Апам жапкан нанды сагынам
"АПАМ – ЭЖЕЙИМ"
– Менин жаркын апамдын аты – Күлүйпа. Өзү физика мугалими. Мугалим болгон үчүнбү, биздин үйдө катуу тартип бар болчу. Чектен ашык эркелетүү апамдын мүнөзүндөгү нерсе эмес. Байкашымча, менин мүнөзүм апамдыкына окшош. Ал киши токтоо, мээримдүү, кээде катаал.
Апам мага да сабак берчү. Эч качан атымдан айтпай, ар дайым “Усенов” деп чакырчу. Бир жолу тапшырманы аткарбагандан жооп бере албай калып, апамды да, өзүмдү да уят кылгам. Ошол нерсе сабак болдубу, башка сабактан даярданбасам да, физикага катуу даярданчумун. Менимче, уят кылгым келбесе керек. Эсимде, апамдан бир жакка барганга сурануу үчүн эки-үч күн көзүнүн агы менен тең айланып, айтканын кылт эттирбей жасачубуз. Кээде канча аракет кылсак деле, “отбой” деп койчу. Андай учурда эч нерсе кыла албайсың. Апам айттыбы, демек...
"АПАМДЫН КҮЛЧӨТАЙЫ"
– Апамдын жасаган тамактарынан күлчөтайы аябай жагат. “Биз шаардан чыктык” деп телефон чалганда эле апам бул тамакты жасай баштайт. Анан өзү чарбакта өстүргөн жашылчаларды кошуп жасаган тамактарынын баары даамдуу. Кетип баратканда жапкан нандан, боорсокторунан бери салып берип жөнөтөт. Бул жакка келип карындаштарыма, эжелериме бөлүштүрүп берүү – менин милдетим.
“Апам жапкан нанды сагындым” деген рубрика болгондуктан, апамдын наны тууралуу да айта кетейин. Биздин үйдө нанды казанга бышырчубуз. Аны жапкан нан дейбиз. Казанга беш-алтоону салып, артын бышырып алгандан кийин астына күл тартып туруп, казаны менен көмкөрүп бышырылат. Мындай жапкан нан менен майды апам айылдан тез-тез салып турат.
Бардык ата-эне кичүүсүн өзгөчө жакшы көрөт болуш керек. Апамдын “любимчиги” – кичүү иним Нурмат. Мен үйдө “любимчик” деле эмесмин. Анын үстүнө 3-классымдан интернатка кетип, өз алдымча болуп калдым окшойт.
"НЕБЕРЕЛЕР"
– “Небере өз баладан да ысык” деп коюшат го. Ошол чын болсо керек деп калдым. Анткени апам менен атам неберелерине аябай мээримдүү. Бизди катуу кармаганы менен, неберелеринин айтканын кылышат. Мен “урушуп эле койбойсуңарбы” деп калам. Азырынча эки небереси бар. Менин уулум – Нурэл жана эжемдин уулу – Бекзат. Жакында уулумду чоң ата-чоң энесинин үйүнө бир айга алпарып таштайлы деп жатабыз.
"АПАЛАРГА КААЛОО"
– Апамдын чачтарын ак басып келатканын көрүп, кээде ичим тызылдап кетет. "Апам жапжаш, сулуу бойдон жаныбыздан чыкпай жүрсө" деп тилек кылам. Эч качан кабагын түшүрбөгөнгө, капа кылбаганга аракет кылам. Негизи эле жер жүзүндөгү бир да апанын көз жашы төгүлбөсө экен дейм. Эгерде бир тамчы жаш карегинен кулай турган болсо, ал ылайым сүйүнүчтүн, бакыттын жашы болсун.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg