Бөлмө көөдөй караңгы. Түн бир оокум болгонуна карабай уйку жок. Ойлор ала качып турганда кайдагы уйку болсун? Азоо атты бошотуп жибергенсип кой-айга болбой өкүнүчкө оролгон ойлор, сага болгон жек көрүү оргуштап жаныма жай берсечи. Кайран сүйүү, уурдалган жылдар. Күздө түшкөн жалбырактай сапырылып кар астында кала бербедиби! Кантип унчукпай коём? Булардын ордун эч нерсе толтура албас. Акча же буюм уурдатсам орду небак толмок. Бир кезде ээ-жаа бербей сен деген жүрөк минтип сүйүүдөн жек көрүүгө айланганына тызылдап турган чагы. Сырттагы бурганак, алай-дүлөй, көнөктөгөн жамгырдан кача аласың, а жан дүйнөңдөгү бороон-чапкындан кайда качмак элең? Керели-кечке кайда барсаң эзгени эзген. Кебетемди көрүп, кейип турганымды эжем дароо сезди.
«Ай, кыз, кебетең кантет, соолуган пияздай болуп? Мынчалык кайсы дарт сени кыйнап жатат? Чоңоюп калган немеге киришпейин деп жөн койсом, канча күндөн бери үйдө жатасың»,- дегенде араң турган жаным ыйлап жибердим.
– Саку, айтчы эмне болду?
– Самат...
– Ии, ага эмне болуптур? Ошого да ыйлайсыңбы?
– Үйлөнөт башкага.
– Үйлөнсө жакшы болуптур. Аның мага такыр жакчу эмес.
– Бирге өткөргөн убакыт, сүйүүбүз бир заматта жокко чыгып калбадыбы...
– Ал шалманды сүйүп эмне тапкың келгенин түшүнбөйм. Ошол шыпшыйдар деп жүрүп кандай сонун жигиттерден баш тарттың? Алар сени алаканына салып, бөпөлөп алмак. «Ал балаң көзүнө жылтырак бирөө көрүнсө кете берет, кол үзчү эртерээк» деп сага канча айттым? Сүйүү ушул экен деп эле жылдап жүрүп алдың. Көзүңө сонун балдар көрүнбөй койбодубу,- эжем бир жини келип, бир аяп мени урушуп жатты.
– Кайдан билейин эмне издегенимди? Сүйүп калдым. Ишендим да ага.
– Ишенчээктигиңден запкы тартасың, арыдан-бери бол десем эч болбодуң го. Аныңдын кебетесинен эле жоопкерчиликсиз экени көрүнүп турчу. Андан кутулганыңа сүйүн, ал сага жакшы жашоо бере алмак эмес.
Андайлар туруктуу сүйүүгө татыксыз. Өзүнө окшогондордун көчмө сүйүүлөрү гана ага татыктуу. Чоң сүйүүнү аш кылууга дарманы жетпейт. Болду, соолуй бербей өзүңө кел. Маңдайыңа Кудай бир жакшы адамды жазгандыр. Жөн жерден эч нерсе болбойт, балким, сага бакыт тартуулай албай турган адамдан жашооң тазалангандыр.
– Билбейм, башка менен болушумду эч элестете албайм, мага ал болсо эле дүйнөм түгөлдөй болчу.
– Кой, антип бактыңды барктабаганга байлай бергениң болбойт. Баарын жакшыга жоруш керек.
– ...
Эжемдин сөздөрүнөн кийин ого бетер телмирип кала бердим. Ушунчалык өзүмө батпай, ичим жалын. Атаганат, сени менен өткөргөн жылдарды мүмкүн болсо түп орду менен өчүрүп жок кылар элем. Сага чаң жугузбай аздектеп койгонумду кантейин? Көздөрүм эмнени көрүп туруп алды экен? Ошондо сенин ички дүйнөңдү баамдай алсам алыстан качпайт белем. Шыпылдап ичи-коюнума кирип сөздүн гүлүн терип, куру сөз менен кулагымды тойгузуп койсоң ишенчээк жаным сүткө тойгон күчүктөй болуп сени ээрчип жүрө бергенимди карабайсыңбы. Чынында эжем айтмакчы, сөз айткан жигиттерди жылдап артымдан чуркатып, жаныма жакын жуутпай жүргөнүмчү. Мен деле айрымдарга окшоп кылтакка башкаларды да иле жүрсөм деле жарашмак. Бирок андай кадамдар мен үчүн эмес эле. Анын баары сага болгон сый-урмат экенин сендей акмак барктай албасын ошондо эле түшүнсөм эмне?! Көп эле айтышчу:
– Ошонуңду койчу, андан көрө тиги жигитти байкап көрбөйсүңбү?
– Жок, мага кийлигишпегилечи, үстү-үстүнө жигит жыя турган мен эмес,- деп сөздөргө кулак салбай кыйын болгон мен бүгүн баркталбай калган сезимимдин айласын таппай турган чагым. "Мына сага шакарап, сен жигиттерди чуркатып сезимдерин баалаган эмес элең, жазасын ошол шумпайыңдан тарттыңбы, сага чала" деп табалаар киши жок.
Жазамды тарттым дейин. Сенин да жазаланар күнүң бардыр. Жаңылбайын деп этияттап жүргөнүм менен, сени сүйгөнүм эң чоң катам болду. Мен үчүн эң кыйыны – жүрөгүмө башка адамды киргизүү, бир эшикти жаап, экинчисин ачуу. Сенден жашоодо кутулганым менен, оюмда кутула албай убарамын. Таажы кийгизер сүйүү эми алыс калды. Тунжурап калган арзуумдун да азабын тартарсың. Бактылуу бол, башка эч нерсе дей албайм, айта турган сөзүм көп, бирок айтуунун кажети жок. Сага байланган түйүндөрдү үзүп жолумду улайын. Балким, ушул айрылуунун артында мен көксөгөн бакыт бардыр! Кош, менин шалманым!
Сайкал