ТАСМА ЖЫЛДЫЗЫ, 11 ЖАШТАГЫ ЖЫРГАЛБЕК

– Апа, биздин айылда кино тартылганы жатыптыр. Балдар кастингге кетишти, мен да барып келейинчи...

– Ушул айылда кайдагы кино тартылмак эле? Иниңди карап, жөн отур. Мен үйдүн жумуштарын бүтүрө калайын,- эне-бала ушинтип сүйлөшүп жатты. Балакай апасынын сөзүнөн чыга албаганы менен, ичинен кастингге катышууну самап, маанайы түшө инисин караганга мажбур болду. Бул учурда режиссёр кыз дебюттук тасмасына башкы каарман издеп, балдар арасында кастинг жүргүзүп жаткан эле. Топурап келишкен балдардын бири да анын көңүлүнө төп келбей турду. Ал өзгөчө баланы күтүп жатты.

«Кечээ, бүгүн, эртең». Бул тасманы сиз да көргөн чыгарсыз. Андагы балакай менен кошо ыйлап, сүйүнсө кошо сүйүнүп, оор тагдырын жүрөгүңүздөн өткөргөн болсоңуз керек. Же болбосо Мирбек Атабеков менен Алтынай Нарбаеванын "Өмүр" аттуу ырынын клибинен көргөнсүз. Ыр, клип ошол тасманын саундтреги экенин да айта кетели. Фильмдеги сүймөнчүк баланын образын жараткан Жыргалбек Жолдошев, анын апасы, тасманын режиссёру менен маектештик.

Жыргалбек Жолдошев:
«ТАСМАДА МЕНИ БАЛДАР САБАГАН ЖЕРИНДЕ КЫЙНАЛДЫМ»

Жыргал, салам! Бул тасмага кантип тартылып калдың?

– Мен анда 1-класс болчумун. Биздин айылда кино тартылып жатканын угуп, барып келейин десем апам жибербей койду. Андан кийин Данияр деген досум үйгө келип «тигил жакта киного балдарды тандап жатышыптыр, барасыңбы?» деп калды. Апамдан кайра сурансам жиберди. Барсам кастинг болуп жатыптыр. Мектепте интермедияларды аткарып жүрчүмүн. Кастингге барып айткандарын тартынбай аткарып берсем, «кастингден өттүң» дешти. Анан апама келип кастингден өткөнүмдү айттым. Кечинде апам экөөбүз барсак сценарийди берип, «жарымын жаттап кел» деп жөнөтүштү. Мен болсо баарын жаттам алып бардым. «Жаттап келдиңби? Түшүнгөнүңдү айтып берчи» дегенде баарын айтып берип салдым.

– Тасмада бекитилген ролду аткара албай кыйналдыңбы?

– Тасмада мени балдар сабашат эмеспи, ошол жеринде кыйналдым. Анткени ичиме катуу уруп коюшту.

– Сени тасмадан көрүп айылдаштарың, классташтарың макташтыбы?

– Айылдаштар, мектептегилер куттуктап, «азаматсың, тартынбай жакшы аткарыптырсың» дешти.

– Чын эле азаматсың. Тасмага тартылганың үчүн канча акы төлөштү?

– 10 миң сом беришти. Ага кийим-кече алып, ойноп келдим. Акча ошолорго эле кетти.

– Эми өзүң тууралуу, үй-бүлөң тууралуу айтып берчи...

– Азыр 11 жаштамын, Аксыда жашайбыз. Токтогул Сатылганов атындагы №42 мектепте окуйм. Атамдын аты Нурлан, ал банкта иштейт. Апам болсо мектепте 5-11-класска чейинки окуучуларга тарых сабагынан мугалим. 4 бир тууганбыз. Мен эң улуусумун. 2 иним, 1 карындашым бар. Карындашым Раяна 2 айлык.

– Кандай максаттарың, кыялдарың бар? Чоңойгондо ким болгуң келет?

– Президент болом, Кыргызстанды өнүктүрөм. Өлкөмө өз салымымды кошом. Колунда жокторго акча, белек берем. Анан ата-энемди багам.

– Тилегиңе жет! Кайсы окуу жайга тапшыргың келет?

– Негизи Бишкекте окугум келет. Кайсы кесипти тандайм, аны убагы келгенде көрөм го.

– Маегиңе рахмат! Өркүнүң өссүн!

Толгонай Калмырзаева, Жыргалбектин апасы:
«БАЛАМ ТАРТЫНУУ ДЕГЕНДИ БИЛБЕЙТ»

– Жыргал абдан шайыр, эч нерседен тартынбаган бала. Көчөдөн кимди көрсө да «үйдө чай даяр, киргиле» деп турат. Оорукананын жанында жашайбыз, кайнежем ошол жакта иштейт. Таң атпай эжемдин жумушка келатканын көрүп, алдынан тосуп чыгат да, «чайга кир» деп киргизет. Ушунчалык көңүлү ачык, мүнөзү жакшы бала. Алдынан чыккан адамдын баары менен учурашып турат. Колунда эмне болсо аябайт.

Тасмага кастинг жүрүп жатканы тууралуу биз уккан эмеспиз. Анда колумда 1 жаштагы балам бар эле. Ал азыр 4 жашка чыгып калды. Жыргал үйдө баланы карап отурган, мен болсо жумуш жасап жаткам. Уулум ага чейин «апа, балдар кинонун кастингине катышып жатышыптыр. Мен дагы барып көрөйүнбү?» деген. Мен "койчу, балам, ушул жерден да кино тартышмак беле? Баланы карап тур, мен жумуштарды бүтүрүп алайын" деп болбой койгом. Аңгыча кошуна балдар келип «биз өтпөй калдык. Жыргал, сен деле барып көрбөйсүңбү» дешти. Анан мен уулума «барсаң барып келчи» деп жөнөтүп жибердим. Балам тайманбаган мүнөзү менен кастингден өтүп кетиптир. Сценарий берип «ушуну айтып көрчү» дешсе, балам өзүнүн фантазиясын иштетип көркөмдөп айтып бериптир (күлүп).

Тасма Аксы районуна караштуу Үч-Коргон айылында тартылды. Баламды режиссёрго ишенип тапшырып, жанында жүрө алган жокмун. Анын үстүнө режиссёр кыздын эжеси кошунабыз болот.

Уулум тасмага тартылып жатканына эч маани берген эмесмин, эч кандай сезим деле болгон эмес. Тасма тартылып бүткөндөн кийин тартуучу топко кошулуп Бишкекке кинонун монтажын көрүүгө бардым. Режиссёр кыз балам экөөбүздү чакырып калды. Бир жума үйүндө жүрдүм. Келгенден кийин фильмдин трейлерин жарнамалап башташты. Элден балам тууралуу мактоолорду уга баштаганда атасы экөөбүз тең кубанычыбыз коюнубузга батпай сүйүнө баштадык. Азыр баарынан жакшы сөз угам, уулум менен сыймыктанам.

Гүлнара Эшалиева, режиссёр:
«ТАСМА 10 МИҢ ДОЛЛАРГА ТАРТЫЛДЫ»

Аталган тасма Гүлнара Эшалиеванын режиссёр катары тушоосун кескен алгачкы эмгеги. Баштаганда эле мактоого арзый турган фильм тартууга жетишкен режиссёр тасманын жаралуу тарыхы, башкы каарман тууралуу айтып берди.

– Тасма тартуу идеясы жаралганда атам Абдурасул Эшалиев өзүнүн досу Жумабек Осмоновдун «Шабдалы гүлү» деген чыгармасын айтып, «ушул жөнүндө тартпайсыңбы» деп сунуштап калды. Ал чыгарманы окуп чыктым. «Кандай болот болду экен?» деп ойлонуп жүрдүм. Ушул пьесага окшош окуя биздин Аксы аймагында болгон экен. Анан ошол окуя менен чыгарманы аралаштырганда «Кечээ, бүгүн, эртең» деген тасма чыга келди. Аралаштырганда кандай, мисалы, «Шабдалынын гүлүндө» баланын апасы тирүү калып, ал эми кошуна кемпир өлүп калат. Атасынын эгизи болбойт. Чыныгы болгон окуяда атасынын эгизи болот, апасы өтүп кетет. Бала кемпир менен калат. Ошентип кинонун линиясын чыныгы окуя менен алып кеттим. Диалогдорду «Шабдалы гүлү» чыгармасынан алдым.

Тасманы 2 ай тарттык. 2017-жылы жай айларында баштаганбыз. Башында тартып, бир аз токтоп калдык. Тасманы Аксыда тартып бүтүп Бишкекке келип көрсөк, көп нерсе жетишпей калыптыр. Ошондон улам кайра айылга барып, өзгөртө турган жерлерин өзгөртүп тарттык.

Тасмага аябай көп каражат сарпталган жок. 10 миң доллар кетти. Бирок прокаттан бул сумманын 60 пайызын гана кайтарып алдым. Пайда көргөн жокпуз. Себеби Кыргызстанда көрүүчүлөр драманы көрө беришпейт экен. Бирок көргөн адамдар эч өкүнүшкөн жок. «Көргөнүмө өкүндүм» деген комментарий окуган жокмун.

«ЭЛДИН СЫНЫНАН КОРКТУМ»

– Бул дебьюттук тасмам болгондуктан, өзүмө аябай жакты, купулума толду десем жаңылышпайм. Башында «эл тасмамды көрөбү? Жаман сөз айтышпайбы?» деп сарсанаа болдум. Себеби биздин элдин сыны аябай катуу го. Башкалардын киносун көргөндөн кийин алардын астына жазылган өтө ачуу комментарийлерди окучумун. «Жаман эле тасма экен. Ушу да кинобу?» деген сыяктуу. Мен шагым сынып калбайбы деп ошондой сындан корктум. Жыйынтыгында кино сүйүүчүлөрдүн мактоосун окуп сүйүнүп калдым.

«ЖЫРГАЛ РОЛДУ КАНТИП АТКАРЫШТЫ БИЗГЕ ҮЙРӨТҮП ЖАТТЫ»

– Тасманын башкы каарманын Аксы районунун Кызыл-Жар айылынан таптык. Анткени Бишкектен кастинг өткөрүп ал жакка алып баралы десек ата-энелер ишенип баласын бизге бермек эмес. Биз үчүн да жаш балага жооптуу болуу абдан кыйын болмок. Ошондуктан кастингди айылдан эле өткөрүүнү туура көрдүк. Көрсө, таланттын баары айылда турбайбы. Көпчүлүк балдардын ичинен Жыргал көзүбүзгө түштү. Жыргалга бир жолу айтканда үйрөттүрбөй өзү эле «минтип аткарайынбы? Мындай кылбаймынбы» деп кайра бизге үйрөтүп жатты. «Ушул бала менен иштеген бизге жеңил болот окшойт» деп башкы каармандын ролуна бекиттик. Жыргал айтканды тез кабыл алат экен. Үйүнө барып изденип, «тиги кинодогу бала мындай аткарыптыр, мен мындай аткарайын» деп салыштырып жатты, ошол сапаты менен да бизди тартып алды десем болот. Тасмада ыйлаган жерлеринде өзү эле ыйлап жатты. Биз «азыр ыйлай албасаң урабыз» десек, «жок, өзүм эле ыйлайм. Минтип ыйлап берейинби?» деп репетиция кылып жатты.

Балакай образды жетиштүү ачып берди. Жашоодо кандай болсо, ошондой аткарганы менен жакты. Мүнөзү ачык бала экен. Тасманы тартып баштаганда Жыргал тез эле тартуучу топтогулар менен талашып-тартышып кетип жатты. Ошол мүнөзү менен да жакты. Анткени киного тырышчаак, чыйрак бала керек болчу. Ишеничимди аткарды.

«КАТУУ ТАЯК ЖЕП КАЛГАНДА «ТАРТЫЛБАЙМ» ДЕП ЫЙЛАДЫ»

– Жыргалдын ойной албай калган учуру 1-2 жолу эле болду. Тасмада Жыргал паркта кетип бара жатканда балдар келип аны жерге жаткырып алып тепкилеп урган жери бар. Ошондо бирөөнүн буту катуураак тийип кетиптир. «Силер мени катуу урат экенсиңер. Болду тартылбайм» деп ыйлап баштады. «Кой, эми» деп сооротуп жатып, 2 саат алыштык. Апасына чалабыз. Ал Жыргалды тынчтандырганга аракет кылса да «тартылбайм» деди. Айлабыз кетип коркутуп да көрдүк. «Мына кино тартканга көп каражат кетти. Эми сен төлөп каласың» десек, «эмнеге мен төлөйм, эч кандай төлөбөйм» деди (күлүп). Бирок сөздү уккан бала экен. Ата-энеси жакшы тарбия бериптир. Апасы бир чалып «аягына чейин тартылып бербесең мени уят кыласың» дегенде, «жок, мен сизди уят кылбайм» деп кайра тартылып баштады. Ошонусуна сүйүнүп калдык. Кичинекей, 7 жашта болсо да апасынын сөзүн укканына, аны уят кылбайын деп аракет кылганына сүйүндүк.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
AidaKurman
2020-04-28 10:44:18
Аябай сонун кино. Ыйлаганымды айт муну коруп
+6
engel
2020-04-28 13:20:38
Ааиии аябай ожор бала экен да
Азамат! Кинону коргондо аябай ыйлагам актерлор мыкты денгээлде ойногон а бул бала ото сонун аткарган. Как будто ошол жашоодо озу жашап жаткансып! Ийгилик балакай келечегин кен болсун! Тилегине жет бизге сага окшогон ожор президент керек! "Олкомду онуктуромбу- онуктуром!!!" деген
+10
Birimdik5555
2020-04-28 14:48:42
Жыргалбек келечегин кен болсун,омурлуу,бактылук бол. Клибти коргондо аябай ыйлагам,ото жакшы аткарган. Азамат
+3
Aymira-mira
2020-04-28 22:46:04
Тырышчаак бала экени билинип турат, ийгилик, келечегиң кең болсун!
+2
aijanik5
2020-04-29 00:33:34
Сонун кино
+4
Asyl10
2020-04-29 14:14:45
Мыкты тасма. Режиссеру келечегинен копту умуттондургон жакшы тасмаларды жаратчудай. Дебют тасмасы ушундай болсо,демек,келечекте мындан да сонун маани-манызы бар тасмаларды тартчудай. Кээ бир Шаардык келин Шарапат, Айылдык кыз Алёнка, куйоого тийем, катын алам деген жарымы орусча,жарымы кыргызча суйлогон кайсар филимдерге караганда 100% жогору.Азаматсын. Актерлор да мыкты тандалган, тааныш,дос, ырчы-пырчыларды тарта бербей, чыныгы таланты бар адамдарды тартса ушундай тасма чыгат.
+5
gulia90
2020-04-29 16:33:28
Мен да аябай ыйлагамын, сонун тасма. Дагы тартыныз, ушундай тасмалардан, ийгилик.
+2
eljana
2020-04-29 18:56:05
Негизи кино абдан сонун тартылган, саундтрек, актерлору, монтажы бардыгы мыкты денгээлде. ушул кинону коруп демек кыргыз режиссерлоруда ушундай кино тарта алышат турбайбы деген ой келди. Режиссерго ийгилик.
+3
nur_kadyr
2020-05-03 15:22:08
Абдан жакшы тартылган кино
+1
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан