(Башы өткөн сандарда)
– Бирок Адыл аганын жанында эч ким калбаган эле, баары бир мага бирөө келиши керек деп ооруканада жата бердим. Аскат деген бирөөнү жөнөтүптүр. Шакек, бул жактын дареги жазылган кагаз берип жибериптир. Түнкү саат үчтөрдө ооруканадан эч кимге көрүнбөй чыгып, Кыргызстанга өтүп, Бишкектен учтум бул жакка. Алгач Стамбулга, ал жактан түз бул жерге келдим. Карагандада кадам сайын текшерүү, менттер тытып жатышат. Ерхандын адамдары да ар жерде жүрүшөт. Адыл ага өзү бир мал сарайда бекинип жаткан имиш, сени билет дептир. Билгендерим ошол, Самат, Адыл ага сени келсин дегени го.
– Түшүндүм, Арсен, мен барам. Адыл аганы бул жакка алып келем бир жолун таап.
– Адыл ага келбесе керек, ал өч алам дейт баары бир. Жөн эле жеңилип кетип кала турган адам эмес ал. Мал сарай каякта билесиңби?
– Билем.
Арсен чөнтөгүнөн банктык карточкаларды алып чыгып берди:
– Бул карточкаларды да Адыл ага берди. Канча акча бар экенин билбейм, бирок Адыл ага көп сумма бар деди. Бирөөсү сага экен, калганын Аселге берип кой деген.
Эртеси Герик келип, Асел экөө Арсенди ооруканага алып кетишти. Мен ошол эле күнү жолго чыктым. Кетерде Каныш апа колумдан кармап:
– Балам, Адыл агаң бир кырсыкка учураган, менин жүрөгүм сезип турат. Эч нерсеге карабай көндүрүп бул жакка алып келчи. Эч нерсесин албай, өзү, коколой башы менен эле келе берсин, айтчы, балам,- деди жалооруган көз караш менен.
Москва аркылуу Алматыга учуп келдим. Жай келейин деп калса да күн суук, кара суук.
Күнгө күйүп, толуп кеткендиктен, бир жагынан паспортум да башка адамдын атында болгондуктан, коркпосом да болот. Эски Жигули сатып алып, фонарик, эки бычак, тамак-аш алып, мал сарайга ошол эле күнү түндөп жөнөдүм. Жолмо-жол артымды карап, кээ бир жерлерде токтоп машинамды чукулаган адам болуп турам, жолдогу ар кандай айылдарды аралап өтөм. Артымдан аңдыган эч ким байкалбады, тынч эле. Талаага бурулгандан кийин машинанын жарыгын өчүрүп алдым, бир аздан кийин көзүм караңгыга көнүп эле калды. Талаа тегиз болгондуктан, эч жакка түшүп кетпейм, сүзүп ала турган эч нерсе жок. Мал сарайга жете бербей тоонун артына токтоп, жөө чыгып мал сарайды көпкө чейин карап жаттым. Эч бир жарык же кыбыр эткен нерсенин шеги билинбейт.
Ким келмек эле бул жакка, Адыл аганы бул жакта деп кимдин оюна келмек? Сарайга жөнөйүн деп ордумдан турганы жатсам оң капталдан, көп болсо он метр алыста го:
– Самат, мен Аскат агаң, келе бер,- деген үн чыкты, чочуп кеттим.
Аскат ага экен, мен жаткан жерден он метрдей эле арыраакта жаткан экен, байкабаптырмын. Колунда автомат, моюнуна түндө күндүзгүдөй көрсөтүүчү дүрбү илип алыптыр.
Ар дайым түндө ушул жерде жатат экен, Адыл аганын акыбалы жаман дейт:
– Акыбалы чатак. Ооруканага алып барайын десем көнбөй жатат. Бутуна, жоон санына ок тийген экен, сөөктөрүн быркыратып кеткен окшойт. Көп күн жатып калды өзү дагы. Сени күтүп жатты, сен келсең анан барам деп. Эч кимге ишенбей калыптыр сенден башка. Эки жагына эки автомат, колтугуна пистолет, чөнтөктөрүнө граната салып алган. Кээде оорусу күчөп, жөөлүгөндө корком гранатаны жарып алабы деп.
– Эмне болду, Аскат ага, кыскача айтып берсеңиз.
– Мен эми телевизордон эле көргөндөрүм, билгеним. Эки жума мурун Адыл мени Карагандага чакырткан. Чакырып, шаардын чекесинен батир алып берип, ошол жерде жашап тургам, ошондо таң калып койдум эле. Жөн эле жата бергем бир иш кылбай. "Өзүм айтмайынча ушул жерде болуңуз" дегенинен батирден, телефондун жанынан чыкпай жаттым. Бир күнү чалып калды, айткан жерине барып күтүп турсам бутуна ок тийиптир, эки бала көтөрүп келишти. Машина менен туура ушул жакка алып келдим. Ошол бойдон ушул жердебиз. Эки жолу Карагандага барып келдим, Адылды милиция аябай катуу издеп жатат. Сүрөтү ар бир дүкөн, ишканалардын эшиктеринде, айтор, кадам сайын эле Адылдын сүрөтү илинип турат.
– Түшүндүм, Аскат ага, бирок баары бир эртерээк ооруканага алып барышыбыз керек. Машина барбы?
– Бар, баягы Нива. Бирок Адыл барбайм деп көнбөшү да мүмкүн. Биринчи өзү менен сүйлөшөлү, эмне дейт, ошого карап аракет кылабыз да эми.
Адыл ага сарайда экен.
– Токтой тур, мен биринчи кирип айтайын, экөөбүз кирип барсак караңгыда атып жибербесин,- деп Аскат ага кирип кетип, кайра эле чыкты.
Адыл ага жатат, чөптөрдү калың кылып салып, үстүнө матрац, жууркандарды салып бериптир. Үнү каргылданып, бир кызыктай чыгып калыптыр. Мени менен араң эле учурашты.
– Самат, иним, келдиңби?
– Келдим, Адыл ага.
– Апамдар кандай, жакшы жүрүшөбү, ден соолугу жакшыбы?
– Алар жакшы баары. Ал жактын абасы таза экен, баарына жакты.
– Асел кандай?
– Жакшы, жүрөт. Мен сизди ошол жакка алып кетейин деп келдим, Адыл ага.
– Эми аны көрө жатарбыз.
– Сизди тез ооруканага алып барыш керек. Мага ишениңиз, сиздин дарыланып жатканыңызды жан адам билбей турган кылабыз.
– Мен уктап алайынчы, азыр кеч эми, эртең сүйлөшөлү,- деп, уйкусу аябай келгенби, дароо эле уктап калды.
Эртеси жетилерде ойгондум, түндө байкабаган экем, Адыл аганын буту аябай шишип кетиптир, тиштенип араң дем алып жатат. Аскат ага көрүнбөйт, бир жакка чыгып кеткен окшойт. Сыртка чыгып Аскат аганы карасам, кечээ түндө жолуккан тоодон түшүп келатыптыр.
– Эки жакты карап келдим, тынчыраак туралы.
– Аскат ага, кумурскалардын уюгу барбы?
Аскат ага таң кала карап калды:
– Кайсы кумурскалардын?..
(Уландысы кийинки сандарда)