АШКАБАК КУРГАТЫП, КЫШКЫГА ВИТАМИНДҮҮ АЗЫК КАМДАҢЫЗ

Тамак-ашка кошулуучу татымалдардын түрү көп. Алардын бири – кургатылган жашылчалар. Аны ар бир үй-бүлө өз алдынча даярдап, кышкыга сактаса болот. Мисалы, помидор, болгар калемпири, сабиз, ашкабак... Бул жолу ашкабакты тигип, өстүрүү жана кургатуу жолдорун үйрөтөбүз.

УРУГУН ЭГҮҮ

Ашкабак күндү жакшы көргөндүктөн күн жакшы тийген жерге тигилет. Аны чакан бакчага же талаага эксе да болот. Топурактагы жылуулук +20 градусту түзгөндө эгүү керек. Мисалы, эгер жердеги температура +14 болсо ашкабак өсүүсүн токтотуп коёт. Бакчадан ашкабакка атайын орун бөлгүңүз келбесе, үйдү айланта тоскон коргондун түбүнө деле тигүүгө болот. Кышкыга кургатып алуу үчүн мөмөсү чоң болуп быша турган, кургатууга ылайыктуу сортторун эгүү керек. Андай сорттордун салмагы бышканда 5-12 килограммга чейин болот.

ЖЕРДИ КҮЧТӨШ КЕРЕК

Урукту тигерден мурда 50 градус ысык сууга салып, 5 саат чылап коюу керек. Бул урукту оору козгогучтардан арылтып, ашкабактын бат жана жакшы өсүшүн камсыздайт. Тигиле турган жерге кык себүү талап кылынат. Урук 3-5 сантиметр тереңдикте тигилет. Эгер сабактары кыска сортунан тиксеңиз, анда уруктардын жана жөөктөрдүн аралыгы 70 сантиметрден болот. Эгер сабактары орточо ашкабак сорту болсо, анда уруктарынын аралыгы 80 сантиметр, жөөктөрдүн аралыгы 1,5 метр болушу керек. Эгер сабактары узун болсо уруктар бири-биринен 1 метр алыстыкта, жөөктөрдүн аралыгы 2 метр болушу шарт. Жөөктөгү чуңкурларга үчтөн урук ташталат. Кийин өсүп чыкканда жакшы өнүп чыкканынан бир-экини калтырып, калганын жулуп салуу керек. Анткени өскөндө бири-бирине жолтоо болуп, ашкабактар майдараак болуп калат.

4 АЙДА БЫШАТ

Урук жерден 20-30 күн дегенде өнүп чыгат. Болжолдуу 45 күндө гүлдөйт. Жалпы тигилгенден бышканга чейин 120-130 күн өтөт. Кээ бир багбандар урукту парникке сээп, анан ачык асман алдына көчөт кылып отургузушат. Ашкабактар бышкыча жөөктөргө кык чачып сугарып турса түшүм мол болот.

КУРГАТУУ

Ашкабактар бышканда аны үзүп келип, узундугун жана туурасын 1,5 сантиметр, ал эми калыңдыгын 0,5-0,7 сантиметр өлчөмүндө кесүү керек. Мындан соң шамал жакшы тийген жерге таар же таза кездеме жайып, анын үстүнө жайылып кургатылат. Күн ысык кезде 3-4 күндө кургайт.

Эскертүү! Ашкабакты күн ачык кезде үзүү керек. Кокус жамгыр жааса кургатууга коюлган ашкабактардын үстүн клеёнка менен жаап коюу кажет. Кургатылгандарды чүпүрөк баштыктарга салып, кышы менен самса, манты, суюк жана башка тамактарга колдоно берсеңиз болот. Сизге жашылча татымал даяр. Организмиңиз пайдалуу витаминдер менен азыктанат.

Айта кетчү нерсе, 10 килограммдык ашкабактан 1 килограмм кургатылган ашкабак алынат. Кургаткан соң ашкабактын салмагы 10 эсе азаят.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
leili1
2020-04-28 10:57:24
Биринчи угушум кургатканга болоор ун, интересно
+3
Birimdik5555
2020-04-30 14:24:17
Майда квадрат кылып туурап кургатса да болот бекен
0
Ananaska
2020-05-03 13:27:53
Birimdik5555,болот,
0
nur090909
2020-04-30 21:00:20
Атамды сагынып кеттимго муну окуп алып. Ашкабакты жылда тигип, карачу. Денсоолукка пайдасы ото чон деп.
+1
Serenada
2020-05-13 00:21:44
Саламатсыздарбы супер инфо жааматы, сиздерден ичтеги курттар жонундо маалымат кутот элем
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан