КОЙ (21.03-20.04)
Иш эч жакка качпайт, эс алууга да убакыт бөлүңүз. Бирөөлөргө жамандык каалап, бут тоспоңуз. Жашоо – бумеранг дегендей, андай нерсе өзүңүзгө кайтып келиши мүмкүн экенин унутпаңыз. Өзүңүз тууралуу сын уксаңыз, көтөрө билиңиз. Көңүлгө алып, таарынуунун кереги жок.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Ичте толгон негативдүү энергияны үй жыйноо, спорт, хобби менен алышып чыгарыңыз. Телефон, мессенджер аркылуу баарлашууга көп убакыт бөлүүнүн кереги жок. Убакыттын текке кеткенине кейип каласыз. Бул күнү башталган уруш биротоло ырбап кетпеши үчүн тилди тишке катуу керек.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Онлайн түрдө жаңы өнөрдү же чет тилин үйрөнүп баштоо оң. Жакындарыңыздын сынына жооп кайтарып, какпай туруңуз. Ашыкча кеткенин түшүнүп кайра эле кечирим сурашат. Оор жумушту көбүрөөк жасоо сизди чарчатып, маанайыңызды түшүрөрүн эске алып, жардамга башкаларды чакырыңыз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Каржылык операцияларда ката кетирип албоо кажет. Чыгымга учуроо коркунучу бар. Ич күйдүлүк кылгандар сиздин артыңыздан кеп таратканы бирөөлөр аркылуу сизге жетет. Көптөн бери чечилүү жолун таппай келген маселенин жообу кокустан табылат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Пайдасы аз иштерге энергияны короткондон көрө аны хоббиге же балдарга жумшоо оң. Бирге иштешкендер менен баарлашууда жакынкы пландар боюнча идеяларды ачыкка чыгарбаңыз. Бирөөлөр кийин "меники" деп менчиктештирип алышы мүмкүн.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бир ок менен 2 коён атуу тилегиңиз ишке ашпайт. Сизге жардамды үйдөгүлөр гана көргөзө алышат, башкаларга ишеним артуунун кереги жок. Сынган идишти бүтөөгө болбостугун эске алып, керектүү адамдын көңүлүн калтыруудан абайлаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Күндү жалгыздыкта тынч өткөрүү сунушталат. Эгер антүүгө болбосо, шашпай бүтүрүүчү иштерди колго алсаңыз болот. Үйдөгү архивдерди сорттоңуз. Бирөөнүн провокациясына алдырбоо кажет. Тең салмактуулукту сактап үйдөгүлөргө катуу сүйлөп, көңүлүн оорутпаңыз.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Ичтеги таарыныч, күйүттү алкоголдук ичимдик менен басууну же бирөөлөрдөн чыгарып алууну ойлобоңуз. Болбосо өлгөндүн үстүнө көмгөн кыласыз. Пайдасы жок, өзүмчүл достордон арыла баштоо керек. Чыгармачылык кылып керектүү нерсени жасасаңыз, утушуңуз ошол болот.
Нервдин чыңалуусунан арылуу үчүн табиятка жакын болуңуз, жакшы адамдар менен баарлашыңыз. Бирөөлөрдүн кемчилигин чукуганча өзүңүздүн терс жактарыңызды оңдоого киришсеңиз жакшы. Маселе боюнча чечим кабыл аларда ички туюмга таяныңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Сизде жакшы идеялар, келечекке мыкты ойлор жаралат. Бир башка караганда эки баш жакшы дегендей, жан шерик менен акылдашып иш кылуу керек. Алыстан кабар келет. Эс алуу күнүн көңүлдүү, пайдалуу өткөрүүгө аракет кылыңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Сыртыңыздан көз салып жүргөн адам сөз баштап, бир сунуш айтуусу мүмкүн. Бүгүн уккандарыңыздын чыны, калпы кайсы талдаңыз. Карызыңыз өсүп баратса, абалдан чыгуу жолун караштырыңыз. Жеке пайдаңыз үчүн бирөөгө зыян келтирбеңиз.
Тегеректегилер эмне дешсе да өз позицияңызда туруңуз. Утуш сиздики болот. Туугандардын абалын сурап, колдоо көрсөтүүгө ылайыктуу күн. Курулушта иштегендер кулап кетүүдөн сак болушу керек. Идеяны идея боюнча калтырбай, ишке ашырууга убакыт келди!