«БАЛАМДЫН ИЧИ КӨӨП ЖАТАТ»...

Ар бир ата-эне үчүн баласынын ден соолугу, ойноп-күлүп жүрүшү маанилүү. Муну кат куржунубузга окурмандардан келген суроолордун көптүгү айгинелейт. Ата-энелердин суроолоруна бул жолу врач-педиатр Гүлжамал Саадакбаева жооп берет.

«ЭМЧЕКТЕГИ БАЛАГА СУУ БЕРСЕ БОЛОБУ?»

– Балам 2 айлык. Эмчек эмизем. Тилин чыгарып калган учурда жолдошум «суусап жатат окшойт. Бир аз суу ичирип койбойсуңбу» деп сунуштап калат. Сурайын дегеним, балага канча айынан баштап суу ичирүү керек? Суунун температурасы кандай болушу шарт?

Аймээрим, 19 жашта, Бишкек шаары


– Эгер балаңызды жалаң эмчек сүтү менен баксаңыз, азырынча суу берүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм. Анткени эне сүтү ымыркайга тамак да, суу да болуп бере алат. Эне сүтүнүн 80-90 пайызы суудан тургандыктан, баланын жашоосунун алгачкы жумаларында организминдеги суюктуктун балансын сактоодо, мындан сырткары курамындагы ферменттер тамак сиңирүүдө мыкты роль ойнойт. Негизи педиатрлар балага 4-5 айлык кезинен баштап аз-аздан, кашыктап фильтрленген булак суу ичирүүнү сунушташат.

Дагы бир эске алчу жагдай, айрым энелер бала тойбогон учурда атайын балдарга арналган кургак сүт беришет. Эгер кургак сүт берсеңиз, анда сөзсүз суу беришиңиз шарт. Анткени кургак сүттүн курамында белок көп болгондуктан, бала кошумча суюктукка муктаж болот. Организмге суюктуктун жетишсиздигинен улам ичи катышы мүмкүн. Ымыркайга бере турган суунун температурасы 1-2 айлыгында 26-30°С, андан кийинки айларда 20°С кем болбошу шарт. Баланы канча саатта бир эмизесиз, ошол убакыттын ортосунда суу берүү керек. Ымыркайларга күнүнө 30-70 миллилитр суу жетиштүү. Ошондой эле балага суу берүүдө аба ырайынын температурасын да эске алыңыз. Алсак, жайкы аптапта ымыркайлар да тердеп, организмде суюктуктун, нымдуулуктун жетишсиздиги байкалат. Аны кайдан билүүгө болот? Алсак, аз заара ушатып калат, эрини, териси, тили кургайт. Негизи ымыркай суткасына кеминде 20 жолу заара ушатышы керек. Ушул процесстерге баам сала жүрүңүз.

«БАЛАГА СӨЗСҮЗ ВИТАМИН БЕРҮҮ ШАРТПЫ?

– Бир жашта кызым бар. Эмчектен чыгара элекмин. Курбум "ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн балага дайыма витаминдерди ичирип туруш керек" дейт. Мунун канчалык чындыгы бар?

Дилнура, 23 жашта, Токмок шаары


– Эгер кызыңыз оорубаса, витаминдүү табигый азыктарды жеп жатса, эмчек эмсе, анда кошумча витаминдерди берүүнүн кажети деле жок. Бирок бат-бат ооруй берген, дисбактериоз менен жабыркаган балдарга сөзсүз керектүү витаминдерди берүү зарыл. Ошондой эле мектеп жашындагы жана психикалык жактан жабыркаган балдарга кышында жана жазында витаминдерди берүү ашыкча болбойт. Бала үчүн кандай витаминдер комплексин сатып албаңыз, сөзсүз дарыгер менен кеңешиңиз.

«БАЛАМ ЖАКШЫНАКАЙ ЖАТЫП ЭЛЕ ЧЫҢЫРЫП ЫЙЛАП ЖИБЕРЕТ»

– 2 айлык эмчекте балам бар. Айына жетпей төрөлгөн. Дээрлик күн сайын, бир убакта жакшынакай жатып эле бир убакта чаңырып ыйлап жиберет. Апама телефон чалып сурасам, «баланын ичи көөп жатат, массаж кыл, ичин бекем таңып көтөр» деп айтты. Ошол ыкмаларды жасасам, бир аздан кийин басылат. Эмнеден улам баланын ичи көбөт?

Айнура, 21 жашта, Бишкек шаары


– Айнура, сүрөттөөңүзгө караганда, балаңыздын ичи көбөт экен. Медицинанын тили менен айтканда, метеоризм менен жабыркайт. Бала 4 ай болгонго чейин анын бир нече жолу ичи көбүшү мүмкүн. Анткени бул учурда анын организми сырткы чөйрөгө көнүү процессин башынан өткөрөт. Ич көбүү болгондо ичегилерге көбүктүү масса толуп калат. Ал масса тамактын сиңишине тоскоол болот. Бул учурда ич катуу болуп, ооруйт. Анын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Алсак, бала кошумча азык катары кургак сүт менен тамактанса, анын аралашма сүтүн алмаштыруу, кошумча тамакты маалынан эрте бере баштоо – булар ич көбүүнүн бир себеби болушу мүмкүн. Көп кездешкен дагы бир себеби – бала оозун ачып кыйкырганда, ыйлаганда же энеси туура эмес абалда отуруп эмизгенде ичегилерине жел кирип кетет. Эненин жеген тамагы да баланын ичинин көбүшүнө себепчи болушу мүмкүн. Мөмө-жемиштер, ширелер, буурчак, төө буурчак, капуста, жаңгак, кара нан, квас, коюулатылган сүт сыяктуу азыктар ушул максатта эмчек эмизген энелерге сунушталбайт. Дагы бир эске алчу жагдай, маалына жетпей төрөлгөн балдардын ичи өз убагында төрөлгөн балдарга караганда көп көбөт. Анткени алардын тамак сиңирүү системи толук жетиле элек болот да, тамакты аш кылууда алсыздык кылат.


Баланын ичи көпкөндө эмне кылуу керек?

  • Ичин бекемирээк таңып байлап коюңуз.
  • Жылуу колуңузду баланын жылаңач курсагына коюңуз же курсагын өзүңүздүн курсагыңызга такап туруңуз.
  • Көнүгүү жасатыңыз: буту бүгүлгөн калыбында тизесин курсагына тийгизип, кайра түздөйсүз.
  • Жалаякты үтүккө улам басып алып жылуу калыбында балаңыздын ичине коюп, сааттын жебесинин айланышы боюнча сылаңыз.
  • Педиатрдын сунуштамасы менен ичтин көбүшүнө каршы дары-дармектерден алып бериңиз.

Баланын ичинин көбүшүнүн алдын алуу үчүн эмизердин алдында 5 мүнөт көмкөрөсүнөн жаткырыңыз. Эмизген соң дароо жаткырып койбой, 10-15 мүнөт башын бир аз өйдө көтөрүп кармап туруңуз. Бала сүт кекиргенден кийин гана жаткырсаңыз болот. Буттарын эркин кыймылдатууга шарт түзүп, тыгыз кылып таңбаңыз. Эмизгенде эрежени сактаңыз. Туура эмес алып отуруп же куру бөтөлкөнү эмизип оозуна жел кирип кетүүсүнө жол бербеңиз. Эгер балаңызга жасалма тамак берсеңиз дароо эле жакшысын, сапаттуусун тандап алыңыз.

«БАЛА КАЙСЫ ДАРЫГЕРДИН ТЕКШЕРҮҮСҮНӨН ӨТҮШҮ ЗАРЫЛ?»

– Балдар – биздин келечегибиз. Кудай буюрса, 18-майда балам 8 айлык болот. Педиатрдын текшерүүсүнөн өз убагында өтүп турабыз, тиешелүү эмдөөлөрдү алып жатабыз. Учурда оорунун түрлөрү көбөйүп кетпедиби. Сурайын дегеним, ар кандай оорулардын алдын алуу үчүн педиатрдан тышкары дагы кайсы дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүшүбүз керек?

Бактыбек, 25 жашта, Жалал-Абад шаары


– Азаматсыз, Бактыбек. Баласынын ден соолугу үчүн кабатырланган сиздей аталар көп болсо деп тилейм. Эми сурооңузга жооп берсем, 10-18 айында, 3 жашында, мектепке барганга чейин жана окуп жаткан учурда сөзсүз офтальмологдун текшерүүсүнөн өтүңүздөр. Бала начар көрүп жатам деп даттанбаса да оорунун алдын алуу максатында текшерүүдөн өтүү туура. 12-14 жашта организмдин ар кайсы системдеринин активдүү жетилүү убагы болот. Бул учурда да көздүн көрүүсүн текшертип коюу ашыкча болбойт. Мындан сырткары 1 жана 3 жашында аз кандуулук жокпу, кандагы гемоглобиндин деңгээлин текшертүү шарт. Ошондой эле 1 жашында курсагын УЗИге тарттырып, ички органдарында тубаса патология жокпу, текшертип коюуну сунуштайм. Калган адистердин текшерүүсүнөн өтүү баланын ошол учурдагы абалына карата педиатр тарабынан сунушталат.

Дамира Арстанова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
serche
2020-04-26 07:16:40
Комаровский ымыркайга 28 кундон кийин суу берип баштагыла дейт. Эмчек эмсе деле.
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан