Жылдыз Бекова, сүрөтчү: «ҮЙ-БҮЛӨЛҮҮ АЯЛГА СҮРӨТЧҮ БОЛУУ КЫЙЫН»

Жылдыз Бекова – сүрөтчү, иллюстратор, графикалык дизайнер. Ар бир иллюстратордун өзүнүн стили бар. Дүйнөдө популярдуу болуп жаткан сүрөт искуссвосунун бир багыты болгон иллюстрация өнөрү тууралуу каарманым айтып берсин.

– Жылдыз, саламатсызбы? Сизди Инстаграмдагы баракчаңызга жүктөгөн эмгектериңизден иллюстратор катары тааныйбыз. Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз...

– Саламатчылык. Мен 1990-жылы туулгам. Ата-энем экөө тең сүрөтчүлөр. Атам азыркыга чейин сүрөт тартат. Дүйнө жүзүн кыдырып көргөзмөлөргө катышып келет. Апам басмаканада көркөм редактор болуп эмгектенет. Байкем бар, аты Марат. Ал дагы чыгармачыл адам. Учурда архитектуралык студияда иштейт. Визуалдуу фантастикалык эмгектерди жасайт.

Мектепти аяктагандан кийин Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын жана Кыргыз-Орус Славян университетинин дизайнер-архитектор факультетин аяктагам. Дизайнер-архитектор кесибим боюнча аз эле иштедим. Жан дүйнөм чыгармачылыкка тартып туруп алды. Турмушка чыккам, 2 ширин кыздын энесимин.

– Иллюстрация өнөрүнө качантан бери кызыга баштадыңыз эле?

– Мен өзүмдү чыныгы иллюстратор деп айткандан алысмын. Өнөрүмдү өнүктүрүш үчүн жаңы жолдорду, техникаларды издеп келем. Иллюстрация бир эле багыт. Чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлүп, чоңойгондуктан, кичинемден эле сүрөт тартам. Мектепте жакшы окуган эмесмин. Акыркы партада отуруп алып өзүмдүн фантазиямдагы дүйнөдө учуп, сүрөт тартып отура берчүмүн.

– Сүрөттөгү каармандардын стили кантип жаралды? Эмне үчүн «монстрлар»? Коркунучтуу каармандардын жаралышына эмне түрткү болду?

– Мага апокалипсис, сюрреализм, фантасмогория, футуризм стили жагат. Бул жанрлар мени дайыма азгырып турчу. Эмнеге монстр? Мендеги санаа тартуу, жагымдуу жана жагымсыз эмоциялар кайсы бир учурда каармандарым аркылуу берилет чыгар.

– Чыгармачыл процесстин жүрүшү тууралуу да айта кетсеңиз. Сүрөттөр кантип жаралат?

– Көңүлүмдөн чыкканды эле тарта берем. Көбүнчө эргүүдөн, маанайдан көз каранды болуп калат. Фантастикалык фильм көрүп калсам ошол нерсе мотивация берип монстр тарткым келиши мүмкүн. Кыздарым да шыктандырат. Аларды көрсөм эле сүрөт тарткым келе берет. Ар бир ата-эне үчүн өзүнүн баласы эң сонун эмеспи.

Негизи чыгармачыл процессти айтып бере албайсың. Аны сезиш керек. Эргүү ичиңдеги чоң мотиватор, толкун сымал келет да, жаңы төрөлгөндөй болуп каласың. Ал келгенде жаңы идея жаралат. Идея келери менен бат ишке ашыруу кажет. Ишке ашпай калып ичиңде чогула бергенде депрессияга кабылам. Эмнеге ишке ашыра албай калам? Анткени үй-бүлөлүүмүн. Балдар, үй тиричилик да өз ролун ойноп коёт. Ошондуктан жаш сүрөтчү кыздарга «эгер турмушка чыгып, балалуу болуу планыңарда болсо, анда жакшылап ойлонгула. Себеби турмушка чыккандан кийин бул багытта өзүңдү өнүктүрүү аябай оор» деп дайыма айтып келем. Сүрөтчү аялзатына эне болуу менен бирге сүрөтчүлүк кесипти аркалоо аябай кыйын. Бала, үй-бүлө чыгармачылык сыяктуу эле көңүл бурууну талап кылат. Эгер чыгармачылык менен алектенбесең, чеберчилигиң жоголот. Колуң жакшы сезбей калат. Үй-бүлөңө да көңүл бурбасаң көйгөйлөр жаралат.

– Жолдошуңуз сизди колдойбу?

– Жолдошум аябай колдойт. Үйдө жубай катары кыла турган милдетимдин көбүн жолдошум өз моюнуна алган. Биздин менталитет үчүн бул жат көрүнө берет го. Бирок биз заманбап үй-бүлө болгондуктан, жолдошум жумушумду түшүнүү менен кабыл алат. Ал түшүнүктүү болбогондо сүрөт искусствосу менен алектене албайт болчумун. Мен чоң долбоордун үстүнөн иштеп баштаганда ал балдарды карап, уктап алууга мүмкүндүк берет. Мисалы, кечки саат 11лерде балдарды жаткырып коюп иштеп баштайм. Баары уктап, тынч болгондо гана иштей алам. Эмнегедир түнкү убакыт дем берет. Көпчүлүк чыгармачыл адамдар да кечинде жаратып башташат. Кээде таңкы 5ке чейин иштешим мүмкүн. Балдарым эрте тургандыктан, жолдошум аларды карап, курсактарын тойгузуп коёт.

– Жакшы. Сүрөттү кол менен тартасызбы же компьютердик графика да колдоносузбу? Сизге кол менен тарткан жеңилби же компьютер мененби?

– Жалаң компьютердик графика менен иштөөгө өткөнүмө 1 жыл болду. Анткени сүрөт тартуу процесси абдан тез жана жеңил. Компьютердик программалар ошондой жыйынтык берет. Сүрөт тартууда графикалык планшет жана стилус калем сабын колдоном.

Азыр жаңы техникаларды издеп, өзүмдүн стилимдин үстүнөн иштеп жатам. Кол менен да тартып калган учурлар болот.

– Сүрөттүн оригиналдуулугу канчалык маанилүү?

– Бул эң башкы нерсе. Өзүңдүң жеке оригиналдуулугуң болбосо башкалардан айырмалана албай каласың. Азыр дүйнө жүзүндө атаандашуу аябай күч. Кыргызстанда азырынча бул чөйрө өнүгө элек. Элдин көзүнө түшүш үчүн жаңы методдорду ойлоп табышың зарыл. Жаңы өзгөчөлүгүңдү тапканда гана бир нерсеге жетише аласың.

– Социалдык тармактар сүрөт тартууга таасирин тийгизеби? Баракчаңыздын катталуучуларына кандай сүрөттөр жагарын баамдап турасызбы?

– Мен окуп жаткан мезгилде социалдык тармактар жок болчу. Ошол маалда «мындай сүрөттөр кимге жагат? Эмне үчүн тартып жатам?» деп кабатыр болчумун. Атам саякаттап, көп жерди кыдырып келгендиктен «чет өлкөдө түшүнөт, бизде мындай жок болгондуктан, эл түшүнбөйт» дечү. Азыр албетте, социалдык тармактар сүрөтчүлөр үчүн чоң мүмкүнчүлүк жаратып берди. Биринчи жолу мен сыяктуу сүрөт тарткан сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрүп аябай сүйүнгөн элем. Бул мага чоң стимул берген.

Мурда катталуучуларыма кандай сүрөт жагарын изилдечүмүн, кайсы сүрөткө канча «жакты» белгиси коюлду деп. Азыр мен башка бирөөнүн жетегинде кетким келбейт. Чыгармачылыгымды жактырган адамдарды тапкым келет. Сүрөттөрүм жакпай калып баракчамдан чыгып кетишсе мейли. 2014-жалдан бери чыгармачылыгымды колдоп келаткан дайымкы катталуучуларым көп. Аларга ыраазымын.

– Иллюстрация кылып жараткыңыз келген чыгарма барбы?

– Жок. Өзүмдүн идеяларым көп. Ар түрдүү, сюжеттүү түштөрдү көрөм. Алар Голливуддун блокбастери болбосо да, ошол сюжет боюнча сүрөт таркым келет.

– Сиздин оюңуз боюнча, иллюстрация багыты өнүгүп жатабы?

– Өнүгүп жатат. Таланттуу жаштар пайда болуп жатканы кубандырат. Азыр мүмкүнчүлүктөр да көп. Мурда китептер эле бар эле, аны да бардык жерден эле таба алчу эмессиң.

– Сүрөт искусствосуна жаңы кадам таштаган иллюстраторлорго кеңешиңиз...

– Мага «кантип башташ керек?» деп көп жазышат. Жүрөгүңөрдү угуп, жаккан нерсеңерди тарткыла деген кеңеш берип келем. Күнүгө сүрөт тарткыла. Канчалык көп сүрөт тартсаңар эртерээк жыйынтык болот. Эгер 30 мүнөт тарткандан кийин окшошпой жатса таштап койбогула. Отуруп алып тартыш керек. Мени алдыга жылдырып, өсүүгө жол ачкан сапатымдын бири – өзүмдү кыйнап сүрөт таркандыгым десем болот.

– Учурда кайсы долбоордун үстүндө иштеп жатасыз?

– Азыр графикалык форматта жаңы долбоорду ишке ашырып жатабыз. Кавказдагы медиа түйүндөрүнүн бирине анимациялык социалдык ролик жасап жатканбыз. Аягына чыгып калдык. Ролик эрте турмушка чыккан кыздар жөнүндө. Бардык маалыматты толук айта албайм. Даяр болгондо көрүп каласыздар.

– Маегиңизге рахмат! Ишиңиз өнүгө берсин!

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Belek1710
2020-05-02 16:20:14
Түшүнбөйм го, эмнегедир сүрөтчүлөр ыланач сүрөттөрдү көп тартышат?
-1
Kairat1996
2020-05-05 08:27:28
Суроттору сонун экен. Жылдыз Абдан сексуалдуу экенсин. Мага абдан жактын
+1
Asem89
2020-05-07 18:35:56
/... искуссвосунун/
0
№ 909, 7-13-май, 2020-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан