БЕТКЕ ЭМНЕГЕ СЕПКИЛ ТҮШӨТ? АНЫН 10 СЕБЕБИ

Жаз, жай мезгилинде айрым адамдардын жүзүндө, колунда күрөң түстөгү тактар, сепкил пайда болот. Тери эмнеге мындай көйгөйгө кабылат? Сурообузга врач-дерматолог Жанара Байсеитова жооп берет.

1. КҮНДҮН УЛЬТРАФИОЛЕТ НУРЛАРЫ

Жазында жана жайында күндүн көк-сыя ультра нурларынын таасиринен улам организмден меланин пигментинин бөлүнүп чыгышы активдешет. Мындан улам дененин ачык жерлерине сепкил, кал, тактар пайда болот. Андыктан терини коргоо үчүн күн нурунан коргоочу кремдерди пайдалануу шарт.

2. КОСМЕТИКАЛЫК ПРОЦЕДУРАЛАР

Терини аппараттык жол менен тазалоо, пилинг, ал тургай лазердик эпиляция да денеде тактардын пайда болушуна себепкер болушу мүмкүн. Өзгөчө процедуралардан соң дароо күнгө чыккан учурда. Андыктан салонго барардан мурун бул процедуралар боюнча кенен маалымат алганыңыз туура. Дагы бир эске алчу жагдай, аталган косметикалык процедураларды күз жана кыш мезгилинде кылган оң. Анткени бул учурларда күндүн зыяндуу нурлары азыраак болот.

3. ТАМАК СИҢИРҮҮ СИСТЕМИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨР

Ашказан жана ичеги-карындын иштешинин начарлашынан улам да териге тактар түшүшү толук мүмкүн. Алсак, кызыл түстөгү так ашказандын жана ичегинин тамак сиңирүүдө жана керектүү азыктарды бөлүүдө, ал эми теридеги күрөң тактар боордо жана өттө көйгөй бар экендигин билдирет. Теридеги сары так холестериндин деңгээлинин көптүгүн айгинелейт. Эгер мындай көйгөйгө кабылсаңыз, анда дароо дерматологго, аны менен катар гастроэнтерологго кайрылып, тиешелүү анализдерди тапшырыңыз.

4. БӨЙРӨК ООРУЛАРЫ

Териде сары-күрөң, күрөң тактардын пайда болушу заара чыгаруу системинде жана бөйрөктө көйгөй бар экендигин билдирет. Мында тери кубарат. Бул учурда зааранын жана креатинге кандын анализин тапшыруу, ошондой эле организмдеги калийдин өлчөмүн билүү шарт.

5. БӨЙРӨК ҮСТҮНДӨГҮ БЕЗДЕРДИН ПАТОЛОГИЯСЫ

Аддисон оорусунан улам тактар териге чыгат. Бул аутоиммундук оору болуп саналат. Мында бөйрөк үстүндөгү бездер гормондорду керектүү деңгээлде бөлүп бере албай калат. Мындан улам тери бозоруп, адам алсырап, маанайы бат-бат түшүп, кан басымы көтөрүлүшү мүмкүн. Эгер сизде ушундай симптомдор байкалса, анда тезинен эндокринологго кайрылыңыз.

6. ВИТАМИН ЖАНА МИНЕРАЛДАРДЫН ЖЕТИШСИЗДИГИ

Бетте, териде ар кандай тактардын, сепкилдердин пайда болушу С, E жана PP витаминдеринин, ошондой эле жездин жетишсиздигинен да кабар берет. Эгер организмди витаминдер менен толук камсыздасак, анда тактардан арылууга болот.

7. ДАРЫ ИЧҮҮ

Айрым дарылардын, антибиотиктердин терс таасиринен улам да денеге так түшүшү мүмкүн. Дары-дармектер меланиндин көп иштелип чыгышын шарттап, тери сезимтал болуп чыгат да, күндүн сыя-көк ультра нурларына туруштук бере албай калат. Андыктан дары-дармектерди кабыл алып жаткан учурда териге күндүн зыяндуу нурларынан коргоочу крем сүйкөп, шляпа кийип жүрүүнү унутпаңыз.

8. ГОРМОНАЛДЫК БУЗУЛУУ, КОШ БОЙЛУУЛУК

Организмдеги айрым гормондор меланиндин иштелип чыгышын күчөтөт, башкача айтканда, териге тактардын түшүшүн шарттайт. Алсак, прогестерон, эстроген меланоцитти стимулдаштыруучу гормон. Прогестерон менен эстроген аялдын жыныстык органына тиешелүү. Алардын олку-солку болушу бетке, моюнга, колго, далыга жана курсакка сепкил түшүрөт. Кош бойлуу кезде так түшүүсү – бул физиологиялык процесс, башкача айтканда, “кош бойлуулуктун маскасы” болуп саналат. Гормондор калыпка келген соң тарап кетет. Ал эми кош бойлуу эмес кезде деле так түшүп, гормоналдык баланстын сакталбай жаткандыгын байкасаңыз, анда гинеколог-эндокринологго кайрылыңыз.

9. АЛЛЕРГИЯЛЫК РЕАКЦИЯЛАР

Аллергия болгон учурда тырмаган тери жаракат алып, күндүн зыяндуу нурларына туруштук бере албай тактардын пайда болушу күтүлөт. Андан сактануу үчүн, албетте, күн нурунан коргоочу кремдер жардамга келет.

10. ЖАШ КУРАК

60 жаштан кийин организмде зат алмашуу процесси өзгөрөт. Бул меланинди иштеп чыгуучу меланциттердин, клеткалардын иштешине таасир тийгизет. Ошондой эле жаш курак өткөн сайын тери астындагы меланин даана көрүнө баштайт. Бул эч кандай оорудан кабар бербейт. Дерматологдор муну сенилдик лентиго деп атап коюшат. Мындай тактар билекке, бетке, төшкө чыгат. Алдын алуу үчүн терини күндөн коргоп, С жана РР витаминдери менен азыктандыруу сунушталат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
eliza_eliza
2020-05-03 15:33:52
Эрте куракта ак чач эмне учун тушот? Даарылоого болобу? Болсо,кандай жолдору бар? Ушул боюнчада маалымат бериниздерчи Супер-Инфо?
+2
admin_portal
2020-05-04 11:27:29
eliza_eliza, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан