Бир ай карантинде жатып, үйдө камалып отургандан тажап, күчүңөрдү каяктан чыгарышты билбей жүдөдүңөрбү? А мен мындай «карантинде» жатканыма 10 жыл болду. Жашоонун баркын билбей шашып жүрдүңөр беле? Жакыныңдын кадырын билбей, уруш-талашыңар көп болчу беле? Ден соолукту да ойлобой, жаныңды карч уруп акчанын артынан жүгүргөнүң жүгүргөн. Азыр да ошол акчаны ойлоп тыбырчылап жатабыз, ээ? Кантели анан? Тиричилик экен да.
Мен бул окуяны мактанайын же какшанайын деп баяндап жаткан жокмун. Ар бир нерсенин кадырын өз убагында билип, баалай жүрсөк деген ой. Менин төрт дубалдын ортосунда камалып отурган бул жашоого кантип келгеним кызык болуп жатабы?
Мындан 10 жыл мурун 20 жаштагы жигит элек. Окууга да, кыздардын көңүлүн алганга да, спорт менен машыкканга да, волейбол боюнча мелдештерге катышканга да, ошол эле убакта ичкилик менен тамекинин "ырахатын" татып көргөнгө да жетишчүбүз. Мектеп куракта башкачараак, мектепти бүткөндөн кийин жашоо башкачараак болот турбайбы. Жогорку окуу жайга тапшырып, 2-курс болуп калган кез. Жыл сайын волейбол боюнча мелдеш өткөрүп турчубуз. Акыркы жылдары биздин команда жеңишти эч кимге бербей келе жатканбыз. Ал мелдеш азыр да өтүп турат. А мен айылда, үйдө, командада жокмун... Баса албайм... Сентиментализмге кирип баратат окшойм. Кайра кеттик анда ошол 20 жашка. Адаттагыдай мелдеш болот деп балдар чогулуп айылга бардык. Кезегибиз келип, оюн башталды:
– Мирбек, пас бер!
– Көтөр!
– Ур!
– Ай, молоде-ец!- бири-бирибизди баш тийгизе куттукташып, кайра ордубузга туруп калабыз. Ошол урган топ менен душмандан өч алып жаткандай күч жумшайбыз. Тер куюлат. Оюн аянтчасын тегерете көрүүчүлөр турушат сүрөп.
– Топ келди.
– Сенде, Акыл.
– Жай.
– Жыргал, өткөр!
– Блокко чык!
Ышкырык чырылдайт. Топ линияга түшүп, биз упай алдырабыз. Андайда бири-бирибизди урушуп калабыз.
– Эмне эле жүдөп жатасың?
– Бутумду кайрып алдым.
– Болду, балдар, духту түшүрбөйлү.
Кийинки топ келет, бири пас көтөрөт, ошондогу сеткадан өйдө секирип топ чапкандарым... Ошол күнү чын эле аябай мыкты оюн көргөзгөнбүзбү, биздин балдарга көз тийип кеткен имиш.
Жеңдик. Жеңишибизди майладык. Эки машинеге бөлүнүп алып жарышып кетип баратканбыз. Унаанын ичи кыраан-каткырыкка толо. Бир маалда «тарс!» деген үн чыкты да, машинабыз ала салып кетти. Башым катуу бир нерсеге урунганын билем, көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын.
– Көзүн ачты, апа! Агам көзүн ачты!
Айланып-тегеренип жалбарып апам жаныма жетип келди.
Ошол күнү көзүмдү ачпай эле койсом эмне деп канча өкүндүм. Билесизби, ошол күнү басуу мүмкүнчүлүгүнөн эле эмес, досторум Жыргалдан, Акылдан, Мирбектен айрылыптырмын... Талаага, тоого чуркап барып, эч ким жок жактан өкүрүп-бакырып ыйлагым келди, бирок ордумдан жыла албайт элем, баса албайт элем...
Убакыт өтө берет экен, ал оор күндөрдү да жеңдим. Тирүүмүн. Тирүүлүктүн өзү бакыт тура. 10 жыл аралыгында менде жашоо, ден соолук, байлык, бийлик тууралуу ойлонууга убактым кеңири болду. А көпчүлүгүңөрдө азыр гана ойлонууга мүмкүнчүлүк болуп жатабы? Интернет аркылуу көп нерсени үйрөнүп, окуп-билип жатам. Ата-энем, бир туугандарым маал-маалы менен дарыланууга алпарып, басып кетишим үчүн болгон аракетин жасап жатышат. Үмүт бар. Дос-классташтарым да кабар алып турушат. Мурда көп эле кыздар жактырып калышчу. Азыр эми андай болбой калат экен. Ошентсе да, буюрса, бактыма жаралган бийкечке баш кошуп, аны бактылуу кылам. Жактырган кызым бар, анын кыялы кандай экенин билбейм, бирок мен ага дүйнөдө жок сүйүүнү, мээримди бере алам. Үмүт үзүлбөйт экен, басып кетем деп кыялданам. Буюрса, басып кетсем... Мына ошондо апакемди көтөрүп алып токтобой чуркайм го... А силер, туугандар, ден соолукту биринчи орунга койгонду үйрөнгүлө, бул эпидемия деле убактылуу...
Бакыт