнө салыштырба. Ар бир адам өз алдынча уникалдуу. Бирөөгө жаккан иш сага жакпашы мүмкүн. Же сен жакшы көрүп жасаган ишти башка бирөө таптакыр башкача жасайт же такыр эле жасай албайт. Өзүңдүн өзгөчөлүгүңдү туйгандан кийин эмне үчүн айрым иштер сага ырахат тартуулаарын, ал эми башка нерселер жан дүйнөңө отурукташпай турганын сезесиң.

Кагазга жазган бир нече иштериңди талдап чык. Алар: сага жаккан жумуш, сен сууда сүзгөн балыктай эле жасай ала турган иш, коомго пайдасы бар, каалоону күчөтүүчү, каражат алып келүүчү, көздү ачып ойгонгондо дароо оюңа келип, аны аткарууга баратканда кубануу менен жөнөй турган нерсе болсо, сен икигайыңды тапкан болосуң.

ИКИГАЙЫН ТАПКАН ИЙГИЛИКТҮҮ АДАМДАР

Икигай түшүнүгү жалгыз эле Окинавада калыптанып, колдонулуп келет десек жаңылышабыз. Өзү сүйгөн иши менен дүйнөнү өзгөрткөн атактууларды санайлы. Мисалы, Apple компаниясынын негиздөөчүсү Стив Жобс «өзүңөргө жаккан нерсени гана жасагыла. Бул сөзсүз силерди ийгиликке алып келет. Мен ар бир таңда күзгүнү карап, "эгерде бүгүнкү күн менин өмүрүмдөгү акыркы күн болсо, учурдагы жумушум менен алектенмек белем?" деп сурайм. Эгер ага «жок» деген жообум бир нече күн удаасы менен кайталанса, анда мен жумушумду алмаштырышым керек» дейт.

Көпчүлүгүбүз КFC тез тамактануучу жайынын даамдарын жеп көргөнбүз. Анын сүйүүчүлөрүн дүйнөнүн чар тарабынан тапса болот. Мурунду жарып өткөн жагымдуу жыты, шилекейди агызган тооктун сан эттери сыртынан жөнөкөй көрүнгөнү менен, анын жасалуу ыкмасынын сырын билүү кыйын. Дал ушул КFC тез тамактануучу жайынын негиздөөчүсү Дэвид Сандерс 70 жашында миллионер болгон. Ал 6 жашында атасынан айрылып, бир туугандарын багып апасына жардам берүү үчүн иштебеген иши калган эмес. Дөңгөлөк сатуучу, фермер, паровоздо от жаккыч, кондуктор, автослесарь... Биринен да жан дүйнөсүнө жакынын таппаган Дэвид Сандерс ашканада мыкты экендигин эстеп, тоок бышырып сатууга өтөт. Дал ушул иши анын бактысын ачып, 70 жашка чыкканда миллионер болот.

ЖЫЙЫНТЫГЫНДА ПОЗИТИВДҮҮ БОНУС

Советтер Союзу кезиндеги мультфильмдердин тарбиялык мааниси жогору экендигин эс тартканда сезгендер барбы? «Винни Пух» мультфильминдеги диалог эске түштү:

Пухтан кичинекей досу Пятачок сурап жатат:

– Пух! Эртең менен көзүңдү ачканда эле... Эң алгач өзүңө эмне деген суроо бересиң?

– Эртең мененки тамак эмне болду экен деген ой. А сенчи? Эмнени ойлоносуң?

– Мен «кызык, а бүгүн кызыктуу эмне болот болду экен?» деп ойлоном...

Өзүнүн икигайын тапкан адамдар үчүн депрессия деген нерсе жок. Алар жашоого оптимисттик көз караш менен карашат. Андыктан узак жана максаттуу өмүр сүргүсү келген ар бир адам үчүн эртең менен туруп жашоону кызыктуу улантууга себеп болчу икигайын табуусу маанилүү.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aimani
2020-04-24 22:26:36
Мннин икигайымды көргөндөр бар болсо айтып койгулачы суранам
+7
akmanai
2020-04-25 00:10:06
Aimani,)))
+3
aizirek...
2020-04-25 09:00:53
икигай деген нерсе бизде жок окшойт
+3
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-25 10:18:05
Таппай жүрөм (
+2
gulya583
2020-04-25 22:25:08
Кудайга шугур биз мусулманбыз, биз учун бул ото чон сыймык. Ар дайым сабыр кылуу керек, парзыбызды аткара билсек, тообаны айта билсек, баары жакшы болот. Биз каалагандай эмес, Кудай каалангандай болгону-2дуйнобузго тен жакшыраак.
+9
Baktyluumun98
2020-04-26 14:51:56
Менде, батыраак ушул жумушту бутуро калсам суперге кире калайын, эмне болуп кетти экен деген икигай бар. Чындыгында Супер мыкты.
-5
Elnuratoktogul
2020-05-14 06:16:59
Икигаимды тавалекмин
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан