БУТТУН ТОК ТАРТКАНДАЙ ООРУТУУСУ – БУЛ БЕЛДЕ НЕРВДИН КЫПЧЫЛУУСУ

Айрымдардан "куймулчагым, бутум ток тарткандай ооруп, жумуш кылышым кыйын болууда. Өзгөчө күн бүркөлсө, бутума жылуу кийбесем, оорутуу күчөйт" дегендерин угуп эле жүрөбүз. Бул оору эмне деп аталат? Ал эмнеден келип чыгат жана дарылабаса эмне болот? Суроолорго Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун нейрохирургу Советбек Сатиев жооп берет.

«БЕЛ, КУЙМУЛЧАК КУЯҢЫ»

– Адамдын денесинде эң узун нерв болуп куяң нерви (седалищный нерв) эсептелет. Ал куймулчактын уч жагы болгон чычаңдын аймагынан чыгып, 2 бутка узунунан кетип, бут кетменинен бүтөт. Эгер жамбаш тараптан оорутуу башталып, ал бутка да өтсө, анда ал ошол куяң нервинин кыпчылып калуусу. Мындай көрүнүш медицинада "ишиас", ал эми эл ичинде "бел, куймулчак куяңы" деп аталат. Негизинен нервдин кыпчылуусу бир тараптан болот, 2 тараптан болуусу сейрек кездешет. Оорутууну жамбаштагы булчуңдардын сезгенүүсү күчөтүп жиберет. Илдеттен эртерээк кутулуу үчүн дарыгерге убагында кайрылып, дарылоо ыкмасын туура тандатып алуу кажет.

КУЯҢ НЕРВИНИН КЫПЧЫЛЫП КАЛУУСУНА ЭМНЕЛЕР СЕБЕП БОЛОТ?

– Ишиас оорусуна төмөнкү себептер жеткирет:

  • Омуртка аралык грыжа;
  • Омурткадагы сезгенүүлөр;
  • Оор жумуштарды көп жасоо. Анткени булчуңдарга күч келип, спазм (булчуңдардын оорутуп жыйрылуусу) жаралат;
  • Суукка урунуу;
  • Омурткалардын жарым-жартылай же толук жылып кетүүсү;
  • Бел омурткалардагы остеохондроз;
  • Омурткадагы жаракат же аны курчап турган жумшак ткандардын жаракатка кабылышы;
  • Булчуңдардын чоюлуп, сезгенип, нервди кысып калуусу;
  • Кичи жамбаштагы сезгенүү, жаракат;
  • Жамбаштагы инфекция;
  • Жамбаштагы рак оорусу;
  • Өнөкөт ич катуу (бул нервдерди дүүлүктүрөт);
  • Кан тамырлардагы уюган кан;
  • Абсцесс;
  • Ашыкча салмак.

НЕРВДИН КЫПЧЫЛЫП КАЛУУСУНУН БЕЛГИЛЕРИ КАЙСЫЛАР?

– Курч кармаган оорутуу, ток тарткандай оорутуу, чымыратып оорутуу, күйгүзүп жаткандай оорутуу.

Оорутуу алгач бел аймагынан башталып, жамбашка берет, анан жоон сандан ылдый көздөй бут кетменине, манжаларга чейин таркайт. Үзгүлтүксүз оорутуу бир бут же 2 бут тарапта тең болот. Туруп турганда, отурганда, басканда да оорутуу токтобойт. Бирок айрымдарда жатканда же басканда оорутуу азайышы мүмкүн. Буттар, манжалар жансыз тарткансып чымырайт, уюйт. Басканда буттар алсыз тарта баштайт. Сайгылашкан да оорутуу сезими болот. Айрымдардын жоон санына жана жамбашына ысык нерсе баскандай ысып чыгат.

Алгач нервдин кыпчылып калуу белгиси азыраак болот да, оорутуу кыймылдаганда, жумуш кылганда, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө көбөйөт. Эгер чара көрбөсө сезгенүү өнөкөт түргө өтөт, оорутуу кечки убакта, түндө көбөйөт. Кээде оорутуу келип чыгуу себебине жараша аздан көбөйүп отурбай, дароо катуу оорутуу менен башталат. Көбүнчө оор көтөрүүдөн башталат. Сезгенүүнү суукка урунуу күчөтөт, андыктан жогоруда айтылган оору белгилеринен тышкары дене табы көтөрүлсө, шишик болсо, жамбаш көбүрөөк чымырап уюса адиске кечиктирбей кайрылуу зарыл.

БИРИНЧИ ЖАРДАМ

– Кескин оорутуу кадимки жашоо образын жүргүзмөк тургай, кыймылдоого да мүмкүндүк бербей калат. Эгер дарыгерге барууга мүмкүнчүлүк болуп жатса убактылуу сезгенүүгө каршы жана ооруну сездирбөөчү дары-дармектерди колдонуп туруш керек. Врачка баргыча же «Тез жардам» келгиче катуу, түз жерге оорутуу азыраак сезилген позада жатып туруу керек. Сезгенген жер шишип абалды оорлотпошу үчүн кыймылдоо сунушталбайт.

ДАРЫЛОО ЫКМАЛАРЫ

– Врач кыпчылып калган нервдин себептерин жоготуу боюнча ыкмаларды тандайт.

Алгач оорутууну басуу үчүн блокада ыкмасы тандалып, сезгенүүнү жоюучу каражат колдонулат. Эгер оорутуу азыраак болсо дары май сыйпалат, оорутууну басуучу дарыларды ичсе болот. Булчуңдардын жыйрылып оорутуусун кетирүүчү, кан айланууну жакшыртуучу жана витаминдер топтому да колдонулат. Физиотерапия, айыктыруучу көнүгүүлөр, массаж, атайын машыгуучу шаймандарда көнүгүү кошулат. Аталгандар кыпчылган нервди бошотуп, сезгенүүдөн кутулууга багытталган. Айрымдарга ортопедиялык корсет кийүү сунушталат.

ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ

– Жамбаш, омуртка булчуңдарын бекемдөө үчүн гимнастика жасоо керек. Оор жумуш жасабоо, ашыкча салмак артпоо (омурткага күч келип, кемирчектер жешилип, жарылат да, омурткалар жылышып, кемирчектердин артындагы нервди кысып калат), суукка урунбоо сунушталат. Отуруп иштегендер саат сайын 5 мүнөт болсо да басып, чоюлуп-керилип, көнүгүүлөрдү жасап туруулары керек.

Ишиас оорусу тереңдеп кетсе адам кыймылдай албай төшөктө жатып калат жана айыктыруу кыйындайт. Ишиаска жеткирүүчү ооруларга кабылганда, мисалы, остеохондроз менен жабыркап калсаңыз, дароо дарыланууну эске түйүңүз.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан