Саламат Садыкова: «АПАМ КАРАҢГЫЛЫКТЫН КУРМАНДЫГЫ БОЛГОН»

Апам жапкан нанды сагынам

Эненин мээриминин табы канча жыл өтсө да өчпөсүнө мен маектешим Саламат Садыкова менен сүйлөшүп отуруп сездим. Ал эми эненин тарбиясы балага кандай таасир берерин Урмат Усенов менен баарлашууда түшүндүм. Демек, кайрадан сиздер менен апалар тууралуу баллада.

"АПАМ "АЛЫМКАНДЫ" ЫРДАГАНДА..."
– Менин апамдын аты – Мария. Чачы согончогуна жеткен сулуу аял болчу. Узун чачын тыкыйтып экиге өрүп алчу. Кызык, апамды эстегенде анын тынымсыз иш кылып жүргөнү көз алдыма тартылат. Анан да кашкайган күлкүсүнөн жанбаган жүзүн көп эстейм. Апамдын каткырыгы тиги көчөдөн бул көчөгө угулган шайыр жан болчу. Жакшы да ырдачу. Кээде үйдөн “Алымканды” укмуш созуп калар эле. Бир жолу инимди аркасына көтөрүп туруп, “аттиң, мен турмушка чыгып силерди төрөп үйдө отуруп калбаганда, тиги Мыскалдын жанында жүрөт элем” деп күңгүрөнгөнү эсимде.
Апамдын убагында Мыскал Өмүр­канова­нын атагы алыска жайылып турган кези болсо керек. Апамдын ошол арманынан менин ырчылык ийгилигим жаралдыбы деп ойлоп калам. Анткени апасы жетпеген нерсеге кызынын жеткени бул жашоонун мыйзамы экенине ынанып жүрбөйбүзбү.

"АПАМДЫН ТАМАГЫ"
– Апамдын эсимде калган тамагы – нан палоо. Тандырга жабылган нанды чарчы кылып кесип, эт, сабиз, пияз менен кууруп, палоо катары басып берер эле. Бул тамакты азыр менин кыздарым, неберелерим да жакшы көрүшөт. Нан палоону ышкы менен жасоо мага апамдан калган болсо керек. Апамдын тандырга жапкан наны да өзгөчө эле. Кийин апам каза болгондон кийин бүт түйшүк мага түшүп, тандырга боюм жетпей нан жаба албай далай кыйналгам.

"АПАМДЫН МЭЭРИМИ"
– Мен – апамдын биринчи никесинен жаралган кызмын. Кийинки күйөөсүнөн төрт баласы бар. Апамдын мени эркелеткени эсимде жок. Кургурум, тиги күйөөсүнөн корунуп, өзүн менден оолак кармап көнгөн окшобойбу. Өзүн менден оолак кармаса да, мени балдарынан өзгөчө жакшы көрөрүн түшүнчүмүн. Бооруна кыса кучактап өппөсө да, жумуш кылып жатканда ар дайым мээримдүү көздөрү менен эркелете тиктеп өтөр эле. Баса, чачыма аябай камкор мамиле кылчу. Алгач айран менен жууп, анан “гүлкайыр терип келчи” дечү. Терилген гүлкайырды сууга салып коюп, ошонун суусу менен башымды жакшылап чайкап берчү. Көрсө, гүлкайыр азыркылардын бальзамы экен. Анан чачымды өрүп, учуна пахта байлап койчу. Апамдын айтылбаган мээримин анын жумшак колдорунан сезчүмүн.

"ОШОЛ КАРАҢГЫ ТҮН ӨМҮР БОЮ ЭСИМДЕ КАЛДЫ"
– Апам 27 жашында төрөттөн каза болду. Мен анда тогуз жаштагы секелек болчумун. Эсимде, кечки убак апамдын толгоосу капысынан кармап калды. Өгөй атам ичкиликке жакын адам эле. Ал адаттагыдай үйдө жок. Чырылдаган жаш балдар, чыйылдап жүргөн мен. Үйдүн жанында устун бар болчу. Апам таптакыр кыйналып кетти. Эптеп ошол устундун жанына барып, аны бекем кучактап алып толготуп жатат. Үйдүн ичинин баары кан. Эмне кыларымды билбей, чарбагыбыздын ылдый жагында жайгашкан бир үйгө жүгүрүп бардым. Анда бир кемпир жашачу. “Чоң эне, апам кыйналып төрөй албай жатат” десем, ал “мен көк кийим менен төрөп жаткан аялдын үстүнө кирбейм” деп кол шилтеп койду. Көрсө, ал аялдын жакындарынын бири каза болуп, азалуу экен. Ошол кемпирдин кайдигерлигине, ырымды шылтоолоп апама жардамга келбей койгонуна азыр да түтөп кетем. Келип апама каралашып койсо, балким, тирүү калмак. Кайра чуркап келсем, апам төрөп коюптур. Баланы алыш керек экенин деле билбедим. Апамды кармай салсам көзү аңтарылып, шайы ооп баратыптыр.
Ошол учурда өгөй атам кирип келди. Кыйратып койгонсуп бутуна тура албай мас экен. “Сиз кайда жүрөсүз? Апам өлүп калса эмне болот?!” деп ыйладым. Ал бирөөнүн мотоциклин айдатып келди. Люлкасы бар мотоциклдер болчу эле го. Баласы менен кошо апамды ошого салып кетишти. Бирок сактап кала алышкан жок.
Өлөрүндө байкуш апам башка балдарын да, жаңы төрөлгөн наристени да эмнегедир эстебептир. Өгөй атама карап, “Саламат... Саламатты жакшы карап коюңуз...” деп жатып үзүлүп кеткен экен. Кийин билсем, баланын тону түшпөй жатып каза болуп калыптыр. Ошентип, апамдан да айрылып, томолой жетим калдым.

"АПАМДЫН ООКАТТАРЫН ӨРТТӨП..."
– Апам укмуштай уз киши болчу. Түрдөп сайма сайып, кийим бычып эле отурар эле. Каза болгондон кийин бир топ иши бүтпөгөн бойдон калды. Саймалары, туш кийиздери... Бүтпөй калган бул буюм-тайымдарын карап, баарыбыз медер тутуп жүрчүбүз.
Убакыт өтүп, өгөй атам аял алды. Апамдын ордуна келген аял мээримсиз, кырс аял болуп чыкты. Ал келери менен апамдын бүтпөй калган буюмдарын чогултуп туруп өрттөп жиберсе болобу. Азыркыга чейин ошол жорукка түшүнө албайм. Апамдын буюмдарын өрттөө менен ал эмнени далилдегиси келди экен? Балким, баарыбыздын жүрөгүбүздөгү апамдын элесин ошол буюмдар менен кошо өрттөп салгысы келди бекен? Баягы апамдын буюмдарын медер тутуп жүргөн жаным аябай ыйладым. Колунан жулуп алып “апамдыкы!” дей турган ал менде жок эле. Көз алдымда күйүп жаткан буюмдары...Акылсыз аял менин жүрөгүмдөгү апамдын жаркын элесин өрттөй албай турганын билбеди көрүнөт.
Өгөй атам апамдын "Саламатты жакшы кара" деген керээзин аткарган жок. Жетимдиктин азабын көп тарттым. Кийин атым чыгып калганда өгөй атам ооруканада экенин угуп, апамдын арбагы үчүн барып коюуну туура көрдүм. Ал мени көрүп солкулдап ыйлады. “Саламат, сен өзүңдү-өзүң адам кылдың. Мен сени мындай адам болот деп ойлогон эмесмин, кечирип кой?!” деп өтүндү. Колумдагы ага арнаган нерселерди берип, терс бурула бердим.

"АПАНЫН КУДУРЕТИН АПА БОЛГОНДОН КИЙИН ТҮШҮНДҮМ"
– Өзүм да апа болдум. Апа болуунун азабын да, кол жеткис бакытын да туйдум. Менин төрөтүм да апамдыкындай оор болуп, баланын тону түшпөй, аз жерден бул дүйнө менен коштошуп кете жаздагам. Бул жашоодо баары кайталанат көрүнбөйбү. Менин кызымдын төрөттөн кийин мага айткан сөзү көкүрөгүмдө сакталып калды. “Мама, сен байкуш бизди кантип төрөдүң экен?” деген сөздүн аркасында эмне деген ыраазычылык, энеге, энеликке табынуу жатканын түшүндүм. Чын эле, башка түйшүгүн айтпай эле коёюн. Миң тамыры зыркырап, баланы төрөө эле эмне деген эрдик?!

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ ИКАЯ
Жарык дүйнөгө келе турган наристе Кудайдан сурайт:
– Мен жашоого эмнеге келатканымды түшүнбөйм. Мен бул жарыкта эмне кылышым керек?- десе, Кудай ага минтип жооп берет:
– Мен сага төрөлөрүң менен бир периште кошуп берем. Ал ар дайым жаныңда болот. Ал периште сенин бул жашоодогу ордуң, максатың кайсы экенин түшүндүрүп берет.
– Мен аны кантип түшүнөм? Анын тилин билбейм да...
– Ал сени өзүнүн тилине үйрөтүп алат.
– Аны мен тааныбай калсамчы?..
– Жок, сен аны тааныйсың. Биринчи көзүңдү ачканда эле анын ким экенин билесиң.
– Менин периштемдин аты ким?
– Анын ар кайсы тилде, ар кандай аты бар. Бирок аны сен “апа” деп гана атайсың.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Titi
2010-09-11 14:51:28
Апалар ылайым өмүрүңөр узууууууун болсун!!! Якутиядан Тити.
0
Аселькин
2010-09-15 12:06:26
Саламат эже, Сиздин эрктуулугунуз менен жана чыгармачылгыныз менен сыймыктанабыз!!!! Бар болунуз! Сиздин Апаныз корбой калган жакшылыктардын баарын эм Сиз коруп, бактылуу ЭНЕ болунуз!
0
Expert
2010-09-18 14:39:27
Саламат эже, куруп берген маегинизди окуп отуруп козумо жаш келди. Сиздин чыгармачылыгыныздан коп кабарым болбосо да, айткан создорунуздон, басып откон жашоо жолунуздан аябай зээндуу, кайраттуу адам экениниз билинип турат.
+1
Expert
2010-09-18 14:43:11
Сиздей "Акыл Карачач" аялдар коп болсо экен. Создорунуз адамдын жан дуйносуно синип барчудай. Окуп отуруп, мен дагы оз апамды ойлоп кеттим, кантип конулун алып, ыраазычылыгымды билдирсем экен деп.
0
Expert
2010-09-18 14:46:27
Эненин кадырын билиш учун озундун эне болушунду кутуунун кажети жок, ар дайым кадырлай билишибиз керек. Конулун оорутпай, унду бийик чыгарбай, айткан акылын угуп журсок эле, ошонун озу ыраазычылык го.
0
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан