СЕКСУАЛДУУ ВАМПИРЛЕР

Теледүйнөсүндө

“Вампирлер жашоодо болушу мүмкүн” деп ойлонуп көрдүңүз беле? Алар жок болсо, эмне үчүн удаа-удаа алар тууралуу тасмалар жаралууда? Кызык, ээ?
Вампирлер бир сокку менен адамдын сөөк-саагын талкалап салышы мүмкүн. Жаалданса адамдын бир кашык канын калтырбай соруп салары турган кеп. Ошентсе да алардын үнү, баскан-турганы, жүрөктү тепчий тиктеген көз карашы, бийлегени, өпкөнү... баш айландыра өзүнө тартат. Кан соргучтугу менен катар аларды абдан сексуалдуу дебеске арга жок.
Биз кан соргучтар тууралуу тартылган тасмалар боюнча иликтөө жүргүзүп, эң сексуалдуу вампирлердин тизмесин түзүп көрдүк.

Роберт Паттинсон (Эдвард Каллен)
– учурда кинохитке айланган “Күүгүмдүн” башкы жылдызы. Тасмада Эдвард өзүн “дүйнөдөгү эң коркунучтуу монстр” деп атайт. Чынында, ал биз билген кан соргучтардын эң эле айкөлү жана камкору. Кубакай жүздүү Белласы менен гана убара, адам канынан баш тарткан, эч кимге зыяны жок вампир. Бирок аны жөнөкөй деп айтууга тил барбайт. Тарбиялуу, сулуу, күчтүү, таланттуу, атүгүл жүзүнөн эле эмес, бүткүл денесинен нур төгүлөт. Тасма сүйүү тууралуу таттуу кыялдардан чыга элек өспүрүмдөргө арналганына карабастан, Эдварддын сексуалдуулугун аялзаты тана албайт.

Брэд Питт (Луи)
Сексуалдуу кан соргучтардын тизмесине айтылуу Анжелина Жолинин жан шериги Брэд Питти киргизбей коюуга болбойт. Чын дүйнөдөн келген жан алгычтын, көз ирмебей аялын да өлтүрүп коё ала турган киллердин, ашынган кумарпоздун, деги койчу, далай ролду жараткан Брэд мырза бир тасмада өзгөчө сексуалдуу. “Ал кайсы тасма эле?” деп баш катырып жатасызбы? Ал – баарыбыз билген “Вампир менен маек” тасмасы. Брэд тасмада каардуу эмес, тескерисинче, адамдарды өлтүрүүдөн баш тарткан жентльмен кан соргучтун ролун жараткан.

Кейт Бекинсейл (Селин)
“Бөтөн дүйнө: Эволюция” тасмасын көргөн болсоңуз, мүчө келбетине куп жарашкан чыпыйган кара кийимчен, колунда дайым куралы бар Кейтти эстеп калган чыгарсыз. Анын үстүнө Селин азыктануу үчүн адамдарга аң уулаган вампирлерден эмес.

Том Круз (Лестат де Лионкур)
Негедир коркунучтуу, шумдук каармандар ар дайым сексуалдуу болушат. “Вампир менен маек” бир эле Брэд Питтин эмес, дагы бир таланттуу актёрдун буга чейин анча көрүнбөй, билинбей келген сапатын ачкан. Алсак, тасмадагы каардуу, коркунучтуу Лестаттын ролун ойноо менен Том Круз көптөгөн күйөрман топтой алган.

Стивен Мойер (Билл Комптон)
“Чыныгы кан” сериалын кубалап көргөндөрдүн көпчүлүгү экрандан дал ушул Биллди издешери анык. Негизи, сырдуу, коркунучтуу дүйнөнүн өкүлдөрү мистикалык аурага чулганып турушат эмеспи. Балким, ушул нерсе аларды өзгөчө сексуалдуу көрсөтөр. Өлбөстөрдүн бири болгон Билл да бул сапаттан куру эмес.

Келлан Лутц (Эммет)
“Күүгүмдө” көңүлдүн баары Эдвардга бөлүнсө да, дагы бир табышмактуу каарман кыздарды өзүнө тартат. Ал – Эмметтин ролундагы актёр Келлан Лутц. Тасмада ал Розали сулуунун түгөйү экенине карабай далай кыз ушул кең далылуу, күчтүү, камкор, тамашакөй жигиттин (чынын айтканда, кан соргучтун) көрөр көзү болгусу келери анык.


Бир собол

“КҮҮГҮМДӨГҮ” БЕЛЛА ҮЧҮН ЖИГИТТЕРДИН КИМИСИН ТАНДААР ЭЛЕҢИЗ?
Эдварддыбы же Жейкобдубу?

Айжан Газиева,
ырчы:

– Бул тасманы толук көргөн эмесмин. Ошентсе да Эдвард менен Белланын өзгөчө ысык сүйүүсүнөн кабарым бар. Андыктан Белла Эдвард менен эле калса дейм. Эдварддын кан соргуч табиятына караганда сүйүүсү күчтүү болуп чыкты. Өзүнө эрки жетти. Аялзаты эркектен мына ушундай жалындаган, баарына кайыл болгон сүйүүнү күтөт эмеспи.

Самат Дөөлөтбаков,
ырчы:

– Тандоо мүмкүнчүлүгү бизге берилсеби?.. Мен Жейкобду сунуш кылар элем. Эдварддын сүйүүсү канчалык күчтүү болбосун, ал муздак. Суук вампирге караганда адамзатына ысык кандуу, от-жалындуу Жейкоб көбүрөөк жакын.

Жоомарт Сапарбаев,
“Ата Мекен” партиясынын жаштар канатынын лидери:
– Жейкобду го дейм. Тиги, ким эле?.. Эдвард апаппак, купкуу болуп эркекке да окшошпойт. Жейкоб туура айтат, эгер Белла аны тандаса, жашоосун түп тамырынан өзгөртүү зарылчылыгы келип чыкпайт. Апасынан, атасынан да айрылбайт. Карышкыр-жигит Белланы Эдвард сыяктуу эле бардык коркунуч-кыйынчылыктардан куткара алат. А вампир Белланы жылыта да албай жатпайбы!

Эрмек Нурбаев,
алпаруучу:
– “Күүгүмдү” көрүп отуруп уктап калгам. Андыктан кимисин кайсы сапаты үчүн тандоо керектигин айта албайм.

Жамиля,
“Супер сулуу” сынагынын 2009-жылдагы жеңүүчүсү:
– Эдвардды сунуш кылмакмын. Мага ушул жигит көбүрөөк жагат. Биринчиден, анын жашы Белладан улуу, кандай коркунучтуу кырдаал болбосун аны сактайт. Ошондой эле Белланы сүйөт. Жейк боюнча айтсам, ал Белладан кичүү.

Омар,
ырчы:
– Албетте, Жейкобду танда демекмин. Белла аябай сулуу кыз го, а вампир... Сыртынан караганда деле Белла менен Жейкоб жакшы түгөй болушат. Анын үстүнө Жейк вампирге караганда адам, анын жылуулугу бар. Эдвард деле жакшы бала, бирок кебетеси анча эмес. Менин оюмча, ал Белланын теңи эмес .

Асема,
актриса:
– Беллага карышкыр-баланы сунуш кылар элем. Эмнеге экенин деле так айта албайм. Ал кызга абдан мээримдүү, жакшы кам көрөт, коргойт. Менин оюмча, ушул экөө жакшы түгөй болушмак.

Айбек Нурадилов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aelina
2010-09-10 23:11:18
Bella Edwardty suyot da i Edward menen kalat. Amerikada eldin baary 2 komandaga bolunup alishkan: "Jekob" komandasi anan "Edward" komandasi bolup. Kulkunuchtu birok men Edward komandasindamin. Jekob dele jakshi birok Edwardtin suyuusu abdan kuchtuu Ayjan Gaziyeva menen Superdin suluusu Jamilyanin aytkandarina koshulam!!!!!
0
meerime
2010-09-11 00:56:32
MEN DA EDVARD MENEN KALUUSUN KAALAIM ANTKANI EKOONUN SUIUUSU KUCHTUU..JEIKOP KANCHALYK YSSYK BOLBOSUN ANY BELLA SUIBOIT ..DEMEK SUIUU-YSSYK-SUUKKA KARABAIT!!!
0
Titi
2010-09-11 16:23:13
Эрмектин уктап калганы жакшы экен.
0
jikamuz
2010-09-14 09:34:48
эмметти аябай жактыпм
0
LadyJan
2010-09-14 20:53:42
Мага Эдвард гана жагат...
0
isavek
2010-09-15 10:51:44
Джейкоб гана
0
LadyJan
2010-09-15 20:44:48
Эдвард гана...
0
Expert
2010-09-18 14:57:42
Жейкоб татыктуураак болсо керек. Анын суйуусу кучтууроок, себеби, Белланын Эдвард менен болгон мамилесин билсе дагы, Белладан кол жуубай, дайыма аны коргоп келет, кызганычын дагы жене алат. А Эдвард - тируу олук.
0
konya
2010-10-05 12:06:57
Менимче Беллага Жейкоб туруктуу деп ойлойм
0
№ 410, 10-16-сентябрь, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан