«Чоңдорду сынап түтөттүң, Элмир,
Чындыкты дайым күзөттүң, Элмир,
Жоготом кантип мен эми сени?
Жолукчу кезди күтөмүн, Элмир».
Акын акыркы ырын ушинтип жазган. Досу Элмирбек Иманалиевдин көзү өткөнүнө 9 күн болгондо өзү да бул дүйнөдөн узап кетти. 43 жашында дүйнө салган Зайырбек Ажыматовду кесиптештери эскеришет.
АКЫН ТУУРАЛУУ:
Акын жана журналист Зайырбек Ажыматов 43 жашында каза болду. Ал бир айдан кийин 44кө чыкмак. Акын 1976-жылы 27-майда Аксы районунун Ак-Жол айылында төрөлгөн. 1993-жылы айылдык орто мектепти, 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. "Жалгыздык" (1996-жыл), "Мелмил" (2005-жыл), "Нөлү көп жылдар" (2011-жыл) аталышындагы ыр жыйнактарынын автору. Журналистикадагы эмгек жолун 1998-жылы "Асаба" гезитинен баштап, "Кыргыз Туусу", "Бишкек таймс" гезиттеринде, КТРКнын радио тармагында, "Жаңы Агым" гезитинде иштеп, акыркы жылдары "Азаттык" үналгысында эмгектенип жаткан.
Шайлообек Дүйшеев, акын:
«ТҮНҮ МЕНЕН ТАБИЯТ ДА ШОЛОКТОП АКЫНДЫ ЖОКТОП ТУРДУ»
– Зайырбекти мен бала кезинен бери билем. Акындар бирин-бири адегенде алыстан таанышат. Мен да Зайырбекти жаш кезинде ырлары аркылуу тааныдым. Кийин кесиптеш болуп калдык. Мен өмүр бою гезитте иштедим, "Агым" гезитинде Зайырбек да иштечү эле. Кийин мен "Азаттыкка" кетип, ал гезитте калды. Гезит жабылганда ал да радиого келди. Аябай жакшы жигит эле. Өз ишин так билген мыкты журналист болчу. Үй-бүлөсүнө аябай аяр мамиле жасачу, ата катары да өзгөчө эле. Убагында кыйынчылыкты көп көрдү. Негизи эле кыйналбаган чыгармачыл инсандар жок го. Сырттан жаркырап, жылтырап эл көзүндө жүргөнү менен, өздөрү гана билген айлампасы, бугу болот. Акыркы китебине «баш сөз жазып бериңиз» дегенинен жазып бергем. Жакында эле Элмирбек өтүп кетпедиби, экөө жакшы дос эле. Улуу адамдар дүйнөдөн көчкөндө жалгыз кетпей, бирөөнү ала кетет деген да кеп бар. Эч ким түшүндүрүп бере албаган табияттын бир сыры болушу мүмкүн. Көрдүңбү, түндө жамгыр шолоктоп токтобой, төгүп турду, кыргыз эли гана эмес, табият да жоктоп турду.
Ооруп жүргөнүн деле көргөн эмесмин, бөйрөк оорусу бар деп уккам. Мүнөзү токтоо эле, чарт-чурт мүнөзү жок болчу. Бирок ырларынан ошондой көрүнчү. Акындын табияты морт, назик болот. Бир нерсеге бат сынып калат. Зайырбек да ушундай болчу. Анын үстүнө жаштайынан жетим калды, кыйынчылыкты көп көрдү. Эми баарын жеңип мыкты акын, жакшы ата болуп, баралына келип турганда өтүп кетти. Акыркы жылдары жалаң жаштар капыстан кетип жатышат. Гүлзат Батырканова, Гүлбү Орозкул кызы, Элмира Кайып кызы удаа кетип, андан кийин Эрнис Асек уулу, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматов биринин артынан бири кетти. Ушулардын баары 40 жаштардын айланасында эле. Толуп турган учурунда кетишти. Мен үчүн ушул арман. «Коронавирус учурунда ушундай мыктылардан айрылдык» деп эстейт окшойбуз. Эмне дейбиз, ажал улук экен.
Алтынай Нарбаева, ырчы:
«ЖАРТЫ КАЙЫКТА ЗАЙЫРБЕКТИН БАЛАЛЫК ӨКСҮГҮН БАЯНДАГАН»
– Кечээ иштеп жүрүп бул суук кабарды уктум. «Жалган болсо экен» деп ичимден жалынып турсам, тилекке каршы, кыргыздын дагы бир мыкты уулу өтүп кетиптир. Зайырбек менен 2-3 жолу эфирде кезигип калганым болбосо, жакын эмес элек. Бирок жан дүйнөнүн жакындыгы бар эле. Мен анын ырларын издеп кубалап жүрүп окучу элем. Жан дүйнөнүн кыйкырыгын, тагдырды, эмоцияларды укмуштай кооз кылып жеткирип бере алган нагыз акын эле. Анын "Жарты кайыгы" мага да ийгилик алып келген ырлардан болду.
Зайырбектин тагдыры кичинесинен эле чаташкан тагдыр болгон экен. Ошондой абалда да талантын өстүрүп чыкканын кара. Кичинесинен таенесинин колунда чоңойгон экен. Атасы жаш боюнча дүйнөдөн көчкөндө 3 баласын энесине таштап, апасы турмуш курганга аргасыз болот. «Кой кайтарганы барган мен үчүн майрам эле. Мен теңдүүлөр ойноп-жыргаганы барса, мен алысыраак бак-шакты аралап барып, «апа-а» деп кыйкырып ыйлап алганы барчумун. Ошентип алып жеңилденип келгенимди эч ким билчү эмес» деп айтып берген эле. «Жарты кайык» ошо бала кезиндеги өксүгү тура. Башкага турмушка чыкса да жүрөгү мүнөт сайын сыздаган эне жарты, атасы жок, энесин сагынган балдар жарты деген мааниде жазылыптыр. Жаш болсо, турмуш жолун улантышы керек болгон апасына алгач таарынган менен, кийин түшүнүп, аяп калганын ыры менен жазган жерлери бар. Бул ырды менден биринчи Саламат Сабирова деген ырчы сиңдим ырдап, клип тарттырган. Анын аткаруусунда элге жагып, сиңип калганда мен ырдадым. Обонун чыгарган Түмөнбай Колдошовго ырдагым келип жатканын айтсам, "ырдаңыз" деди. Ырдап чыккандан кийин "Жарты кайык" ошол жылы музыкалык хит-парадда биринчиликти берген жок. Көптөгөн сыйлыктарды, «Жылдын мыкты ыры» номинацияларын алдым. Адамдын төгөрөгү төп болуп турса да, бир жалгыздыгы болот. Мен да жан дүйнөмдүн жалгыздыгын ушу ыр менен бердим десем болот. Ушу ырда жашап калганым үчүн бактылуумун.
Элмирбек өтүп кеткенде көзүмдүн жашы тыйылбай, ага арналган ырларды окуп жаттым. Зайырбектин ырын окуганымда «артыңдан барам» дегендей маанини туюп, «эмнеге минтип жазды?» деп кыжалат болгонсуп калгам. Оюбуз жыйнала электе минтип өзү кетип калды. Жаш кетти. Адам канча жашаганы эмес, кандай жашаганы маанилүү окшобойбу. Өзүнө ырларынан өлбөс эстелик тургузуп кетти. Бейишин берсин!
Айгерим Акылбекова, кесиптеши:
«ЗАЙЫРБЕК БАЙКЕ ӨЗГӨЧӨ АТА ЭЛЕ»
– Зайырбек Ажыматов экөөбүз «Азаттыкка» удаа эле келген экенбиз. 6 жылдай болуп калды. Адамгерчиликтүү, жөнөкөй, элпек, жан дүйнөсү башкача адам эле. Ал адабий, маданий бөлүмдө иш алып барчу. Журналисттерден өзгөчөлүгү – материалдарына акындын жан дүйнөсү менен карап, кастарлап, кооздоп, сонун кылып берчү. Үнү да келишип калчу. Андагы мен суктанган сапаты – балдарына жасаган мамилеси эле. Өзгөчө ата болчу. Кичүү кызы Карлыгач биздин көз алдыбызда чоңойгондой болду. Басканын, сүйлөгөнүн, мүнөзүн айтып берчү. Балдарынын ийгилигин биз биринчи укчу элек. Уулу аскерге кеткенин, кызы тил үйрөнүп жатканын, ыр окуганын айтып берчү. Артында 4 баласы калды, эки уул, эки кыз. Кыздарына мамилеси башкача болчу. Алардан ата менен кыздын өзгөчө бир дүйнөсүн көрчү элем.
Досу Элмирбек Иманалиев каза болгондо аябай жаман болду. Маданий материалдарды ал жасагандыктан, алгач «Зайырбек байке жасайт» деген сөз болгон. Бирок ал «жасай албайм» деди. Ошондон эле анын дүйнөгө батпай, туталанып, кайгырып турганын көрдүк. Көбү эле «досунун аркасынан кетти» деп жатышат. Алардын мамилеси достуктун үлгүсү болуп калса керек. Зайырбек байкенин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө, досунун жанына коюлат деп айтылууда.
Зайырбек Ажыматов:
«ЖАЛГЫЗДЫК – БАЛА КЕЗДЕН ЖҮРӨГҮМӨ ЧӨГӨРҮЛГӨН КАРА ТАК»
Акын «Супер-Инфо» гезитине «Жарты кайык» ырынынын тарыхы тууралуу буларды айтып берген эле:
– Негизи эле жалгыздык сезими мага бала кезден жүрөгүмө чөгөрүлгөн кара так. Атам 4кө чыкканымда каза болуп, 6га чыкканымда апам башкага турмушка чыгып кетти. Бала кезинен мээримге, жылуулукка зар болуп өскөн балдар өмүр бою мага окшоп тойбой калган сезимдерди издеп, эңсеп жүрүп өтөт экен. Апам атамдын көзү өткөндөн кийин биз үчүн аска-тообуз, ишенгенибиз, жалгыз таянганыбыз эле. Ошентип мен таенемдин колунда калдым. Таенем сонун киши эле, мага да мыкты тарбия берди. Бирок энеге болгон кусалык, энеге болгон сагыныч тарабайт экен. Апамдын өзүн гана эмес, апа деп айткан сөздүн өзүн да сагынгам. Токойдо, талаада мал кайтарып жүргөндө тегерегимди карап эч ким жок экенин билгенден кийин «апа, апоу» деп ар түрдүүчө кыйкырып алчумун. Анан кадимкидей сагынычым тарачу.
Апам азыр бар, Кудайга шүгүр. Жеке жашоомдо баары жакшы, бирок бала кездеги өксүк, ата-энеме болгон кусалык жүрөккө чогулуп, башка бирөөлөрдөн күтө берет экен. Ата-эненин мээримин көрбөй өсүп жаткан балдарды жакшы түшүнөм, алар түбөлүк өксүктө калышат. Ырда так ошол маанай жалпылаштырылган. Мени курчап турган адамдардын бири капа кылып, ушул ырды жаздым эле десем калп айткан болом. Маселе өзүмдүн орду толгус аңгыраган армандуу дүйнөмдө. Кийинчерээк ыр интернетке жарыялангандан кийин обончу Түмөнбай Колдошовдун назары түшүп, анын суранычы менен бир аз обонго ылайыктуу кылып оңдогом.
ЖАРТЫ КАЙЫК
Сөзү: Зайырбек Ажыматовдуку
Обону: Түмөнбай Колдошовдуку
Оо, турмуш, мыйзамыңа каныктырдың,
Жолумду жабык кылдың, жарык кылдың.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн?
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Аттиң, ай, көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптым, бирок, аттиң,
Көксөгөн жылуулукту таба албадым.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Карытып пайдасы жок ай, жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык,
Баратам турмуш жүгүн артып алып.
Акын Зайырбек Ажыматов досу Элмирбек Иманалиев
каза болгондо төмөнкү ыр саптарын жазган эле:
Көздөдүң ажал куу жолду, Элмир,
Кыргызың жоктоп чуу болду, Элмир.
Жарылып жаным, өрттөнүп ичим,
Жаздыгым көлдөп суу болду, Элмир.
Ааламдан келген сыр элең, Элмир,
Агылып турган ыр элең, Элмир.
Акылгөй сендей көрбөгөм такыр,
Адамдын сырттан нуру элең, Элмир.
Ак таңды дайым сүйчү элең, Элмир,
Ак тилек айтып жүрчү элең, Элмир.
Ак таңың атты, сен кайда кеттиң?
Арманым болдуң бүтпөгөн, Элмир.
Кудайдан келген бала элең, Элмир,
Көлкүгөн асылзаада элең, Элмир.
Даанышман сендей көрбөгөм такыр,
Данектей кезден даана элең, Элмир.
Чоңдорду сындап түтөдүң, Элмир,
Чындыкты дайым күзөдүң, Элмир.
Жоготом кантип мен эми сени?
Жолукчу кезди күтөмүн, Элмир...
Ал эми 2013-жылы «Супер-Инфо» гезити 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамынын урматына карата жарыялаган «Аялзат – аалам ажары!» аталышындагы сынагында Зайырбек Ажыматов төмөнкү ырлары менен жеңүүчү болгон эле.
ЭНЕЛЕРГЕ ТААЗИМ
Бала үчүн чыркырап жаны дайын,
Бала үчүн арналган баары дайым.
Кантип сыят зор түйшүк жүрөгүңө,
Кагылайын, апалар, кагылайын?!
Жок эч нерсе сиздерге теңегенге,
Жок таамай сөз баалоочу энелерге.
Аздык кылат салмагы Ай, Күн, Жердин
Апалардын эмгегин ченегенге.
Үмүттөр көп өмүрдө акталбаган,
Үшкүрүктөр көңүлдө катмарлаган.
Энелер, ай, антсе да мээрим төгүп,
Эссиз уулун бапестеп, кастарлаган.
Апалар, ай, ак дилин ката албаган,
Апа деген – асылдык катарлаган.
Мен эле эмес, менсинген далай акын,
Мээримиңди сөз таап жаза албаган.
Ар учурда ырыс-кут жандаганың,
Айланышат асылга кармаганың.
Ак дилимден силерге таазим этем,
Айланайын, апалар, айланайын.
МЕЛМИЛ
Бир сулууга жолуктум Мелмил деген,
Сулуулукка, мээримге мелмилдеген.
Эриниме төшөлүп эриндери,
От ичкенди үйрөндүм эрдим менен.
Жаңырууда бардыгы, жаңырууда,
Жалын, оттор денемде агылууда.
Катаал күндөр какшытып катып калган,
Каным ташыйт дүркүрөп тамырымда.
Сенсиз мокоп, жашоодон сууп келдим,
Сүйүү, сүйүү – туткасы улук жердин.
Согуп жүрөк демиңден демиктирген,
Соолуп жаткан жеримден туруп келдим.
Башым тийип Күн, Айга тура калсам,
Аңкайышат аскалар улагамдан.
Мен өзүмдү эң бийик сезип турам,
Корком, корком, эх, андан кулагандан.
Мелмил, Мелмил, Мелмилим, мелмилдеген,
Мээрим бердиң, күч бердиң мен билбеген.
Кайнап турса канымда улуу сүйүү,
Кармашууга даярмын мезгил менен.
ДОСКО КАТ
Салам, дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып...
Эх, досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр окуп, анан досчо сөгүшкөнгө…
Эх, досум,
Өмүр деген аргымакпы?
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты.
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту сактай албай.
Эх, досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды айыкпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир, анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай ичпей калдым,
Мас болуп милицияга түшпөй калдым…
Салам, дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…
«Супер-Инфо» гезитинин эмгек жамааты 43 жашында мезгилсиз дүйнө салган акын Зайырбек Ажыматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
Нуржамал Жийдебаева,
Динара Абдыкадырова
star@super.kg