Арабызда өмүрүн бакты бапестөөгө арнаган адамдар бар. Алар бир ооздон “кыялдар жомокто, чыныгы жашоодо да эмес, бакта орундалат” дешет. Сизди бак жөнүндө баарлашууга чакырабыз.
ЛАНДШАФТ ДИЗАЙНЫ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Үйгө кирерден мурун алгач короого көзүң түшөт. Ал жерде азыр түшүмүн көтөрө албай ийилген бакты же түрдүү гүлдөргө толгон өзүнчө чакан дүйнөнү көрүүгө болот. Бирок бактын өзгөчө кооз болушуна көңүл бурган кожоюн жана кожойкелер жок эмес. Тактап айтканда, алар ландшафт дизайны менен алектенип, аткарган ишинен ырахат алышат.
Европа өлкөлөрүндө, айрыкча Кытай жана Японияда курулушка чейин үй менен короонун долбоорун чогуу түзүшөт. Дүйнө боюнча ландшафт дизайны тармагында Кытай менен Япония эч кимди алдыга чыгарбайт. Ландшафт дизайны бул – турак үйдүн айлана-чөйрөсүн жасалгалоо. Короону көз суктанган деңгээлге жеткирүү үчүн кээ бирлери атайын адистерге кайрылышат. Бирок көпчүлүгүн же баарын өз колу менен жасагысы келгендер бир колуна күрөк, экинчисине чырпык көтөрүп алып, бак аралап жөнөшөт.
ТАРТИП ЖАНА ТАБИГЫЙ БАШ АЛАМАНДЫК
Кийимдин классикалык жана спорттук стили болгондой эле, сиздин жер тилкеңиздин дагы өзүнчө стили болушу керек. Биринчиси, мезгилге жараша өзгөрүп туруучу бак. Демек, короодогу ар бир гүл же бадалдын дагы өз орду болот. Эгерде түрдүү форманын ичинде кылдат отургузулган гүлдөрдү көрсөңүз, анда ал ушул стилде жасалганын билүүгө болот. Экинчиси, пейзаж же жалкоолордун стили. Демек, баары табигый болушу зарыл. Анда гүл жана бадал каалаган жеринде өсөт. Бакта отургузулган өсүмдүктөр дагы белгилүү формага салынып кыркылбайт.
БАК ҮЧ БӨЛҮКТӨН ТУРАТ
КЫСКА, БИРОК НУСКА КЕҢЕШТЕР
Эльвира Караева
koom@super.kg