ЧИРКӨӨНҮН ХОРУНДА ЫРДАГАН РОЗЭ КАНТИП АТАКТУУ ЫРЧЫ БОЛДУ?



«Black Pink» тобун жоготуп алдыңызбы? Чындыгында эле алардын сахнага кайтуусун күткөндөр көп. Эмнеге жарым жылдан ашуун убакыттан бери топ ыр чыгара элек? YG агенттиги топтун ар бир мүчөсү жеке ырчы болот дегени менен, Женниден башка эч ким соло ырдай элек, эмне үчүн? Мындай суроолор менен топтун күйөрмандары агенттикке кайрылышты, ал эле эмес, сахнаны сагынганын топтун мүчөлөрү өздөрү социалдык баракчаларына жазып чыгышты. Балким, вирус токтосо кыздар сахнага кайтып келер деп өздөрүн жубаткан күйөрмандарга жакшы жаңылык. Март айында эле белгилүү америкалык ырчы Леди Гага «Chromatica» аттуу альбом чыгарары, анда «Black Pink» тобу менен дуэт болору тууралуу имиштер интернет желесин аралап жүргөн. 22-апрелде бул маалымат такталып, Леди Гага 16 ырдан турган альбом чыгара турганын, анда ырчылар Элтон Жон, Ариане Гранде жана «Black Pink» тобу менен дуэттер бар экенин Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. «Black Pink» тобу менен аткара турган ыр «Sour Candy» деп аталат. Топтун күйөрмандары “өх” деп демдерин баса, жаңы чыгарманы күтүп жаткан учур. Бүгүн биз дал ушул көпчүлүктү сагындырган «Black Pink» тобунун таланттуу ырчысы Розэнин дүйнөсүнө саякатка чыгалы деп чечтик.

Аты-жөнү – Пак Чэ Ён
(Розанна Пак англис ысымы)
Псевдоними – Розэ
Туулган жылы – 1997-жыл, 11-февраль
Туулган жери – Жаңы Зеландия,
Окленд шаары
Бою – 168 сантиметр
Үй-бүлөдө – 2 бир тууган, Элис Пак аттуу эжеси бар
Кесиби – ырчы, «Black Pink» тобунун солисти
Агенттиги – YG Entertainment

МЕКЕНГЕ КАЙТУУ...

Учурда дүйнө жүзүнө белгилүү топтун мүчөсү Пак Чэ Ён өз мекенинен алыс жакта төрөлгөн. Ата-энеси жашынан эле Түштүк Кореядан Жаңы Зеландияга көчүп кетип, эки кызы Окленд шаарында жарык дүйнөгө келген. Балалыгы Окленд шаарынын көчөлөрүндө өткөнү менен, Розэ 8 жашка чыкканда ата-энеси үй-бүлөсүн алып Австралиянын Мельбурн шаарынын четиндеги кыштакты байырлап калышат. Розанна шаардагы Canterbury Girls' Secondary College аттуу кыздардын жабык мектебинде билим алган. Мельбурнда кореялык белгилүү YG агенттиги сынак уюштуруп жатканын уккан атасы 15 жаштагы Розаннаны жетелеп барат. Розанна ал кезде жергиликтүү чиркөөнүн хорунда ырдачу. Токтоо мүнөзгө ээ кыздын талантына көңүл бурулуп, ал сынакта биринчи орунду жеңип алат. Сынакты го жеңди, эми кайрадан өз мекенине, Сеулга көчүп баруу тандоосу турган. Мындай мүмкүнчүлүк жашоосунда бир келерин түшүнгөн Розэ 2012-жылы «Black Pink’тин» курамына кошулган.

G-DRAGON’го ЖАККАН РОЗЭ

«Black Pink» корей музыка дүйнөсүнө 2016-жылы баш багып, дебют жасаганы маалым. Ага чейин 4 жыл стажировкада жүргөн Розэ эң алгач 2012-жылы атактуу G-Dragon’дун “Without You” ырында кыздын партиясын аткарган. “Розэнин үнү жакты, башка көптөгөн ырчы кыздардан айырмаланган өзгөчөлүк бар экен” деген анын талантын баалаган G-Dragon. Өзгөчөлүк демекчи, бүгүнкү каарманыбыз Розэнин үнүнүн тембрин баалаган музыка сынчылары көп.

2016-жылдын 8-августунда расмий түрдө 4 кыздан куралган «Black Pink» тобу “Square One” жана “Square Two” ыры менен дебют жасап, музыка дүйнөсүндө көп ийгиликке жетерин алгачкы ырлары менен эле далилдешкен. YG агенттигинин директору Ян Хён Сок “топтогу кыздардын кайсы бирин лидер дей албайм. Анткени ар бири лидер болууга жарайт, ар бири өзгөчө үнгө ээ, баары бири-бирин толуктап турушат” деген. Бул сөзгө толугу менен кошулам. Топтун «DU-DU» ырына тартылган клиби You Tube’да 1 миллиарддан ашык кароого ээ болгону алардын дүйнө жүзү боюнча канчалык сүймөнчүк ырчылар экенинен кабар берет.

РОЗЭНИН ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ БЕРГЕН МАЕГИНЕН КЫЗЫКТУУ УЧУРЛАР

Музыкалык чарттарда лидер болуп, кароолор боюнча клиптериңер рекорд коюп келет. Мындай көрсөткүчтөр силерге стимул болобу же тескерисинче, жоопкерчилик катары моюнуңарга жүк болобу?
– Биз үчүн наам же сыйлыктар өтө маанилүү эмес. Сиз айткандай, сыйлык же кайсы бир рекорд боюнча кабар уксак “вау, сонун” деп коёбуз. Башкы орунда күйөрмандарыбыздын маанайы, алардын сүйүүсү. Блинктерибизге (топтун күйөрмандары) татыктуу чыгарма жаратсак, ошол биздин жеңишибиз. Алар бар – биз бар. Биздин күндөп-түндөп эмгек кылганыбызды блинктер билет, ошондуктан сыйлык, рекорддор болуп жатат.

Иш режимиңде косметиканы ашыкча колдонууга туура келет. Бет териңе өз алдынча кам көрөсүңбү?
– Тартуу иштери же концерттер канчалык кеч бүтпөсүн, канчалык чарчабайын сөзсүз бетимди таза жууп жатам. Косметика канчалык көп болсо, ошончо бетимди тазалоого убакыт коротом. Бет териси эс алса эле сапаты жакшы болот.

Топтун кыздары менен канча жылдан бери биргесиңер, анын үстүнө популярдуулук эмне экенин билдиңер, жакындарыңар менен кыска гана убакытка жолугасыңар. Мунун баары жеке адамдык сапаттарыңа таасир бердиби? Кайсы сапатыңды сактап калгың келет?
– Албетте, топко кошулгандан кийинки убакыт жашообузга олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келди. Бирок өкүнгөнгө себеп жок, анткени мен ырчы болуу кыялыма жеттим. Кыялга жетүүдө канчалык оор болгону маанилүү эмес. Мен кичинекейимден эле бир нерсеге бат кызыгам, бат эле сүйүнүчтөн көздөрүм жайнай түшөт, кайгырганым да бат, көзүмдүн жашы дапдаяр турат. Бул сапат, мүнөздөрүм менин ким экенимди далилдеп турат, андыктан өмүр бою мени менен жашаса дейм.

РОЗЭ...

  • Корей, англис, япон тилдеринде эркин сүйлөйт
  • Пианино, гитараны мыкты чертет
  • Йога, пилатес менен машыгат
  • Жактырган тасмасы – “Форрест Гамп”
  • «BigBang» тобу менен дуэт ырдасам деп кыялданат
  • Сүрөт тартканды жакшы көрөт

Асыл Орозбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан