«КАЙНЕНЕНИН БААРЫ ЖАМАН ЭМЕС, АГА ЗАР БОЛГОНДОР БАР»

Жашоо бүтүндөй кайнене менен келиндин ызылдашкан мамилесинен турбаса керек. Кайненени жамандап ушул убакка чейин эч бир келин утушка жетпегени бышык. Чынында кайын журтун, өзгөчө кайненесин жамандаган келиндерди силер деле көп кезиктирсеңер керек. Жамандай беришип кайнене дегенде шүмшүк, тажаал аялды көз алдыңа тартып беришет. Биздин аяштардын да башы бирикти дегиче байкуш кайнене, кайын сиңди, кайын журт ооздон түшпөй жамандалганы жамандалган. Бирөө жамандап баштады дегиче биринен-бири өтүп коштоп кетишет.

– Үй-бүлө болгондон кийин өзүнчө эле жашаган жакшы экен. Кайненемдерден бөлүнсөк болот эле. Негизи колдон келсе ата-энеси менен жашай турган баладан качыш керек экен. Кайненем бир жагынан какшап, анысы аз келгенсип кайнатам да жасаган иштериме кийлигишип айламды кетирет. «Бөлүнөлү» деп Тимурдун кулак-мээсин жеп эле жатам. Мени менчиктеп алышкан. Төркүнүмө кеттим дегиче эки күндөн кийин эле телефон чала башташат.

– Айтпа, менин кайненем да ар бир кадамымды аңдып турат. Ага айтпай бир нерсе кылып коё турган болсок үйдө чоң жаңжал чыгат. Бүгүн да «силердин шеринеңер түгөнбөйт, тапканыңардын баарын ичип-жеп коёсуңар» деп урушуп жатып араң жөнөттү.

– Меники деле ошол, «айлыгыңарды мага бергиле, мен силерге бөлүп берип турам» десе болобу. Кайненеңер жок силердики жыргал да өзүңөрдү-өзүңөр билип ээн-эркин жүрө бересиңер,- деп кайненеси жок же өзүнчө жашаган аяштарга суктанышат. Булар «кайнене менен чогуу жашабай, өзүнчө бөлүнүп кетсек» деп армандашса мен «кайненем болсо» деп кейип калам.

– Оокат-кечеңер белен, биздей болуп кыйналган жоксуңар. Балаңарды карашат, билбесеңер үйрөтөт, колунан келген жардамын берет,- десем чычалашат.

Менин деле жеңем бар, апамдын ага кылган кордугун көргөн эмесмин. Экөө аябай ынтымактуу. Сырдашып сүйлөшүп, бирине-бири жөлөк болуп турат. Байкем жеңеме туура эмес бир нерсе айтса же жат мамилесин көрүп калса апам келинине болушуп, байкемди ордуна коюп коёт. Алардын мамилесинен улам кайненелер жаман дегенге кошулбай келем.

Мен жолдошума мектепти бүткөндө эле тийдим. Жашмын, колумдан иш деле келчү эмес. Апасы мен келгенден эки жыл мурун дүйнө салган экен. Жаштыгыма салып эч нерсени эске албай эле турмушка чыккам. Балалык сүйүүм, анын үстүнө апасы каза болуп калгандыктан жолдошумду аябай аячумун. Бөбөктөрүнө каралашып турчу. Үйдүн эң улуу баласына турмушка чыккандыктан, мектепте окуган бөбөктөрүн кароо да менин моюнума түштү.

Байкуштар менин деле кичинекей экенимди кайдан этибар алышсын? “Жеңелеп” мага үйрүлүшөт. Аларды аяп жатып оокат кылганды үйрөндүм.

«Окутам деп убада бергем, сырттан окууга тапшыралы, окуу акысын кыйналсам да төлөйм» деп окууга тапшыртты. Өп-чап жашап жаттык. Боюма бүттү. Жыл айланып уулдуу болдук. Бул этаптын баары эч нерсе билбеген 18 жаштагы мен үчүн абдан оор болду. Чыккан кыз чийден тышкары дейт эмеспи, үйүңдөгүлөргө деле жүгүңдү арта албайсың. Анын үстүнө мектепти жакшы баалар менен аяктап, бир кесиптин ээси болууга умтулбай эрте турмушка чыгып алганыма ата-энем таарынып жүрүштү.

Мурда-кийин бала бакпасам кайдан билейин, башында ыгын таба албай абдан жүдөдүм. Бала түнү менен ыйлайт, ооруп калат, бирде барчылык, бирде жокчулук болду. Каралашар киши жок. «Кыйналганда кайненем болсо эмне, бизге арка-жөлөк болбойт беле, жок дегенде баламды карашат эле го» деп ичимден сызып калчумун. Анын үстүнө кошуналар, жакындар, баары эле кайненемдин аябай жакшы киши болгонун саймедиреп калышат.

Чынында сезилбегени менен, келин үчүн кайнененин деле ат көтөргүс орду бар. Биринчиден, дайыма жардамга колун сунууга даяр. Тамак-ашын алып келип, балдарын карап, неберем деп чарк айланып турганы, туура эмес кылып жатсаң “мындай кыл” деп багыт бергени эле канча? Айтор, толгон-токой жакшы жагы бар го. Кечке эле жерге-сууга батырбай жамандай бергенибиз деле жакшы жорук эмес. Жаакташкан айлампаны токтотуп, тирешүүлөргө чекит коюп, кылым жашачудай болбой, аз өмүрдү сыйлашуу менен өткөрүүгө эмнеге күчүбүз жетпейт? Өмүрүн, ден соолугун жумшап өстүргөн уулуна баш байлап жаткандан кийин ата-энесин сыйлап ыраазычылыгын алууга кудуретибиз жетпейби? Же чындап келин эч нерсе дебесе эле, баары жайында болуп турса деле асыла берген кайнене-кайнаталар болобу? Балким, силер колдо турган алтындын баркын билбей жатасыңар. Билбейм, эми кайнене менен жашабай туруп кыйын болот деп мени жаман көрөт чыгарсыңар. Бирок мага окшоп кайненеге зар болгондор деле бар.

Айпери

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Eminahanym
2020-04-28 21:29:16
Ооба Кайнененин бары жакшы. Бирибиринерге жакшы мамиле кылсанар алдагы жумшайт силердагы ичинер жылыйт.
+2
AidaKurman
2020-04-28 23:51:42
Эх Айпери сонун жазыптырсын. Туура кайнене да бироонун апасы, озунун апасын бироо жамандаса кимге жакмак эле? Бирок кээ бир кайненелердин оту менен кирип кулу менен кошо чыгып турсан да жакпайсын. Анан да жалгыз эле кайнене эмес кыздары да кайнене болуп алганы жаман.Кызым деп бооруна тартса сен да суйунуп апалап турасынго. Бирок андай эмес. Окунучтуу.
+6
Mirnar
2020-04-29 08:12:45
Мен кайненемди корунгон тааныштарга жамандабайм.Бирок автор айткандай кайнене келинге жардам кылбайт.балдарымды озум чонойтуп уй жумушун кошо аткарам.Кайненем балдарым ыйлап жатсада карабайит. бул мага конумуш адат, умут деле кылбайм.кайнене бала карашканы милдетту эмес деп ойлойм .
+3
dastansary
2020-04-29 11:14:37
Урматтуу админ, Сериалдар чыгабы бул санда
0
admin_portal
2020-04-29 11:41:31
dastansary, саламатсызбы, ооба, 4-күнү чыгат.
0
Nestana95
2020-04-29 12:55:14
Мен турмушка чыга элекмин......келечегимде боло турчу ата-энем,уй булоом жонокой адамдар болсо экен деп тилейм.....баардык курбуларым кайнене м.н жашачу адамга тийбе дешет,,,мен тескерисинче кичинемден уйдун кичуусуно тийем,кийин балдарымдын чон эне,чон атасы м.н чогуу чонойот,алардын да тарбиясын алат деп тиленем,,,,,,,автор сизге рахмат))))Кандай уй булоого туш болот экенмин..кандай жолдоштуу,,кайнене,кайнаталуу болот экенмин
+1
raia
2020-04-30 20:01:20
Мен деле бир кезде келин болгомун.Азыр уч келинге бир жигитке кайненемин.Мен жетим келин болгомун.Мен барганда огой кайненем болгон.Озу торобогон накта тоолук кемпир эле.Суйлогон создорун,уйдогу огой балдарына кылган мамилесин карап жаш болсом да ал кишиге тенелген эмесин боуптур апаа хоп апа деген созду гана айтаар элем.Аркалык келин болгон учун ( ал 70 - жылдары)коп сыноо,коп азаптарга чыдагам.Ошондо мен келиндериме азар бербейм деп тилек кылар элем.Келиндеримди окутам,иштетем илимдуу болсо ок
+2
raia
2020-04-30 20:08:00
окутсам илимпоз келиндерим уулдарым болсо,аппак койнок кийгизип,бактылуу кылып келин алсам кыз берсем.Келиндерим апалап тегеректеп турса деп кыялга батар элем.Ошол кыял менен мен ото оор жылдарды откоргом.Азыр Аллага шугур эки келиним инистутта иштешет бир келиним Россияда мен келиндерим менен бактылуумун ошолор жакшы болгон учун уулдарым апакелеп турушат.Келиндерге айтаар элем жамандыкты аманчылык женет,журогунорго кек сактабай жалан жакшы умут кылып,жакшы ниет менен сабыр менен жашасанар жакш
+2
raia
2020-04-30 20:08:30
Жакшылык кундор озу эле келет
+2
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-30 23:10:16
Эхх, окшош экенбиз.Мен да кайненеге зармын.Урушат дейбиз, өзүбүздүн апабыз деле урушат го.Кайненелуу келин, каркыралуу келин дешет го.
+1
mig
2020-05-01 00:55:12
Мен жаны кайнене болдум. келинимди жакшы кором. келечекте да мамилебиз жакшы бойдон калсын деп тилейм. ал да бироонун кызы. Менин да кызым бар.
0
Jan_balam2018
2020-05-01 15:01:16
Сиз экообуз окшош экенбиз.Менин да кайненем мен барганга чейин бир жыл мурун каза болуптур.Кайнатам жакшы киши бирок ушуга да шугур.Мен да кайненеге зар болом ушу кунго чейин,бала карап берсе деп эмес,болгону мага жолок болуп турса деп.Анткени уйдо жалан эркектер менен жашаш кыйын эле экен.Келин болуп келген алгачкы жылдары ушундай жаман болуп журдум,жалан эркектер жана мен болуп,эми гана конуп келатам.Кайненемди кошуналар жакшы адам болчу деп айтышат,коруп калсам кана.
+2
Izana
2020-05-11 12:32:09
Мен деле кайненелуу боло элек кезде кайненем жакшы болсо , чогуу жашасак оз апамдай эле кором буюрса дечумун. Кайненесин жамандагандар мн талашчумун ал деле бироонун энеси да деп. Азыр кайненем жакшы Адам кудайга шугур. Ушул кунго чейин ортобузда сый бар.Ал мага жаман соз айтпайт. Мен анын айткандарын эки кылбайм.Бирок деген менен кайнене барыбир оз апандай болбойт экен. Келин да оз кызындай болбойт. Болгону экоонун ортосунда сый-урмат болот экен. Оз апан канчалык урушса деле ошончолук жакшы ко
0
Izana
2020-05-11 12:35:36
Жакшы мамиле кылса гана жакшы коросун. Кайнене да келин качан анын оюндагыдай болуп сыйлап айткандарын аткарып турса гана жакшы корот. А оз апан сени кандай болсо ошондой суйот го. Бут кемчиликтерин мн. Апана каалашынча эркелесен которот. А кайненелер которо албашы мумкун))
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан